Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЛИМ, ЖОГОРКУ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИНОВАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 4-марты № 131
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестринин 66-пунктуна ылайык, кошумча кесиптик билим берүү жаатында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандартын бекитүү жөнүндө
Кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө» токтомунун 1-пунктуна жана 2-пунктунун 1-бөлүгүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилүүчү айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмегинин 2-пунктунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 «Мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестринин (мындан ары — Бирдиктүү реестр) 66-пунктуна ылайык, кошумча кесиптик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тиркелген стандарты бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдарга жана алардын карамагындагы мекемелерге, Бирдиктүү реестрдин 66-пунктуна ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучуларга:
– ушул буйруктун 1-пункту менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын жетекчиликке алуу жана сактоо;
– мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарттарын өздөрүнүн расмий веб-сайттарына жана маалыматтык такталарына жайгаштыруу милдеттендирилсин.
3. Пресс-катчыга (А.А. Асанбаева) ушул буйрукту «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Илим, Жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин расмий веб-сайтында жарыялоону камсыз кылсын.
4. Бухгалтердик эсеп бөлүмүнө (Р.К. Асаналиева) ушул буйрукту жана ага тиркемени «Эркин-Тоо» газетасына жарыялоо менен байланышкан чыгымдарды төлөөнү камсыз кылсын.
5. Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгына:
1) Расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүп, Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актылар мамлекеттик реестрине киргизилишин камсыз кылсын;
2) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч иш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
3) ушул буйрукту түзүмдүк жана ведомстволук мекемелердин жетекчилерине, ошондой эле Бирдиктүү реестрдин 66-пунктуна ылайык мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик органдарына, алардын ведомстволук мекемелерине маалымат иретинде жеткирилсин.
5. Бул буйруктун аткарылышына болгон көзөмөл Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 18 (3778) саны менен жарыяланды.
Министрдин биринчи орун басары |
| Г.Дж. Мамырова |
| Тиркеме 1 |
| ||
1 | Кызматтын аталышы, ошондой эле аны көрсөтүү процессинде аткаруучу тарабынан жүргүзүлүүчү аракеттердин кыскача сүрөттөлүшү. | Кошумча кесиптик билим берүү – Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 1-бөлүмү, 66-пункту |
2 | Мамлекеттик органдын (мекеменин), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын (муниципалдык мекеменин) толук аталышы | Кошумча кесиптик билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү билим берүү уюмдары (мындан ары – билим берүү уюмдары). Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын тизмеси, алардын байланыш маалыматтары жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты ыйгарым укуктуу органдын маалымат такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат: - билим берүү жаатында, илим жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө жана сапатына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү; - мектепке чейинки жана жалпы билим берүү чөйрөсүндө; - макроэкономикалык, соода, монополияга каршы, бажы-тарифтик, лицензиялык жана тышкы экономикалык саясат чөйрөсүндө; - мамлекеттик финанстарды башкаруу жаатында; - айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климат, геология жана жер казынасын пайдалануу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана коргоо чөйрөлөрүндө; - жеке мүнөздөгү маалыматтар, киберкоопсуздук жана жеке маалымат субъекттеринин укуктарын коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндө; - бажы иши чөйрөсүндө; - расмий статистика жаатында; ошондой эле алардын аймактык бөлүмдөрүндө жана билим берүү уюмдарында. |
3 | Мамлекеттик кызматтын алуучулары | Мамлекеттик кызматтын алуучулары. 18 жашка толгон, жынысына карабастан, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да кирген, кошумча билим берүү программасынын деңгээлине жараша кесиптик билими бар, аракетке жөндөмдүү жеке жактар. |
4 | Мамлекеттик кызматты алуунун укуктук негиздери: | • Кыргыз Республикасынын Конституциясы; • Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы; • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдору; • 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 «Жогорку жана орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө»; • Кыргыз Республикасынын «Кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; • Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамы; • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө» Мыйзамы; • Кыргыз Республикасынын «Кооптуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө» Мыйзамы; • Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси; • Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси; • Кыргыз Республикасынын «Расмий статистика жөнүндө» Мыйзамы. |
