Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 11-майы № 325
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Медициналык-социалдык экспертиза жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү жана майыптыгы бар адамдарды социалдык интеграциялоо чараларын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-апрелиндеги № 185 «Кыргыз Республикасындагы медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Бала 18 жаш куракка толгонго чейин бир жылдан азыраак калганда (6 айдан ашык эмес) күбөлөндүрүүдөн өткөн учурда аймактык МСЭКке баланын МСЭге жолдомосунун (088/у форма) негизинде чоңдор үчүн медициналык акт түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.»;
- 14-пунктта «электрондук» деген сөз «санариптик» деген сөзгө алмаштырылсын;
- 17-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«Жолдомо катталгандан кийин жаран/бала 5 жумуш күндүн ичинде күбөлөндүрүүдөн өткөрүлөт.»;
- 28-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 31-пунктча менен толукталсын:
«31) ата-энесинин экөө тең же болбосо жалгыз ата-энеси (мыйзамдуу өкүлү) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары убактылуу болгон учурда ырастоочу документтери (Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгуу же болбосо чет өлкөдө эмгектенүү үчүн документтер) бар болсо, саламаттык сактоо уюмдарында жана МСЭКте жашы жете элек баланын кызыкчылыктарын коргоого ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү тарабынан берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат.
Эгерде ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) жок дегенде бири Кыргыз Республикасынын аймагында болсо, нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат талап кылынбайт;»;
- 33-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«33. Жаза өтөө жерлеринде жүргөн жарандарды күбөлөндүрүү ушул Жобонун 4-тиркемесинде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.»;
- 34-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«34. МСЭК күбөлөндүрүүдө жарандардын маалыматтарын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында каттоону жүргүзөт.»;
- 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«41. МСЭК тарабынан МСЭ төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) жарандын жеке катышуусунда, анын ичинде жаран дарыланып жаткан үйгө же стационарга баруу менен;
2) жарандын жүрүүсүнө кыйынчылык жаралса, транспорт менен ташууга мүмкүн болбосо, жашаган жери алыс же аны ташууга жалпы өтө оор абалы тоскоол болсо, башкача айтканда мобилдүүлүгү чектелсе, чет өлкөлөрдө, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө дарыланууда болсо, майыптыкты таануу жөнүндө чечим медициналык документтердин негизинде адамдын жеке катышуусуз, жарандын (же анын мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу менен болгондо кайрадан сырттан өткөрүлгөн МСЭде мүмкүн;
3) алгачкы же кайрадан МСЭде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуп (жаранды милдеттүү түрдө идентификациялоо менен), жарандын (же анын мыйзамдуу өкүлүнүн) макулдугу менен аралыктан (онлайн) жүргүзүлүшү мүмкүн.
Майыптыкты аныктоо боюнча МСЭКтин чечимин кабыл алуу үчүн жарандын жеке катышуусу талап кылынбаган учурда аралыктан күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.
Аралыктан күбөлөндүрүү дарттын оң динамикасынын жоктугун жана текшерүүнүн төмөнкүдөй кошумча түрлөрүн жүргүзүү зарылдыгын көрсөткөн жарандын диагнозун, жашоо-тиричилигинин чектелишинин оор даражасын жана клиникалык абалын ырастаган медициналык документтер болгондо, жашоо тиричилигинин кескин чектелишине алып келүүчү морфологиялык өзгөрүүлөрү бар ооруларда жана дефекттерде жүргүзүлөт:
- организмдин функцияларынын туруктуу калыбына келтирилгис бузулушу (оор тубаса аномалиялар, БЦШ, өнүгүүнүн кемтиги, туруктуу оор формадагы өнөкөт оорулар);
- калыбына келтирилгис бузулуулар менен генетикалык, хромосомалык жана тубаса оорулар;
- анатомиялык кемтиктер;
- ритмдин байкалган бузулушу жана жүрөктүн байкалган жетишсиздиги менен жүрөктүн жана ири тамырлардын тубаса кемтиктери (гемодинамиканын калыбына келтирилгис өзгөрүүлөрү);
