Загрузка документа…
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 351 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы (мындан ары – Ишкана) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууну уюштурууда мамлекеттин функциясын аткаруучу, Кыргыз Республикасында аэронавигациялык тейлөөнүн жеткирүүчүсү болуп саналат. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жактын статусуна ээ.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюштуруучу документи болуп Устав саналат. Ишкананы уюштуруучу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) саналат.
5. Ишкананын өзүнүн фирмалык аталышы бар:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы»;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргызаэронавигация» при Государственном агентстве гражданской авиации при Кабинете Министров Кыргызской Республики».
Кыскартылган аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргызаэронавигация» МИ;
– расмий тилде: ГП «Кыргызаэронавигация».
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принцибинде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
8. Ишкананын мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча өзүнө кепилчилик (кепилдик) алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Ишкананын пайдасынын бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкананын Ош филиалы бар, ал Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилген Ош филиалы жөнүндө жобонун негизинде иштейт жана Кыргыз Республикасы, 723506, Ош шаары, «Ош» эл аралык аэропорту дарегинде жайгашкан.
Ишкана өзүнүн филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн иштери үчүн толук жоопкерчилик тартат.
12. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, 720062, Бишкек шаары, «Манас» эл аралык аэропорту.
13. Ишкана аба кыймылын аэронавигациялык тейлөөнү ишке ашырат.
2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин мамлекеттин жана аба мейкиндигинин бардык пайдалануучуларынын кызыкчылыгында коопсуз, натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу.
15. Ишкананын негизги милдеттери ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу болуп саналат.
16. Ишкананын негизги функциялары:
– аба кыймылын тейлөө;
– аэронавигациялык маалыматтарды берүү;
– учууларды метеорологиялык камсыз кылуу;
– учууларды радиотехникалык камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен биргеликте аба мейкиндигинде тыюу салууларды жана чектөөлөрдү, Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу же учуу өндүрүшүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле аба мейкиндигин пайдалануучуларга ушул чектөөлөр жана тыюу салуулар тууралуу өз убагында маалымдоо;
– коргонуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга учуу өндүрүшүнүн белгиленген тартибин бузууларды алдын алууга көмөк көрсөтүү;
– Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу жана аба кыймылын тейлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын аскердик жана тийиштүү органдары менен өз ара аракеттенүү;
– жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды аткарууга катышуу;
– издөө-куткаруу кызматтарынын жардамына муктаж тийиштүү уюмдарга аба кемелери жөнүндө кабарлоо жана мындай уюмдарга зарыл болгон көмөк көрсөтүү;
– чектеш мамлекеттердин аба кыймылын тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдары менен авиациялык кырсыктарды жана жаңжалдарды, аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузууларды изилдөөгө катышуу;
– белгиленген чек аралардын чегинде аба мейкиндигинин түзүмүн жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана чектеш мамлекеттердин аскердик жана аба кыймылын тейлөөчү ыйгарым укуктуу органдары менен бул жаатта өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
– аба кыймылын тейлөө жаатындагы жана Ишкананын компетенциясына кирген башка жааттардагы ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды Мамлекеттик агенттикке киргизүү;
– аба мейкиндигин пайдалануу тартибин, ошондой эле аба кыймылын тейлөө, навигация, конуу жана байланыш каражаттарынын иштен чыгышын эсепке алуу;
– аба кыймылынын коопсуздук абалын жана аба мейкиндигин пайдалануу тартибин бузууларды талдоо, аба кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткарылышын уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандык авиация жаатындагы мамлекеттик органдарына мындай бузуулар тууралуу маалымат берүү;
– Кыргыз Республикасынын учуу коопсуздугун камсыздоо максатында аба кыймылын аэронавигациялык тейлөө системасынын талаптагыдай жана үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;
– Ишкананын функциялык ишин техникалык камсыздоо үчүн колдонулуучу радиотехникалык, радиолокациялык, радионавигациялык, метеорологиялык жабдууларды, электр байланышын жана башка жабдууларды эксплуатациялоо;
