Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 24-апрели № 57
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 462-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мындай бөлүп берүүлөр калктын социалдык муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн жер мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик резиденциясынын аймагындагы жерлерди бөлүп берүүгө тыюу салынат.";
б) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 32 (3792) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |