Загрузка документа…
Таш-дөбө айылдык кеңешинин
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 30-августу.№49
Жер тилкесинин суу кудугу (скважина) менен бирге Арашан айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
2024-жылдын 29-августунда өткөн сессияда, Арашан айылдык кеңешинин төрагасы Курманбаев Алмаз Болотбековичтин сунушун жана талкуулап
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын №414 контурунда жайгашкан аянты 0,20 га жер тилкеси, иштеп жаткан суу кудугу (скважина) менен бирге Арашан айыл өкмөтүнүн балансына бекилсин;
2. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы жана Чүй архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан бардык уруксат берүүчү документтери даярдалсын жана макулдашсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б |