ТоктомКүчүндө

Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 24-февралындагы № 8 «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну ата-энелер тарабынан каржылоо жөнүндө» токтому

Редакция24.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 18- сессиясы

2026-жылдын 24-февралы № 8

 

Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну ата-энелер тарабынан каржылоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 сандуу билим берүү жөнүндө мыйзамынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу тиртибин бекитип берүү боюнча;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамактанууну уюштуруу ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) каражатынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

 

2. Жалпы мектепке чейинки билим берүү уюмдарында тамак ашына төлөмү бир балага күнүнө 68 сом өлчөмү менен бекитилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мураталиевага тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Э. Иманалиев