- NYHA боюнча түзөтүүгө мүмкүн болбогон III–IV функционалдык класстагы өнөкөт жүрөк жетишсиздигинин оор формалары;
- III даражадагы туруктуу дем алуу жетишсиздигинин жана СН–ФК IV даражадагы жүрөк жетишсиздигинин оор формалары;
- функциялардын байкалган кескин туруктуу бузулушу менен борбордук жана перифериялык нерв системасынын өнөкөт жана тубаса оорулары;
- терминалдык стадиялардагы онкологиялык оорулар жана калыбына келтирилгис анатомиялык-функциялык бузулуулар менен радикалдык дарылоодон кийинки абалдар (кекиртекти алып салуу, колдун функциясын чектөө менен мастэктомия, колостома ж.б.);
- функциялардын байкалган кескин бузулушу менен таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары;
- көрүүнүн кайра ордуна келтирүүгө мүмкүн болбогон, калыбына келтирилгис бузулуулары (көрүүнү толук же дээрлик толук калыбына келтирилгис жоготуу);
- туруктуу дүлөйлүк жана угуунун IV даражадагы жоготуусу;
- сүйлөөнүн калыбына келтирилгис оор бузулуулары (анын ичинде инсульттан кийин, тубаса аномалиялар ж.б.);
- функциялардын байкалган кескин чектелиши менен системалык оорулардын оор формалары;
- абалдын турукташуусунда жана байкалган функционалдык жетишсиздигинде органдарды трансплантациялоодон кийинки абал;
- оор травмалардын, күйүктөрдүн жана башка оперативдүү кийлигишүүлөрдүн кесепеттери, эгерде алар туруктуу, калыбына келтирилгис функцияны жоготууга алып келсе;
- Даун синдрому, акыл-эс бузулуулары, аутизм;
- тубаса кемтиктер жана өнүгүү дефекттери;
- СПИДдин бардык белгилери.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн оорулардын жана абалдардын тизмеги акыркы болуп саналбайт жана жарандын клиникалык абалына жараша аны түздөн-түз текшерүү менен күбөлөндүрүү жүргүзүү бөлүгүндө МСЭКтин ыйгарым укуктарын чектебейт. Аралыктан күбөлөндүрүүдөн өткөрүү жөнүндө чечимди МСЭК жалпы клиникалык абалын, оорунун болжолун, ошондой эле берилген медициналык документтердин толуктугун жана жетиштүүлүгүн жана жаранды текшерүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен ар бир жаранга карата жекече кабыл алат.»;
- 42-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 48-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«48. МСЭнин процессинде жана натыйжалары боюнча төмөнкү документтер электрондук форматта таризделет:
1) МСЭКтин күбөлөндүрүү актысы;
2) РАЖП;
3) МСЭКтин маалымкаты;
4) мамлекеттик органдар үчүн МСЭКтин маалымкаттарын жана күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөлөрдү берүүнү каттоо журналы (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы).»;
- 49-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«49. Эксперттик чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон маалыматтар МСЭКтин күбөлөндүрүү актысына жазылат. Экспертиза жүргүзүүгө тартылган консультанттардын корутундулары медициналык актыга тиркелет. МСЭКтин күбөлөндүрүү актысы МСЭКтин төрагасынын, мүчөлөрүнүн санариптик колтамгалары менен күбөлөндүрүлөт.»;
- 50-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«50. Күбөлөндүрүү актысы, статистикалык талон, жаранды МСЭден өткөрүү протоколунун журналы, РАЖП эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында жарандын МСЭ электрондук делосуна түзүлөт.
Аймактык МСЭКтердин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында МСЭнин жүрүшүндө жана анын натыйжалары боюнча түзүлгөн документтер МСЭ өткөрүүгө катышкан МСЭКтин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн санариптик колтамгасы менен бекитилет.»;
- 52-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«52. Майыптыгы бар деп таанылган жаранга же анын мыйзамдуу өкүлүнө күбөлөндүрүүдөн кийин 5 жумуш күндүн ичинде төмөнкүлөр берилет:
- МСЭКтин маалымкаты;
- экспертизанын натыйжалары жана датасы менен эмгекке жарамсыздык баракчасы (иштеген жарандар үчүн) жана саламаттык сактоо уюмуна «Түндүк» ЭВӨС аркылуу берилүүчү, жаранды майыптыгы бар адам деп таануу же таануудан баш тартуу жөнүндө МСЭКтин корутундусу.
РАЖП экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин иштелип чыгат жана жаранга 14 жумуш күндөн кечиктирилбестен берилет.»;
- 53-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«53. Эгерде майыптык эмгектик мертинүү же кесиптик оору менен байланыштуу болсо, күбөлөндүрүлгөн адамга МСЭКтин маалымкаты кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуунун даражасы пайыз менен аныкталып берилет, анда жардамдын кошумча түрлөрүнө муктаждык көрсөтүлөт.»;
- 56-пунктта «, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын» деген сөздөр алып салынсын;
- 59-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«59. РАЖП эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасында санариптик документ түрүндө түзүлөт, МСЭК төрагасынын санариптик колтамгасы менен бекитилет жана кызыкдар ведомстволорго аткаруу үчүн, ошондой эле жаранга (анын мыйзамдуу же ыйгарым укуктуу өкүлүнө) санариптик түрдө берилет. РАЖП кагаз түрүндө да берилиши мүмкүн.»;
- 63-пункттун биринчи абзацында «жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөдө» деген сөздөр алып салынсын;
- 64-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими жарыяланганда.»;
- 65-пункттун экинчи абзацында «жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актысынан көчүрмөдө» деген сөздөр алып салынсын;
- 79-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«79. Майып болуу убактысы, майыптыктын тобу, себеби, өткөн мезгил үчүн пайыз менен кесиптик эмгекке жарамдуулукту жоготуу даражасы жөнүндө майыптыктын белгилери бар экендигине карата корутундулар МСЭКтин маалымкаты менен таризделет жана МСЭКтин төрагасынын санариптик колтамгасы менен күбөлөндүрүлөт.»;
- 80-пункттун төртүнчү абзацында «СЖКМС» деген аббревиатура «эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасы» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 81-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобонун 1-тиркемесинде:
1-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) адамдын жашоо-тиричилигинин негизги категориялары жана алардын чектөөлөрүнүн байкалган даражалары биологиялык жана психофизикалык мүнөзмөлөрдү, ошондой эле бейтаптын өзүнүн жеке жана социалдык статусун калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн (реабилитациялык потенциал) аныктоочу социалдык-чөйрөлүк факторлорду эске алуу менен белгиленет;»;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
«3) реабилитациялык, абилитациялык чаралар.»;
59-пунктта «1 жылга» деген сөздөр «2 жылга» деген сөздөргө алмаштырылсын;
77-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«77. II топтогу майыптык алгачкы күбөлөндүрүүдө 4 жылга, ал эми кайра күбөлөндүрүүдө жашоо-тиричиликтин чектелишинин даражасына жараша – мөөнөтсүз белгиленет:»;
78-пункттун төртүнчү абзацында «4 жылдык» деген сөздөр «2 жылдык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
79-пунктта «1 жылдык» деген сөздөр «4 жылдык» деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 11-глава менен толукталсын:
«11-глава. Реабилитациялык потенциал
82. Реабилитациялык потенциал – жарандын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгилүү бир учурда организмдин жоголгон функцияларын калыбына келтирүү же компенсациялоо, ошондой эле коомго адаптациялоо мүмкүнчүлүгүн аныктаган майыптыгы бар адамдын физикалык, психикалык, социалдык жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүнүн жыйындысы.
83. Реабилитациялык потенциал төмөнкү даражаларга бөлүнөт:
1) реабилитациялык потенциалы жогору – тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө организмдин функцияларын калыбына келтирүү, бузулууларды коррекциялоо жана социалдык адаптациялоо үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар;
2) реабилитациялык потенциалы орто – калыбына келтирүү жана адаптациялоо мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, бирок комплекстүү реабилитациялоодо абалды кыйла жакшыртууга болот;
3) реабилитациялык потенциалы төмөн – калыбына келтирүү мүмкүнчүлүктөрү минималдуу, реабилитациялоо чаралары негизинен абалды сактоого жана начарлоону алдын алууга багытталган;
4) реабилитациялык потенциалы жок – реабилитациялык чаралар олуттуу өзгөрүүлөргө алып келбейт, абалы туруктуу жана калыбына келтирилгис.
84. Майыптыктын тобун белгилөө реабилитациялык потенциалдын даражасын эске алуу менен төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) реабилитациялык потенциалы жогору болгондо III топ абалын милдеттүү түрдө кайра карап чыгуу менен 2 жылдык мөөнөткө белгиленет;
2) реабилитациялык потенциалы орто болгондо II топ негизинен абалын кайра карап чыгуу менен 4 жылдык мөөнөткө белгиленет;
3) реабилитациялык потенциалы төмөн болгондо I топ 7 жылдык мөөнөткө же II топ туруктуу колдоо жана багуу чараларынын зарылдыгын эске алуу менен 4 жылдык мөөнөткө дайындалат;
4) реабилитациялык потенциалы жок болгондо I топ 7 жылдык мөөнөткө же мөөнөтсүз белгиленет.»;
Жарандарды медициналык-социалдык экспертизалоодо колдонулуучу классификациялардын жана критерийлердин тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобонун 2-тиркемесинде:
95-пунктта «жана МСЭКтин күбөлөндүрүү актынан көчүрмө» деген сөздөр алып салынсын;
Майыптыктын себептерин аныктоо тартибинин тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
- Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобонун 3-тиркемесинде:
3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«– оор даражадагы тез-тез күчөп турган бронхиалдык астма.»;
15-пункт төмөнкүдөй редакциядагы 151-пунктча менен толукталсын:
«151. Даун синдрому менен ооруган балдарды күбөлөндүрүү жалпы профилдеги МСЭКтен алдын ала күбөлөндүрүүсүз түздөн-түз адистештирилген МСЭКте (психиатриялык) 18 жашка толгонго чейин «Майыптыгы бар бала» категориясын белгилөө менен жүргүзүлөт.
Адистештирилген МСЭКке (психиатриялык) күбөлөндүрүүгө жолдомо саламаттык сактоо уюмунун адистештирилген жана алгачкы звеносунун врачтары (балдар психиатры, үй-бүлөлүк дарыгер, педиатр, невролог) тарабынан берилет.»;
17-пункттун сегизинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
18 жашка чейинки балдарга «Майыптыгы бар бала» категориясын белгилөө үчүн критерийлердин тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобонун 4-тиркемеси:
төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
«18. Жаза өтөө жерлеринде соттолгон энелерден төрөлгөн балдар тубаса кемтиктери, тукум куучу оорулары же башка патологиялары болгон учурда ушул Жобого ылайык жалпы негизде МСЭКтен күбөлөндүрүүдөн өткөрүлөт.»;
- Жаранды майыптыгы бар адам деп таануу жөнүндө жобонун 5-тиркемесинде:
30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 301-пунктча менен толукталсын:
«301. Ушул пунктта көрсөтүлгөн башка адамдын кам көрүүсүнө жана көзөмөлүнө дайыма муктаж экендигин аныктоо үчүн критерийлер жарандарда, чоңдордо да, балдарда да оорунун, жаракаттын же дефекттердин олуттуу, калыбына келтирилгис кесепеттерге алып келгендиги дарылоочу врач тарабынан Жашоо-тиричиликтин жана ден соолуктун чектелишинин эл аралык классификациясына жана IV–V GMFCS (ири мотордук функцияны классификациялоо системасы), MACS (мануалдык жөндөмдөрдү классификациялоо системасы) тиешелүү деңгээлдерине ылайык ырасталууга тийиш.»;
Башка адамдын кам көрүүсүнө муктаждыгын аныктоо тартибинин тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 34 (3794) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
| Жарандарды медициналык-социалдык экспертизалоодо колдонулуучу классификацияларга жана критерийлерге тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору
Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
МСЭКтин маалымкаты/
Справка МСЭК
Негиз: 20___-жылдын «___» _______№ _______ күбөлөндүрүү актысы
Основание: акт освидетельствования № _____ от «___» _____ 20___года
Облусу/Область:_________район/район:_________шаары/город:_____
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын түрү, профили/ Вид, профиль медико-социальной экспертной комиссии:____________
Аты-жөнү/Ф.И.О.:____________________________________________
Туулган датасы/Дата рождения:_________________________________
Күбөлөндүрүү датасы/Дата освидетельствования:__________________
Жашаган дареги/ Адрес проживания:_____________________________
Майыптыктын тобу/Группа инвалидности:________________________
Майыптыктын себеби/Причина инвалидности:____________________
Майып болуу убактысы эсептелген/Время наступления инвалидности зачесть:_____________________________________________________
Майыптык төмөнкү мөөнөткө чейин белгиленген/Инвалидность установлена на срок до:________________________________________
