Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-майы № 338
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98
«Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл
чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги
жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу, Кыргыз Республикасында тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы жөнүндө жободо:
12-пунктта:
– 2-пунктчанын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– жер астындагы суулардын мониторинги, скважиналарды куруу, бургулоо, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча Бирдиктүү заказчынын функциясын аткарат;»;
– 6-пунктчанын тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– тамчылатып сугаруу системасын өнүктүрүү боюнча ишти камсыз кылат;»;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы «Ветеринардык дары каражаттары жана тоют кошулмалары борбору» мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Борбор) ишинин тартибин жөнгө салат. Борбор Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын (мындан ары –Кызмат) карамагында турат жана ветеринардык дары каражаттарын, тоюттарды жана тоют кошулмаларын, анын ичинде диагностикалык, дезинфекциялоочу, дезинсекциялык, дезакаризациялык каражаттарды (мындан ары – ветеринардык багыттагы каражаттар) жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырат.»;
8-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– ветеринардык дары каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын жүгүртүүнү жөнгө салуу;»;
9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– ветеринардык дары каражаттарын жана тоют кошулмаларын каттоо, сапатын баалоо жана мамлекеттик реестрин жүргүзүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;»;
10-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– ветеринардык дары каражаттарын, тоют кошулмаларын, ветеринардык багыттагы каражаттарды мамлекеттик каттоону, каттоону ырастоону, каттоо досьесине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, каттоо күбөлүгүнүн колдонулушун токтотуп турууну, каттоо күбөлүгүн жокко чыгарууну, сапатын баалоону жана тоюттарды декларациялоону жүзөгө ашырат;»;
11-пунктта:
төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүчү ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин эсебин жүргүзөт;»;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
13-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын сапатын баалоо боюнча методдорду өркүндөтөт.»;
14-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«17. Борбордун директору:
– Борбордун ишине жалпы жетекчилик кылат жана Борборго жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чаралардын көрүлбөгөндүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– Борбордун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жана алардын адистеринин ортосунда функциялык милдеттерди бөлүштүрөт;
– Борбордун түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана Кызматка бекитүүгө берет;
– ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын каттоо күбөлүктөрүнө кол коёт;
– ветеринардык дары каражаттарынын жана тоют кошулмаларынын сапаты жөнүндө корутундуга кол коёт;
– Борбордун кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
– ыкчам башкарууга берилген мүлктүн сакталышы жана багыты боюнча колдонулушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;
– жүктөлгөн ыйгарым укуктарынын чегинде финансылык жана банк документтерине кол коюуга укуктуу;
– Борбордун кызматкерлерине карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
– Борбордун кызматкерлерин сыйлоо жөнүндө маселени чечет;
– Борбордун айырмаланган кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого сунуштарды Кызматка киргизет.»;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын алдындагы Арстанбек Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илимий-изилдөө институту жөнүндө жободо:
28-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу «Асыл тукум жылкы чарбасынын мамлекеттик холдинги» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
24-пункттун алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– мамлекеттик мекеменин түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгымдар сметасын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын cуу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрине бекитүүгө берет;».
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 19-майындагы № 36 (3796) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |