Загрузка документа…
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-сентябрь №62
Арашан айыл аймагынына тийешелүү жайытжерлерди баланска алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча баштаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде админисративдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.С. Джумагазиевдин “Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун шаарларыдын жана айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын жана токтомун аткаруу максатында
Арашан айылдык кеңеши
ТОКТОМ кылат:
1. Арашан айыл өкмөтү менен Арашан айыл аймагыннын жайыттар пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы жайыт жерлерин башкаруу тууралуу ыйгарым укуктарды берүү тууралуу келишим жокко чыгарылсын;
2. Арашан айыл өкмөтү менен (Мурунку Таш-Дөбө) Таш-Дөбө айыл аймагыннын жайыттар пайдалануучулар бирикмесинин ортосундагы жайыт жерлерин башкаруу тууралуу ыйгарым укуктарды берүү тууралуу түзүлгөн келишим жокко чыгарылсын;
3. Арашан айыл өкмөтү менен Жайытты пайдалануучулар бирикмесинин ортосунда жайыт жерлерин, жалпы аянты 9479 га, атайын техникалар, мүлктөр (жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга укугуна мамлекеттик актылар (бар болсо), жайыт инфраструктурасынын объекттери (чабан үйлөрү, кашарлар, мал айдап өтүүчү жолдор, көпүрөлөр, купкалар) кайра кайтарып алуу боюнча тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү тууралуу акты менен Арашан айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алсын;
4. “Арашан Биримдиги” муниципалдык ишканасына жайыттарды башкаруу жана пайдалануу өткөрүлүп берилсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Б.Курманбаев |