Загрузка документа…
ШЕКЕР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин II-чакырылышындагы депутаттарынын кезексиз № 19- сессиясы
2026-жылдын 6-марты № 10
Шекер айыл аймагынын “Тазалык” Муниципалдык ишкананын техникалары жана жайыт пайдалануучуларга кызматтарды көрсөтүүгө тарифтерди белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамыныны 34, 39-беренелерин жетекчилике алып, ошондой эле Шекер айыл аймагынын “Тазалык” Муниципалдык ишканасынын жетекчиси Н.Усекеевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шекер айыл аймагынын “Тазалык” Муниципалдык ишкананын техникалары жана жайыт пайдалануучуларга кызматтарды көрсөтүү тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бекитилген тарифтер Шекер айыл аймагына колдонууга киргизилсин.
3. Ушул токтом тиркемеси менен Шекер айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Талас облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Тазалык” муниципалдык ишкананын жетекчисине жана туруктуу комиссисына жүктөлсүн.
Төрага |
| К. Э. Иманалиев |
|
| Шекер айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 06-мартындагы №10 токтомунун №1 тиркеме |
1. Шекер айыл аймагындагы кум жана топурак алуучу карьерлерди баасын бекитип берүү жана башка топурак кум алуучуларга
1 кузов ГАЗ -53 учун 100 сом
1 кузов Камазка - 150 сом
1 кузов Хового - 300 сом.
2. Иштөөчү техникаларга иштегендиги үчүн
Катапуль 1 саатка 3500 сом
жүктөгөндүгү үчүн 1 Газ -53 – 200 сом
Камаз - 500 сом соляркасы ичинде, 600 сом эленгени
Хово - 900 сом.
Экскватор менен жер казкандыгы үчүн 1 метр – 80 сом
Жер айдоо 1 га 3600 сом солярка ичинде
Таш терүү 1 га 7000 солярка ичинде
Суюк дары себуу - 1 га 800 солярка ичинде
Камаз автомашинасы кум, топурак ташыгандыгы үчүн 1 кузов - 2000 сом соляркасы ичинде, 2300 сом эленгени
Жайыт жана башка максаттарга пайдалануучу жерлер боюнча
1. Көчүп конуу графигин бекитүү - Жакынкы жайытка 1-апрелден 15-июнга чейин.
Алыскы жайытка 15-июндан 1-октябрга чейин.
2. Жайытка билет албай, уруксаты жок жайытка чыккандыгы үчүн айып мал башына
1 койго - 50 сом
1 кара малга - 200 сом
1 жылкыга - 200 сом.
3. Жайыт акысын жана башка максаттарга пайдаланган жерлердин баасын бекитүү .
1 койго 20 сомдон
1 жылкыга 100 сомдон
1 уйга 100 сомдон
Жайыт жерди уруксаты жок айдагандыгы үчүн айып салуу.
Уруксаты жок айдаганга - 1га 5500 сом
4. Жайыт жерден башка максаттарга пайдалануу боюнча жеңил курулмалар куруунун баасын 0,10 соттыхка чейин 3000 сомдон бекитилсин.
5. Таштандыны уруксаты жок башка жерге таштагандыгы үчүн 5500 сом айып салуу.
6. Ар бир түтүн таштанды чыгарууга айына 50 сом өлчөмү менен бекитилсин.