Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 17-сентябры №56
Арашан айыл аймагынан жеке үй салуу үчүнжер тилкесинин аянтын чектөө жөнүндө
Арашан айылдык кеңеши 2024-жылдын 16-сентябрында өткөн сессияда, Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы Болгонбаев Самат Таалайбековичтин жана Арашан айылдык кеңешинин төрагасы Курманбаев Алмаз Болотбековичтин жана сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майында № 291 Токтому менен кабыл алынган “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүнгү” жобону негизинде
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майында № 291 Токтому менен кабыл алынган “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүнгү” жобо кабыл алынганга чейинки Арашан айыл өкмөтү тарабынан (мурунку Таш-Дөбө) берилген токтомдору, чечимдери менен Арашан айыл аймагынынан жеке үй салуу үчүн жер 8 сотоктон ашык тилкеси бөлүнүп берген болсо күчүндө калсын;
2. Арашан айыл аймагынынан жеке үй салуу үчүн жер тилкеси Арашан айыл өкмөтү тарабынан (мурунку Таш-Дөбө) берилген токтомдору, чечимдери жок болсо аянтын көлөмү 8 сотоктон ашык эмес бөлүнүп берилбесин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевгежүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б |