Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Кабыл алынган датасы
2026-жылдын 20-майы № 504-VIII
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын
2023–2025-жылдарга финансылык отчеттуулугуна аудит
жүргүзүү үчүн көз карандысыз аудиторду дайындоо жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 36-беренесине ылайык жана «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде жүргүзүлгөн конкурстун жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2023–2025-жылдарга финансылык отчеттуулугуна аудит жүргүзүү үчүн «Крестон Бишкек» жоопкерчилиги чектелген коому көз карандысыз аудитор болуп дайындалсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |