Редакцияот 30.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

2024 жылдын 30-августу №44

Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу жана иштетүү эрежелерин (долбоордук код) бекитүү боюнча

2024-жылдын 29-августунда өткөн сессияда Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Болгонбаев Самат Таалайбековичтин Аламүдүн районунун аймагында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу жана иштетүү эрежелерин (долбоордук код) бекитүү боюнча сунушун карап чыгып жана талкуулап

 

Арашан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ кылат:

 

1. Арашан айыл аймагында Аламүдүн районунун аймагында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу жана иштетүү эрежелерин (долбоордук код) бекитилсин;

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Курманбаев А.Б