5 | Көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтын акыркы жыйынтыгы | Тиешелүү кошумча кесиптик билим берүү программасын ийгиликтүү өздөштүрүп, жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн окуучуларга кошумча кесиптик билим берүү жөнүндө документ (сертификат, күбөлүк) берилет. |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарттары | Кызмат төмөнкү шарттарда көрсөтүлөт: – Кыргыз Республикасынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулук жана өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген жайларда, анын ичинде: • ар бир даярдоо багыты боюнча талаптарга ылайык жабдылган жана камсыздалган окуу аудиториялары, лабораториялар; • компьютердик техника жана жабдуулардын, анын ичинде лабораториялык техниканын, окутуунун техникалык каражаттарынын, материалдардын, шаймандардын болушу; • жабдылган китепкананын болушу; • окуу планы, бардык дисциплиналар боюнча программалар, анын ичинде өндүрүштүк практика программалары, экзамендик материалдар, ар бир даярдоо багыты боюнча окуу жана усулдук колдонмолор камтылган окуу-пландоо документтеринин топтомунун болушу; • билим берүү уюмдарынын педагогикалык кадрлар менен камсыздалышы жана алардын квалификациялык талаптарга ылайык келиши; – жарандардын имаратка жана санитардык-гигиеналык жайларга (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүүсү камсыздалганда, анын ичинде көрүү жана угуу мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ошондой эле таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (мындан ары – ДМЧА) үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган имараттар жана жайлар болгондо. Жайларда күтүү үчүн орундар, дааратканалар (аймактарда борбордук суу түтүгүнө жана канализацияга туташуу мүмкүн болбогон учурда – тышкы даараткана), жылытуу, суу түтүгү, телефон каралууга тийиш. Жеңилдик берилген жарандар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, тыл эмгекчилери жана аларга теңештирилген адамдар, ДМЧА, кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленет же имаратка көтөрүлө албаган учурда кызматкер алардын жанына түшүп, арызын кабыл алат. – Алдын ала жазылуу боюнча же жандуу кезек тартибинде. Кызмат көрсөтүлгөн жерде келгендер үчүн кызматты алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси жана арыздардын үлгүлөрү жайгаштырылат. |
7 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтү | Мамлекеттик кызматты алуу үчүн документтерди кабыл алуунун эң жогорку убактысы 60 мүнөттөн ашпоого тийиш. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн узактыгы окуу программасына ылайык аныкталат, бирок 72 академиялык сааттан кем болбоого тийиш. Мамлекеттик кызматтын жыйынтыгын берүү убактысы 30 мүнөттөн ашпоого тийиш. |
Мамлекеттик кызматты алуучуларды маалымдоо | ||
8 | Кызмат алуучуга көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө (зарыл маалыматтардын тизмеси), ошондой эле кызматты стандартташтырууга жооптуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тууралуу маалымат берилет | Мамлекеттик кызмат жөнүндө маалыматты төмөнкү жерлерден алууга болот: – билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, башкарууну ишке ашырган жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапатына мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасынан; – билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, башкарууну ишке ашырган жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапатына мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтынан, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана билим берүү уюмдарынын сайттарынан; – билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, башкарууну ишке ашырган жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапатына мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана билим берүү уюмдарына жеке кайрылуу аркылуу; – билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, башкарууну ишке ашырган жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапатына мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын аймактык бөлүмдөрүнүн жана билим берүү уюмдарынын маалымат такталарынан, брошюраларынан жана буклеттеринен. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда, анын аймактык бөлүмдөрүндө жана билим берүү уюмдарында жарандарды кабыл алуу кайрылган күнү жүргүзүлөт. Маалымат мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. |
9 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө маалыматты жайылтуу ыкмалары (бардык мүмкүн болгон ыкмаларды мүнөздөө же санап көрсөтүү). | Көрсөтүлүп жаткан кызмат жөнүндө маалымат төмөнкү жолдор аркылуу таратылат: – билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана башкарууну ишке ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты, ошондой эле билим берүү уюмдарынын сайттары аркылуу; – маалымат такталары, брошюралар жана буклеттер аркылуу; – жеке кайрылуу жана телефон аркылуу байланышуу жолу менен; – билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн, башкарууну ишке ашырган жана билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү менен сапатына мамлекеттик көзөмөлдү камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын коомдук кабылдамасы аркылуу. Даректер, телефон номерлери жана иш тартиби мамлекеттик кызматтын стандарты менен бирге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымат тактасында жана расмий сайтында, ошондой эле билим берүү уюмдарынын маалымат такталарында жана сайттарында жайгаштырылат. |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана тейлөө | ||