– Кыргыз Республикасынын аймактарындагы жана аэропортторундагы учууларды радиотехникалык камсыздоо каражаттарына жана метеорологиялык жабдууларга сыноолорду, тестирлөөлөрдү жана текшерүүнүн башка түрлөрүн жүргүзүүнү пландоо жана уюштуруу;
– аба кыймылын тейлөө каттамдарынын кыдырып учууларын, ошондой эле учууларды радиотехникалык камсыздоо каражаттарын учуп текшерүүнү пландоо, уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
– Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине жана башка ченемдик актыларына ылайык Ишкананын карамагындагы объекттерди жана жабдууларды эксплуатациялоонун ишенимдүүлүгүн, коопсуздугун камсыз кылуу;
– Ишкананын объекттерин, имараттарын жана курулмаларын долбоорлоо, оңдоо, реконструкциялоо, калыбына келтирүү жана эксплуатациялоо;
– объекттерди, имараттарды, курулмаларды жана технологиялык жабдууларды материалдык-техникалык камсыздоону уюштуруу;
– Ишкананын функцияларына ылайык ведомстволук байланышты камсыздоо боюнча функцияларды аткаруу;
– келишимдик негизде Ишкананын ведомстволук бөлүмү болбогон аба кыймылын тейлөөчү органдарга жана жарандык аэродромдордун метеокызматтарына, ошондой эле башка уюмдарга климаттык маалыматтарды берүү жана методикалык жетектөө;
– Ишкананын адистеринин квалификацияларын жогорулатуу, жекече окутуу, даярдоо жана кайра даярдоо;
– Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясында учууларды медициналык камсыздоо;
– келишимдик негизде Ишкананын кызматкерлерине, жарандык авиация уюмдарынын кызматкерлерине, кайрылуулар боюнча – калкка квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү жана оорулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
– Ишкананын кызматкерлеринин аскердик эсебин жүргүзүү, жарандык коргонуу иш-чараларын ишке ашыруу;
– координациялык борборлордон жана КОСПАС-САРСАТ системасынан (өзгөчө кырдаалдар жөнүндө ыкчам билдирүү жана кырсык болгон жердин географиялык координаттарын аныктоо үчүн арналган издөөнүн жана куткаруунун эл аралык спутниктик системасы) маалыматтарды кабыл алуу жана иштеп чыгуу, бул маалыматтарды Кыргыз Республикасынын издөө-куткаруу органдарына (кызматтарына), жарандык авиация органына жана аба кыймылын тейлөөчү органына, ошондой эле аба кемесин эксплуатациялоочуга (менчик ээсине) берүү;
– юридикалык жана жеке жактардан – учкучсуз учуучу аппараттарын эксплуатациялоочулардан аба мейкиндигин пайдаланууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана иштетүү, Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы жана аба кыймылын уюштуруу башкы борборунун аскердик сектору менен макулдашуу боюнча учууга уруксаттарды тариздөө жана берүү, кызыкдар ведомстволор менен өз ара аракеттенүү, өтүнмөлөрдү эсепке алуу жана учуу коопсуздугуна мониторинг жүргүзүү;
– кошумча кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жаатындагы квалификациялык билим берүү кызматтарын көрсөтүү;
– авиациялык адистердин квалификациясын жогорулатуу жана колдоо;
– аэрофотосүрөткө тартуу;
– аба трассаларын учуп өтүү, учуу схемаларын учуп текшерүү;
– жердин санариптик моделин түзүү боюнча иштерди жүргүзүү;
– башка коммерциялык кызмат көрсөтүүлөр;
– Ишкананы башкаруу методдорун өркүндөтүү.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17. Ишкана ушул Уставда аныкталган милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык зарыл болгон товарларды сатып алууга, иштерди аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө;
– коммерциялык уюмдар үчүн товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын рынок конъюнктурасына жараша өз алдынча аныктоого;
– өз функцияларын ишке ашыруу үчүн эл аралык финансылык жана башка уюмдардын гранттарын жана каражаттарын тартууга;
– обочолонгон мүлккө ээ болууга, өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды, материалдык жана материалдык эмес активдерди сатып алууга жана милдеттерди аткарууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга;
– юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө;
– эмгек, мөөнөттүү эмгек жана башка жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Ишкананын иштери үчүн белгиленген тартипте жеке жактарды тартууга;
– Ишкананын кызматкерлерин иш сапарларга, анын ичинде чет өлкөлөргө, ошондой эле эл аралык конференцияларга, семинарларга, көргөзмөлөргө катышууга жиберүүгө;
– зарыл болгон учурда, белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында Ишкананын ишин жүргүзүү үчүн филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчик ээсинин макулдугу менен ага чарба жүргүзүү укугунда таандык болгон кыймылсыз мүлктү, жабдууларды, транспорт каражаттарын, инвентарларды жана башка материалдык баалуулуктарды юридикалык жана жеке жактарга келишимдик негизде берүүгө, ижарага берүүгө;
