Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 17-февралы № 1
Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2027-2028-жылдарга болжолу жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаттарынын бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 11-февралындагы №2 протоколдук чечиминдеги 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун угуп, карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык кеңешинин XIV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күмүштак айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин көлөмү киреше чыгашасы менен 36803,3 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
- теңдөөчү грант 4690,3 миң сом.
- Иш берүүчү тарабынан айлык акыдан кармалуучу киреше салыгы -11768,0 миң сом.
- Чакан ишкердик субьектилери үчүн бирдиктүү салык ---- 0,0 миң сом
- Ыктыярдуу патенттин негизинде салык ---- 277,1 миң сом,
- Кыймылсыз мүлккө салык ---- 86,8 миң сом,
- Транспорт ээлеринен алынуучу салык ---- 0,0 миң сом,
- Короо-жай жер салыгы ---- 584,0 миң сом,
- Айыл чарба жер салыгы ---- 0,0 мин сом,
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы ---- 2312,5 мин сом,
- Сатуудан алынуучу салык ---- 0,0 мин сом,
- КБФ жерлердин аренда акысы ---- 4036,4 миң сом,
- Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн------3509,3 миң сом,
- Жайыт жерлеринин ижара акысы ---- 730,0 мин сом,
- Атайын каражат ---- 3981,1 миң сом,
- Жер казынасынын пайдалануу укугуна лицензия кармоо ---- 4791,3 миң сом
- Жайлардын аренда акысы (муниц.менчик жай) ---- 31,5 миң сом,
- Этил спирти жана алкоголдуек продукцияларды өндүрүү ж.б---- 5,0 миң сом,
Чыгашалар бөлүгү 36803,3 миң сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүм боюнча бекитилсин:
1. Башкаруу аппаратына –13664,3 миң сом,
2. Өзгөчо кырдаалдар бөлүмүнө – 320,0 миң сом,
3. ЖКХ бөлүмүнө – 12084,3 миң сом,
4. Экономикалык маселелер – 730,0 миң сом,
5. Маданият жалпы бөлүмүнө – 2352,0 миң сом,
6. Жалпы билим берүү бөлүмүнө – 2734,6 миң сом,
7. Социалдык коргоо бөлүмүнө – 937,0 миң сом,
8. Бала бакча атайын каражат (ата-энелер төлөмү) – 3981,1 миң сом.
2. 2026-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц. фонд).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын сессиясына сунушталсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда ич ара бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүм башчысынын сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн токтомуна ылайык жүргүзүү жагы белгиленсин.
5. 2025-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2026-жылга 2,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсептик бөлүктө (счетто) сакталсын.
6. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 13-январындагы №Б-2/1 буйругуна ылайык, 2025-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 320,0 миң сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
7. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын” 21-статьясынын негизинде 2025-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1 % нын эсебинен 260 000 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
8. 2026-жылдын бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.Дуйшенкуловага тапшырылсын.
9. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган 1260,5 (бир миллион эки жүз алтымыш миң беш жүз) сом (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлери Кабылова Суюнбубу Довлетовна жана Таштанова Нуракан Марлисовнага катуу талап коюлсун, ошондой эле анын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
10. Салык Кодексинин 328-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти К1-1,034 болуп белгиленсин.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттарынын Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Акматов |