Редакцияот 28.05.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

БАЛЫКЧЫ   ШААРДЫК   КЕҢЕШИНИН

XXIХ  ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН    

 ХХIII–СЕССИЯСЫ

  

2026-жылдын 19-май айы №112

 

Мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке

кабыл алуу жөнүндө

 

Балыкчы шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 28-апрелиндеги №01-13/1684 кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, шаардык кенештин алдындагы муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча депутаттык комиссиянын сунушун карап, талкуулап, Балыкчы шаардык кенешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Балыкчы шаарынын кире беришине “Кыргыз айылы” этнос комплекс куруу долбоорлорун ишке ашыруу максатында, карантиндик фитосанитардык лабораторияны Кара-Талаа участогундагы №53 контурундагы токой жерлери жалпы аянты 0,40 га жер тилкесин мамлекеттик менчик жер тилкесин Балыкчы шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга  макулдук берилсин.

 

  1. Балыкчы шаарынын мэриясына:

-аталган обьектини муниципалдык менчикке өткөрүп алууга карата укук белгилөөчү иш кагаздарын даярдап каттоодо мыйзам талаптарына ылайык иш жүргүзүү тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-  сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.

 

  1. Мамлекеттик тилде  кабыл алынган  тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, курулуш, архитектура, коммуналдык чарба, өнөр-жай, транспорт жана ишкерликти өнүктүрүү  маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                              Д.Ж.Аманалиев____