– авиациялык кырсыктарды изилдөөгө катышууга;
– белгиленген тартипте министрликтерге, ведомстволорго, уюмдарга, мекемелерге жана ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөргө аба мейкиндигин пайдалануу жана аба кыймылын башкаруу маселелери боюнча иш-чараларды жана иштерди пландоого, координациялоого жана ишке ашырууга катышуу үчүн өз өкүлдөрүн жиберүүгө;
– өз ыйгарым укуктарынын чегинде Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) жана башка эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, аба мейкиндигин пайдалануу, аба кыймылын башкаруу жана авиацияны метеорологиялык камсыздоого тийиштүү маселелер бөлүгүндө кызыкдар мамлекеттердин өкүлдөрү менен министрликтер, уюмдар, ишканалар жана мекемелер тарабынан өткөрүлүүчү сүйлөшүүлөргө катышууга;
– аба кыймылын башкаруу системасынын бүткөрүлгөн объекттерин жана метеорологиялык жабдууларды эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча комиссиянын ишине белгиленген тартипте катышууга;
– министрликтерден, ведомстволордон, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден аба мейкиндигин пайдалануу, башкаруу жана аба кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан иштер жөнүндө ведомстволук актыларды, документтерди, маалымдамаларды, статистикалык жана башка материалдарды, маалыматтарды суроого жана алууга, ошондой эле аба кыймылын тейлөөнүн чектеш борборлорунун ортосунда аба кыймылын тейлөө боюнча макулдашууларга кол коюуга;
– аба мейкиндигин пайдалануу жана аба кыймылынын тейлөө маселелери боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу үчүн кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын (алар менен макулдашуу боюнча) өкүлдөрүн тартуу менен жумушчу топторду жана комиссияларды түзүүгө;
– ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Ишкананын ишинин натыйжасында алынган мүлктү, финансылык каражаттарды жана пайданы тескөөгө;
– чет өлкөлүк окуу жайларда Ишкананын адистеринин квалификацияларын жогорулатууга, даярдоого жана кайра даярдоого;
– ушул Уставга ылайык өз ишинин натыйжасында алынган Ишкананын таза пайдасынын эсебинен Ишкананын резервдик капиталын, өнүктүрүү фондун түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарынын талаптарына ылайык монополияга каршы жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча өз кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди эсептөөгө жана аныктоого;
– ушул Уставга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык юридикалык жактардан улуттук же чет өлкөлүк валютада алынган кредиттик каражаттарды пайдаланууга;
– Ишкананын максаттарын камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик агенттик менен макулдашуу боюнча Ишкананын окутуу-машыктыруучу, консалтингдик, маалыматтык, медициналык жана башка борборлорду белгиленген тартипте түзүүгө жана жоюуга;
– өзүнчө түзүмдүк бөлүмдөргө негизги иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон негизги жана жүгүртүлүүчү каражаттардын бөлүгүн бекитүүгө;
– Кыргыз Республикасынын аэропортторунда учуу-конуулардын көлөмүн жана транзиттик каттамдардын санын көбөйтүү, ошондой эле биринчи жолу ишин жүргүзүп жаткан авиакомпанияларды колдоо үчүн Ишкана Мамлекеттик агенттик менен макулдашуу боюнча каттамдарды аэронавигациялык тейлөө чөйрөсүндө көп деңгээлдүү тарифтик дем берүү системаларынын механизмдерин иштеп чыгууга жана киргизүүгө укуктуу;
– Ишкананын белгиленген максаттарына жана милдеттерине ылайык ишти камсыз кылуу үчүн башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
18. Ишкана ушул Уставда аныкталган максаттарына жетүү жана өз милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Ишкана алар үчүн жумуштарды аткарган жана кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын өздүк каражаттарынын эсебинен Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди каржылоону камсыз кылууга;
– Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга;
– Ишкананын кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрүн камсыз кылууга;
– Ишкананын зарыл болгон отчетторун ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында берүүгө, Кыргыз Республикасынын бюджеттик жана салык мыйзамдарында, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте жана өлчөмдө салыктарды жана бардык милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
– чарба жүргүзүү укугунда берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын камсыз кылууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды, анын ичинде Ишканада иштебей калгандан кийин да Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген мезгил ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жекече турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сыр кылып сактоого милдеттүү.