Кезектеги кайра күбөлөндүрүү датасы/Дата очередного переосвидетельствования: _____________________________________
Диагнозу/Диагноз:________________________________________________________________________________________________________
Майыптык белгиленген (биринчи жолу, кайрадан)/Установлена инвалидность (впервые, повторно):______________________________
МСЭКтин кошумча корутундусу/Дополнительное заключение МСЭК:______________________________________________________
Башка адамдын туруктуу багуусуна/башка адамдын багуусуна жана көзөмөлүнө төмөнкү мөөнөткө чейин муктаж /Нуждается в постоянном постороннем уходе/постороннем уходе и надзоре сроком до:__________________________________________________________
Кыймылдын техникалык каражаттарына муктаж (кресло-коляска, велоколяска)/Нуждается в технических средствах передвижения (кресло-коляска, велоколяска):__________________________________
Социалдык стационардык мекемеге жөнөтүүгө муктаж/Нуждается в направлении в социальное стационарное учреждение:_______________
Кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасын (пайыз менен), жардамдын кошумча түрүнө муктаждыгын аныктоо/Определение степени утраты профессиональной трудоспособности (в процентах), нуждаемости в дополнительных видах помощи:____________________
КЭЖК төмөнкү мөөнөткө чейин белгиленет/УТП установлена на срок до__________________________________________________________
Эмгек шарттары жөнүндө корутунду/Заключение об условиях труда:
____________________________________________________________
Реабилитация, абилитация боюнча сунуштар/Рекомендации по реабилитации, абилитации:_____________________________________
Берилген датасы/Дата выдачи: __________________________________
».
|
| 2-тиркеме |
|
| 18 жашка чейинки балдарга "Майыптыгы бар бала" категориясын белгилөө үчүн критерийлерге тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору
Республиканский центр медико-социальной экспертизы при Министерстве труда, социального обеспечения и миграции Кыргызской Республики
18 жаш куракка чейинки майыптыгы бар балага МСЭКтин маалымкаты/ Справка МСЭК на ребенка с инвалидностью в возрасте до 18 лет
Негиз: 20___-жылдын «___» _______№ _______ күбөлөндүрүү актысы
Основание: акт освидетельствования №____от «_____» 20____года
Облусу/Область:_________району/район:_________шаары/город:____
Медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын түрү, профили/
Вид, профиль медико-социальной экспертной комиссии:____________
Баланын аты-жөнү/Ф.И.О. ребенка: _____________________________
Туулган датасы/Дата рождения:_________________________________
Күбөлөндүрүү датасы/Дата освидетельствования:__________________
Баланын ата-энесинин же камкорчусунун аты-жөнү/Ф.И.О. родителя или опекуна:_________________________________________________
Ата-энесинин же камкорчусунун жашаган дареги/Адрес проживания родителя или опекуна:_________________________________________
Диагнозу/Диагноз:____________________________________________
МСЭКтин корутундусу: «Майыптыгы бар бала» категориясы белгиленди (биринчи жолу, кайрадан)/Заключение МСЭК: установлена категория «Ребенок с инвалидностью» (впервые, повторно):__________
МСЭКтин кошумча корутундусу/Дополнительное заключение МСЭК:
____________________________________________________________
Майыптык төмөнкүдөй мөөнөткө чейин белгиленди/Инвалидность установлена на срок до: ________________________________________
Төмөнкүдөй мөөнөткө чейин башка адамдын туруктуу багуусуна/башка адамдын багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж/Нуждается в постоянном постороннем уходе/постороннем уходе и надзоре сроком до:______________________________________
Кыймылдын техникалык каражаттарына муктаж (кресло-коляска, велоколяска)/Нуждается в технических средствах передвижения (кресло-коляска, велоколяска):__________________________________
Социалдык стационардык мекемеге жиберүүгө муктаж/Нуждается в направлении в социальное стационарное учреждение:_______________
Кезектеги кайра күбөлөндүрүү датасы/Дата очередного переосвидетельствования: _____________________________________
Майып болуу убактысы эсептелсин/Время наступления инвалидности зачесть:_____________________________________________________
Реабилитация, абилитация боюнча сунуштар/Рекомендации по реабилитации, абилитации:_____________________________________
Берилген датасы/ Дата выдачи:__________________________________
».