Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын III кезексиз сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры №54
Бөлтөк тоосунан 20 гектар жер тилкесин “Ала-Арча” паркына өткөрүп берүү жөнүндө
2024-жылдын 6-майында өткөн жыйында, Арашан айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Болгонбаев Самат Таалайбековичтин сунушун угуп жана Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынан келип түшкөн катты карап чыгып жана талкуулап, Министрлер Кабинентинин 2023-жылдын 4-августундагы №454-тескемесин аткаруу алкагында Байтик Баатырдын ысымын түбөлүккө калтыруу, жагымдуу эколгиялык чөйрөнү колдоо максатында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабиненти жөнүндө Кыргыз Республикасынын конститтуциялык мыйзамынын 13-17-беренелерине ылайык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 23 беренесинин өсүмдүкдөр дүйнөсүнүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинентинин 2022-жылдын 7-октябрындагы 554 номуру менен токтому бекитилген микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратыш аймактарын түзүү жана алардын иштөө тартибине ылайык
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл аймагынына тийешелүү Бөлтөк тоосунан 20 гектар жер тилкесин “Ала-Арча” паркына микрокорук жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратыш аймактарын түзүү өткөрүп берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Б. Курманбаев |