Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 12-майы № 493
«Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк жана клиникалык трансфузиология боюнча Стандарттарды жана нускамаларды бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 12-январындагы № 14 «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 «Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө» токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-апрелиндеги № 223 «Кан жана анын компоненттеринин донорлоруна акчалай компенсацияларды берүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында, донордук кандын коопсуздугун камсыз кылуу, гемотрансфузиялык ырбоолорду алдын алуу, кан кызматы уюмдарынын жана бөлүмдөрүнүн ишин мындан ары жакшыртуу жана стандартташтыруу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:
-кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттар (1-тиркеме);
-донорду медициналык текшерүүнүн тартиби (2-тиркеме);
-донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарын белгилөө тутуму (3-тиркеме);
-донордон кан жана анын компоненттерин алуунун тартиби (4-тиркеме);
-Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жана анын айрым жерлеринде табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана башка өзгөчө жагдайлар болгон учурларда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу тартиби (5-тиркеме).
2. Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясаты башкармалыгы бул буйрукту катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде төмөнкүлөрдө жарыяласын:
-Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин веб-сайтында;
-ушул буйруктун көчүрмөсү расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
-буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн (маалымат үчүн).
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. 2018-жылдын 26-июлундагы №543 «Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк жана клиникалык трансфузиология боюнча Стандарттарды жана нускамаларды бекитүү жөнүндө» буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б. К. Кадыралиевге жүктөлсүн.
Министр |
| Д.А. Осмонов |