4-глава. Мамлекеттик агенттиктин компетенциясы
20. Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
– Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу боюнча сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
– Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
– Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
– Ишкананын финансы-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
– Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын ишке ашырууну талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
– Ишкананын башкы директору жана башкы директордун орун басарлары кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптарды бекитүү;
– Ишкананын башкы директору кызмат ордуна талапкерлерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо;
– фонддордун, ассоциациялардын (союздардын), коммерциялык эмес уюмдардын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине Ишкананын катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык Мамлекеттик агенттиктин компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү;
– төмөнкүлөргө прейскурантты бекитүү:
1) Кыргыз Республикасында катталган, эл аралык аба линияларында каттамдарды аткаруучу авиакомпаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аба кемелерин аэронавигациялык тейлөөгө:
– Кыргыз Республикасынын аба трассаларында аба кемелеринин учууларын аэронавигациялык тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
– Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун райондорунда аба кемелерин аэронавигациялык (диспетчердик) тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
– аба кемелерин лидирлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө (аба кемелери токтоп турган ордунан баштап учуу-конуу тилкесине чейин жана андан кайра ордуна чейин коштоо);
2) Кыргыз Республикасында катталбаган, эл аралык аба линияларында каттамдарды аткаруучу авиакомпаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кемелерин аэронавигациялык тейлөөгө:
– Кыргыз Республикасынын аба трассаларында аба кемелеринин учууларын аэронавигациялык тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
– Кыргыз Республикасынын аэродромдорунун районунда аба кемелерин аэронавигациялык (диспетчердик) тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
– аба кемелерин лидирлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө;
3) врачтык-учкучтук эксперттик комиссия боюнча медициналык кызмат көрсөтүү жана Ишкананын медициналык-санитардык бөлүгүнүн учуу алдындагы контролун жүргүзүү;
4) Кыргыз Республикасынын аба кемелеринин эксплуатациялоочуларын авариялык кабарлоо боюнча кызматтарды көрсөтүү;
– Ишкананын Окутуу-машыктыруу борбору тарабынан акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө прейскурантты макулдашуу.
21. Мамлекеттик агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
– Ишканага тейлеген иш чөйрөсүндөгү тармактык саясат маселелерине тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүүгө;
– Ишканадан финансы-чарбалык иштери жөнүндө маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулук документтерин, ошондой эле финансы-чарбалык ишин жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү суроого жана алууга;
– өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына кирүүгө;
– аткаруу органынын отчетторун угууга;
– Мамлекеттик агенттиктин айрым ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну Ишканага жүктөөгө;
– Кыргыз Руспубликасынын Министрлер Кабинетине Ишкананын башкы директорун кызмат ордунан бошотуу, ага карата тартиптик жаза же сыйлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
22. Мамлекеттик агенттик төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Ишкананы башкаруу органдарын өз убагында түзүүнү камсыздоого;
– Ишкананын ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
– Ишкананын жетекчилери жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу боюнча белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
– коммерциялык же мыйзам тарабынан корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
5-глава. Ишкананы башкаруу
23. Ишкананы Ишкананын башкы директору башкарат.
24. Башкы директор Ишкананын жетекчиси болуп саналат. Башкы директор Мамлекеттик агенттиктин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
25. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Ишкананын жетекчиси кызмат ордуна дайындалган башкы директор Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси менен үч жылдык мөөнөткө эмгек келишимин түзөт.
Ишкананын башкы директору эмгек келишимин түзгөндөн кийин өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.
