Загрузка документа…
ТАШ-ДОБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры №65/1
Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө»
Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевдин Арашан айыл аймагындагы социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана чечүү маселелери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 «Аламүдүн фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде, Арашан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Аламүдүн фондунун конкурстарына катышуу үчүн долбоорду бекитүү жана жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин:
•“Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Кыргызкая, Средняя көчөлөрүнө жарыктандырууну орнотуу” долбооруна 1 434 157 (Бир миллион төрт жүз отуз төрт миң бир жүз элүү жети) сом.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы Аламүдүн фондунан каржылануучу долбоордук табыштамалардын конкурсуна катышуу үчүн документтерди даярдасын жана жөнөтсүн жана аларды 2025-жылга бюджетти түзүүдө эске алсын;
3. Аламүдүн фонду тарабынан каржылануучу “Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Кыргызкая, Средняя көчөлөрүнө жарыктандырууну орнотуу” долбооруна табыштама бекитилсин;
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б |