Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 30- августу №48
Жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши 2024-жылдын 29-августунда өткөн сессияда, Арашан айылдык кеңешинин төрагасы Курманбаев Алмаз Болотбековичтин сунушун жана “Acton” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлүн угуп жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Нарын 18а дарегинде жайгашкан аянты 0,40 га түзгөн жер тилкеси айылдын тургундарына сейл парк жана балдар ойной турган аянча үчүн бөлүнүп берилсин;
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б |