26. Ишкананын башкы директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– Ишкананын учурдагы финансы-чарбалык ишин башкаруу;
– Ишкананын стратегиялык өнүктүрүү планын, бизнес-планын ишке ашыруу;
– Мамлекеттик агенттиктин бекитүүсүнө келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту киргизүү;
– Ишкананын финансы-чарбалык иши жана стратегиялык өнүктүрүү планынын аткарылышы тууралуу ар кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана Мамлекеттик агенттикке берүү;
– тармактык саясат маселелери боюнча Мамлекеттик агенттиктин чечимдерин аткарууну уюштуруу;
– Мамлекеттик агенттик менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруу түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү;
– кызматкерлерди жалдоо жана иштен бошотуу шарттарын, сый акы берүү жана материалдык сыйлоо тартибин, анын ичинде эмгек акы төлөө фондун бекитүү;
– кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
– бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
– филиалдардын жоболорун жана түзүмүн бекитүү, филиалдардын жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
– Ишкананын Уставына ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу.
27. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө укуктуу:
– Мамлекеттик агенттикке анын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен кайрылууга;
– Ишкананын милдеттерине жана максаттарына, Уставына жана Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте Ишкананын мүлкүн тескөөгө;
– Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан белгиленген тартипте зарыл болгон маалыматтарды суроого жана алууга;
– сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга.
28. Ишкананын башкы директору төмөнкүлөргө милдеттүү:
– Мамлекеттик агенттиктин суроо-талабы боюнча Ишкананын финансы-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттук документтерди, ошондой эле Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, сунуштамаларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
– Мамлекеттик агенттиктин кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын бардык чөйрөдөгү ишине байланышкан зарыл болгон маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
– Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
– Ишкананын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу боюнча ага белгилүү болгон фактылар жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
– коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
– Мамлекеттик агенттиктин суроо-талабы боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте берүүгө.
Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка милдеттерди да аткарат.
29. Ишкананын башкы директорунун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
30. Ишкананын башкы директору:
– Ишкананын атынан ишеним катсыз иш алып барат;
– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ишканаларында жана мекемелеринде Ишкананын кызыкчылыгын коргойт;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
– Ишкананын кызматкерлерин ишке кабыл алат жана иштен бошотот;
– башкы директордун орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт;
– Ишкананын кызматкерлерине карата тартиптик жаза жана сыйлоо чараларын колдонот;
– өзгөчө айырмаланган кызматкерлерди белгиленген тартипте ведомстволук сыйлыктарга көрсөтөт;
– компетенциясынын чегинде Ишкананын бардык кызматкерлери үчүн аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын контролдойт;
– Ишкананын кызматкерлерине ишеним кат берет;
– Ишкананын кызматкерлеринин эмгек өргүүлөрүнүн графигин бекитет;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансы каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескейт жана Ишкананын бардык финансылык документтерине кол коёт;
– Ишкананын финансылык (бухгалтердик) отчетторунун абалы, финансы каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– коррупциянын алдын алуу боюнча ички системаны түзүү, баш ийген кызматкерлер тарабынан мыйзамдардын талаптарынын жана кызматтык тартиптин сакталышына үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү аркылуу баш ийген кызматкерлердин аракеттери (аракетсиздиги) үчүн ошондой эле аракетсиздиктин же зарыл чаралардын көрүлбөгөндүгүнүн натыйжасында мүмкүн болгон башка көрүнүштөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
31. Ишкананын башкы директору өзүнө жүктөлгөн функциялык милдеттердин талаптагыдай аткарылышына жеке жоопкерчилик тартат.
32. Ишканада башкы директордун биринчи орун басары жана орун басары кызмат орундары каралган. Ишкананын башкы директорунун орун басарлары Ишкананын башкы директорунун сунушу боюнча Мамлекеттик агенттик тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
33. Ишкананын башкы директорунун биринчи орун басары жана орун басары Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси менен эмгек келишимин түзөт.
34. Ишкананын башкы директору ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордуна дайындалганга чейинки анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башкы директордун биринчи орун басарына же башкы директордун орун басарына жүктөлөт.
35. Ишкананын башкы бухгалтери Ишкананын башкы директору тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз башкы директорго баш иет, ишканалардын (уюмдардын) башкы бухгалтерлери үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген укуктарды пайдаланат жана жоопкерчиликти тартат.
36. Ишкананын түзүмү жана штаттык расписаниеси Мамлекеттик агенттик менен макулдашуу боюнча Ишкананын башкы директору тарабынан бекитилет.
37. Ишкананын башкы директору Ишкананын кызматкерлерине сый акы берүү тартибин аныктайт.
38. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, чарбалык иштин бардык чөйрөсүндөгү жарандар менен болгон мамилеси келишимдин негизинде түзүлөт.
39. Ишканада Ишкананын иши үчүн маанилүү маселелер боюнча чечимдерди кароо жана кабыл алуу үчүн коллегия түзүлөт. Коллегия башкы директордун буйругу менен түзүлөт. Коллегиянын курамына башкы директор, башкы директордун орун басарлары, Ишкананын же филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн башкы директор тарабынан дайындалуучу жети кызматкери, Мамлекеттик агенттиктин бир өкүлү (жетекчи аныктаган) кирет. Коллегия жөнүндө жобо башкы директордун буйругу менен бекитилет.
40. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жамааттык келишимдин шарттарын сактоону камсыз кылат.
6-глава. Ишкананын жетекчилик курамы
41. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– башкы директор, башкы директордун орун басарлары;
– башкы бухгалтер.
42. Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар өз укуктарын ишке ашырууда жана милдеттерин аткарууда Ишкананын уставдык максаттарына жана милдеттерине ылайык мамлекеттин кызыкчылыгында иштөөгө тийиш.
Жетекчилик курамга кирген адамдар мамлекеттик, коммерциялык же башка мыйзам менен корголуучу сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматтын купуялуулугун сактоого милдеттүү.
43. Ишкананын жетекчилик курамына төмөнкүлөр кире албайт:
– чет элдик жарандар, жарандыгы жок адамдар, кош жарандуулукка ээ адамдар, ошондой эле чет мамлекетте жашап турууга уруксаты бар Кыргыз Республикасынын жарандары;
– менчикке жана экономикалык ишти жүргүзүү тартибине каршы кылмыштар, коррупциялык жана мамлекеттик, муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыштар үчүн соттуулугу бар, анын ичинде соттуулугу жоюлган адамдар;
– мурда канааттандырарлык эмес иши үчүн уюмдун жетекчисинин кызмат ордунан бошотулгандар;
– менчигинин түрүнө карабастан чарбалык субъектте мурда жетектөөчү кызмат ордун ээлеп, аны банкроттукка алып келген адамдар;
– мамлекеттик, административдик, саясий, атайын кызмат ордун, саясий жана административдик муниципалдык кызмат ордун ээлегендер.
Ишкананын жетекчилик курамына кирген адамдар кызмат ордун ээлеп турган мезгилде жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкердик жүргүзүүгө, уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык юридикалык жактарды башкарууга катышууга укугу жок.
7-глава. Ишкананын эсеби, пландоосу жана отчеттуулугу
44. Ишкана өзүнүн ишин Мамлекеттик агенттик менен макулдашылган жылдык иш планынын негизинде же 3 жана андан ашык жылга узак мөөнөттүү иш планынын негизинде жүргүзөт.
45. Ишкананын иш планынын негизин жеткирип берүүчүлөр, ижарачылар жана керектөөчүлөр менен болгон Ишкананын мамилелерин жөнгө салуучу узак мөөнөттүү жана башка келишимдер түзөт.
46. Ишкана келишимдин предметин өзү эркин тандайт, милдеттенмелерди, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген чарбалык өз ара мамилелердин бардык башка шарттарын өз алдынча аныктап алат.
47. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана финансылык отчет түзөт. Ишкананын финансылык отчету кварталдык негизде жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүшү керек.
48. Ишкана квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25ине чейин бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы жөнүндө отчетторду Мамлекеттик агенттикке берет.
49. Ишкана өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана жылдык бюджетке ылайык финансы-чарбалык иштерин жүргүзөт.
Өнүктүрүүнүн стратегиялык планы Ишкана тарабынан үч жылдык мезгилге иштелип чыгат жана Мамлекеттик агенттик тарабынан бекитилет.
50. Ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
– Ишкананын ишинин максаттарынын жана негизги багыттарынын туюндурмасын;
– тармактын жана рыноктун баяндалышын, Ишкана өндүргөн товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) мүнөздөмөсүн;
– Ишкана өндүргөн товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) рыногунда мамлекеттин болуу зарылдыгынын негиздемесин;
– Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
– товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүү планын;
– уюштуруу планын;
– финансылык планын;
– тобокелдиктерди талдоону.
