КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
29 апрель 2026 ж. №29-21/1
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-апрелиндеги №293 тескемеси менен бѳлʏнгѳн максаттуу трансфертти жергиликтʏʏ бюджетке кириштѳѳ жана 2026-жылга Каракол шаарынын тиешелʏʏ мекемелерине бекитʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэрии Т.О.Имановдун, 2026-жылдын 27-апрелиндеги №01-17-2148 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2026-жылдын 27-апрелиндеги №293 тескемеси менен республикалык бюджеттен бѳлʏнгѳн максаттуу трансферттерди жергиликтʏʏ бюджетке кириштѳѳ жана Каракол шаарынын тиешелʏʏ муниципалдык мекемелерине бекитип берʏʏ жѳнʏндѳгʏ катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык кенешинин XXIXчакырылышынын кезексиз XXI сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы 2026-жылга, Каракол шаарынын жергиликтʏʏ бюджетинин чыгаша жана киреше бѳлʏктѳрʏнѳ, максаттуу трансферттерди 360 900 000 (ʏч жʏз алтымыш миллион тогуз жʏз миң) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты кириштелсин.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, 2026-жылдын 27-апрелиндеги №293-тескемеси менен бѳлʏнгѳн акча каражатты, Каракол шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгына тѳмѳндѳгʏ долбоорлорду ишке ашыруу ʏчʏн бекитилсин:
- Каракол шаарынын суу тʏтʏктѳрʏн жана канализацияларын орнотуу ʏчʏн- 272 800 000 (эки жʏз жетимиш эки миллион сегиз жʏз миң) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;
-Жылуулук менен жабдуу системасын модернизациялоо жана муниципалдык ишканалардын натыйжалуулугун жогорулатуу ʏчʏн-88 100 000 (сексен сегиз миллион жʏз миң) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаты;
- Каракол шаарынын мэриясы, келип тʏшкѳн акча каражаттарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык ѳздѳштʏрсʏн жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
4. Бул токтом кол коюлгандан кийин кʏчʏнѳ кирет.
- Бул токтом «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнʏндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэринин орун басарына (Н.Т.Момбеков) жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу Санжар