10 | Келүүчүлөр менен баарлашуу | Ушул стандарттын 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда жана билим берүү уюмдарында кызмат көрсөтүүгө катышкан кызматкерлердин кабинеттеринин эшиктерине маалыматтык тактайчалар илинет. Калк менен иштеген бардык кызматкерлерде фамилиясы, аты-жөнү жана ээлеген кызматы көрсөтүлгөн жекелештирилген тактайчалар (бейдждер) болот. Келүүчүлөр менен баарлашууда кызматкерлер төмөнкү негизги этикалык принциптерди сактоого тийиш: сылык, кайрымдуу, туура, сабырдуу жана принципиалдуу болуу; маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу; маектешин угуп, анын позициясын түшүнө билүү; кабыл алынган чечимдерди негиздеп берүү. Бардык кызматкерлер кызматтык нускамаларды (функционалдык милдеттерди) жана кесиптик-этикалык нормаларды сактоого милдеттүү. Бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга жол бербөөнү, жарандарга карата этикалык нормаларды сактоону, көз карандысыздыкты жана объективдүүлүктү камсыз кылууну, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоону камтыйт. Медициналык жана социалдык көрсөткүчтөрү боюнча өзгөчө муктаждыгы бар адамдарга (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, улгайган пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери, кош бойлуу аялдар) кызмат көрсөтүү жана баарлашуу алар үчүн түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада жүргүзүлөт. |
11 | Купуялуулукту камсыз кылуу ыкмалары | Арыз берүүчү жана ага көрсөтүлгөн кызмат тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча гана берилет |
12 | Мамлекеттик кызматты алуучу тарабынан талап кылынуучу зарыл документтердин жана/же аракеттердин тизмеси | Билим берүү уюмуна кабыл алуу жөнүндө арыз берген учурда кызмат алуучу төмөнкү документтерди көрсөтөт:
Сертификат же күбөлүк алуу үчүн төмөнкү документти көрсөтүү зарыл:
Кызмат көрсөтүүчү белгиленген тартипте «Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу арыз берүүчү тууралуу маалыматты башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алууга укуктуу |
13 | Акы төлөнүүчү мамлекеттик кызматтын наркы | Мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт. Кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн өлчөмү 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 55-беренесинин негизинде билим берүү уюмунун жетекчиси тарабынан бекитилет. Кызматтын наркы баалардын прейскурантында көрсөтүлөт, ал ушул стандарттын 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын жана билим берүү уюмдарынын маалыматтык такталарында жана расмий сайттарында жайгаштырылат |
14 | Мамлекеттик кызматтын сапат параметрлери | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөнкү критерийлер боюнча аныкталат: – көрсөтүлүүчү кызматтын стандартына ылайык белгиленген шарттарга жана мөөнөттөргө ылайык ишенимдүүлүк жана өз убагында көрсөтүлүшү; – жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этникалык таандыктыгына, дин тутуусуна, жаш курагына, саясий жана башка ишенимдерине, билимине, теги же мүлктүк абалына, ошондой эле башка жагдайларга карата басмырлоого жол берилбеши; – жеткиликтүүлүк; – кызмат көрсөтүү шарттарынын ушул стандартта белгиленген талаптарга ылайык келиши: имаратка кирүү мүмкүнчүлүгү, коммуналдык-тиричилик шарттарынын болушу, жарандар үчүн ыңгайлуу кабыл алуу графиги, маалыматтык колдоонун (басма жана электрондук форматта) болушу жана жеткиликтүүлүгү; – мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө кызматкерлердин сылык-сыпаа жана туура мамилеси, кызмат көрсөтүүнүн бардык баскычтарында консультация берүү; – кыркы жыйынтыктын (алынган кызматтын) арыз берүүчүнүн күтүүсүнө ылайык келиши; – жарандардын арыз-даттануулары жана сунуштары үчүн китептин жеткиликтүү жерде болушу |
15 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты көрсөтүү ыкмалары, аны электрондук форматта көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү | Мамлекеттик кызматты электрондук форматта жарым-жартылай же толугу менен көрсөтүү каралган (сабактардын жадыбалы, электрондук окуу ресурстарына жетүү, аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен окутуу жүргүзүү, билимди текшерүү ж.б.). Мамлекеттик кызматты алуу боюнча электрондук форматта, ушул стандарттын 2-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын веб-сайттары жана Мамлекеттик электрондук кызматтар порталы аркылуу келип түшкөн арыздар боюнча чечимдер административдик регламентте белгиленген тартипте кабыл алынып, келип түшкөн күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде арыз берүүчүнүн маалыматына жеткирилүүгө тийиш |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу жана даттануу тартиби | ||
16 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу | Мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуудан баш тартуунун негиздеринин тизмеси: кызмат алуу үчүн кайрылган адамдын аны алууга укугунун жоктугу же башка адамдын атынан аракеттенүүгө ыйгарым укугунун жоктугу; – документтердин белгиленген талаптарга ылайык келбеши; – берилген документтерде чындыкка дал келбеген маалыматтардын болушу; – кызмат алууга кайрылган адамдын белгиленген талаптарга ылайык келбеши, тиешелүү органдын корутундусу менен ырасталган. |
17 | Даттануунун тартиби | Кызмат талаптагыдай көрсөтүлбөгөн учурда арыз ээси ушул стандарттын 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилигине оозеки же жазуу түрүндө даттанууга укуктуу. Жазуу жүзүндөгү кайрылууну кароо жана арыз ээсине жооп жөнөтүү мөөнөтү ал катталган күндөн тартып 14 күндөн ашпоого тийиш. Даттануу боюнча кабыл алынган чечим арыз ээсин канааттандырбаса, ал ушул стандарттын 2-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын чечимине даттанууга укуктуу |
18 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо мөөнөтү | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты үч жылда бирден кем эмес жолу кайра каралат. |