Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКОМУ
Арашан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы
2024-жылдын 16-сентябры №66
“Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө,,
Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевдин Арашан айыл аймагынын аймагында социалдык чөйрөнү өнүктүрүү жана чечүү маселелери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 «Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону жана Долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу» токтомунун негизинде, Арашан айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга дем берүүчү үлүштүк гранттар боюнча конкурстарга катышуу үчүн долбоорду бекитүү жана жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүүгө уруксат берүү;
•Арашан айыл аймагынын Таш-Дөбө айылынын Байчечекей, Өзгөрүш жана Нарын көчөлөрүнө жарыктандырууну орнотууга 781 400 (жети жүз сексен бир миң төрт жүз) сом.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына дем берүүчү гранттарды алуу үчүн долбоордук табыштамалардын конкурсуна катышуу үчүн документтерди даярдоону жана жөнөтүүнү, ошондой эле 2025-жылга бюджетти түзүүдө аларды эске алууну тапшыруу;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арашан айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т. Болгонбаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Курманбаев А.Б. |