51. Жыл сайын 5-мартка чейин Ишкананын башкы директору Мамлекеттик агенттикке келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы, анын ичинде Ишкананын өткөн жылга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчетту киргизет.
52. Ишкана компетенттүү мамлекеттик органдарга салык салуу жана жалпы мамлекеттик жыйымдар системасын жүргүзүүнү уюштуруу жана экономикалык маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды берет.
53. Маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматты берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматты бергендиги же аны бурмалагандыгы, ошондой эле отчетту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын башкы директору Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
54. Кызматтардын төмөнкү түрлөрүн көрсөтүүдө ички аба линияларында каттамдарды аткарган авиакомпаниялар үчүн Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинде аба кемелерин аэронавигациялык тейлөөлөргө жыйымдардын негизги ставкаларынын деңгээлинин чеги монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет:
– аба трассаларында аба кемелеринин учууларын аэронавигациялык тейлөө боюнча;
– аэродромдун аймагында аба кемелерин аэронавигациялык (диспетчердик) тейлөө боюнча;
– аба кемелерин лидирлөө боюнча.
8-глава. Ишкананын мүлкү жана финансысы
55. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген жана ага бекитилип берилген мүлккө менчик укугуна ээ эмес. Мүлктү пайдаланууга негиз болуп кыймылсыз мүлк объекттерине, негизги каражаттарга жана мамлекеттин менчиги болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен Ишкананын балансына өткөрүлүп берилген башка мүлккө чарба жүргүзүү укугу саналат.
56. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүлүүчү каражаттар, ошондой эле наркы Ишкананын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн башка материалдык баалуулуктар түзөт.
57. Ишкананын мүлкүн түзүүчү булактар болуп төмөнкүлөр саналат:
– чарба жүргүзүү укугунда Ишканага бекитилип берилген мүлк;
– мүлк, анын ичинде ага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган кирешелер, продукциялар;
– чарбалык иштин натыйжасында алынган кирешелер;
– гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
– юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар.
58. Ишкана тарабынан жеке финансы-чарбалык ишинен түшкөн кирешелердин же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жаңы түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттин менчиги болуп саналат. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө (ижарага берүү) укугун уставдык максаттарына жана ишинин предметине ылайык жүзөгө ашырат.
59. Ишкананын мүлкүн ээликтен ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катарында киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
60. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана инвентаризациялоонун жыйынтыгын мамлекеттик башкаруу органы тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө берүүгө милдеттүү.
61. Ишкана жылдык финансы-чарбалык ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданы төмөнкү максаттарга багыттайт:
– жабдууларды модернизациялоого;
– инфраструктураны өнүктүрүүгө;
– Ишкананы өнүктүрүү фондун толуктоого;
– кызматкерлерди материалдык жактан сыйлоого, окутууга жана квалификациясын жогорулатууга;
– резервдик капиталды түзүүгө;
– чет элдик валютаны, башка валюталык жана материалдык баалуулуктарды, баалуу кагаздарды сатып алууга;
– илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө, рыноктун конъюнктурасын, керектөөчүлөрдүн суроо-талабын, маркетингди изилдөөгө;
– Ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүн жарнамалоого;
– жаңы техникаларды жана технологияларды сатып алууга;
– кайрымдуулукка жана демөөрчүлүк жардам көрсөтүүгө;
– Ишкананын кызматкерлери үчүн турак жайларды, коммерциялык жайларды же имараттарды жана курулмаларды пайда табуу максатында долбоорлоого, курууга.
9-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
62. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп алуу же кайра түзүү формасында жүргүзүлөт.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп алуу же кайра түзүү формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим Мамлекеттик агенттиктин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
«Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча ишке ашырылат.
63. Ишкана мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болуп кайра түзүлүшү мүмкүн.
64. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте акцияларынын (үлүшүнүн) 100 пайызы мамлекеттин менчигинде (акционерлештирүү) болгон ачык акционердик коом, жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом болуп кайра түзүлөт.
Ишкананы кайра түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн чарбалык коом бардык укуктар жана милдеттенмелер, анын ичинде эмгек мамилелери жаатындагы укуктар жана милдеттенмелер боюнча анын укугун улантуучу болуп саналат.
65. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
66. Ишкананын иш процессинде келип чыккан документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.