Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-майы № 64
Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас, Кара-Кулжа жана
Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин
депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу,
катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен
чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан
кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитүү
тууралуу
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери келип түштү:
1) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-пунктунун жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергендигине байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдер:
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-майындагы № 4 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы № 6 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча;
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 8 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңеши боюнча;
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 2 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 11 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 21-майындагы № 8 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал жана Кара-Гуз айылдык кеңештери боюнча;
2) Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 8 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 10-пунктунун негизинде, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э.Алиев айылдык кеңешинин жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин жыйналыштарына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык катышпагандыгына байланыштуу жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечими.
3) жеке арыздарынын негизинде катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдер:
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 2 Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча;
- Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 22-майындагы № 9 Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаардык кеңеши боюнча.
4) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун жана 1-1-пунктунун негизинде бош калган мандатты тиешелүү көп мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 8 Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айылдык кеңеши боюнча;
- Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 2 Терек-Сай айылдык кеңеши боюнча;
- Талас аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 12 Талас облусунун Талас районунун Шумкар-Уя айылдык кеңеши боюнча;
- Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 21-майындагы № 9 Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ой-Тал жана Кара-Гуз айылдык кеңештери боюнча;
5) “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун жана 1-1-бөлүгүнүн негизинде бош калган мандатты саясий партиянын тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдер:
- Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 20-майындагы № 25 Бишкек шаардык кеңеши боюнча;
- Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 18-майындагы № 4 Чүй облусунун Токмок шаардык кеңеши боюнча;
- Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын 2026-жылдын 19-майындагы № 6 Баткен облусунун Сүлүктү шаардык кеңеши боюнча.
Аймактык шайлоо комиссияларынын кабыл алынган чечимдери “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин талаптарына ылайык келет.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктуна ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө, катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жана жергиликтүү кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитет.
Бекитүүгө келип түшкөн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдеринин “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинин жана “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 5-беренелеринин талаптарына шайкештигин карап чыгып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимдери 1-тиркемеге ылайык;
- Чаткал жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечимдери 2-тиркемеге ылайык;
- Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери 3-тиркемеге ылайык.
2. Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ырастамалары ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп таанылсын.
3. Бишкек, Токмок, Сүлүктү, Ноокен, Чаткал, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиялары ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын катташсын жана аларга белгиленген үлгүдөгү ырастамаларды жана төш белгилерди тапшырышсын.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 29-майындагы № 39 (3799) саны менен жарыяланды
5. Ушул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерге жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.С. Жупуевага жүктөлсүн.
Төрага | Т. Шайназаров |
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-майындагы № 64 токтомуна 1-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештердин
депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештин депутатынын аты-жөнү | |||
Чүй облусу | ||||||
Токмок шаары | ||||||
1. | Токмок АШК, № 4, 18.05.2026-ж. (11.05.2026-ж. өз арызы) | Токмок шаардык кеңеши | “Адилет” депутаттык фракциясынан Абдимуталипов Алтынбек Абдимуталипович (13) | |||
Баткен облусу | ||||||
Сүлүктү шаары | ||||||
2. | Сүлүктү АШК, № 6, 19.05.2026-ж. (20.04.2026-ж. өз арызы) | Сүлүктү шаардык кеңеши | “Адилет” депутаттык фракциясынан Толобаев Куанычбек Ганыевич (1) | |||
Жалал-Абад облусу | ||||||
Ноокен району | ||||||
3. | Ноокен АШК, № 8, 20.05.2026-ж. (№ 3 протоколу, 05.04.2026-ж. депутат жүйөөлүү себептерсиз жергиликтүү кеңештин сессияларына бир жыл ичинде төрт жолудан ашык келбегендигине байланыштуу) | Э. Алиев айылдык кеңеши (№ 2 Курулуш шайлоо округу) | Касымова Назгуль Жаманкуловна | |||
4. | Ноокен АШК, № 8, 20.05.2026-ж. (19.05.2026-ж. өз арызы) | Э. Алиев айылдык кеңеши (№ 7 Чоң-Багыш шайлоо округу) | Умарова Клара Мамиржановна | |||
Чаткал району | ||||||
5. | Чаткал АШК, № 2, 20.05.2026-ж. (27.04.2026-ж. өз арызы) | Терек-Сай айылдык кеңеши (№ 5 Шекафтар шайлоо округу) | Арыкбаева Гулжамал Акжоловна | |||
Талас облусу | ||||||
Талас району | ||||||
6. | Талас АШК, № 11 20.05.2026-ж. (11.05.2026-ж. өз арызы) | Шумкар-Уя айылдык кеңеши (№ 3 Кара-Ой шайлоо округу) | Быржыева Жазира Майрамбековна | |||
Ош облусу | ||||||
Кара-Кулжа району | ||||||
7. | Кара-Кулжа АШК, № 8, 21.05.2026-ж. (18.05.2026-ж. өз арызы) | Ой-Тал айылдык кеңеши (№ 1 Кара-Таш шайлоо округу) | Окен уулу Шумкарбек | |||
8. | Кара-Кулжа АШК, № 8, 21.05.2026-ж. (13.05.2026-ж. өз арызы) | Кара-Гуз айылдык кеңеши (№ 3 Кеңеш-Пор шайлоо округу) | Жолдошова Бактыгүл Болотбековна | |||
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-майындагы № 64 токтомуна 2-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссиясынын катталган талапкерди депутаттыкка
талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечими
№ | АШКнын катталган талапкерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө чечиминин № жана датасы, негиз | Жергиликтүү кеңештин аталышы
| Катталган талапкердин аты-жөнү |
Жалал-Абад облусу | |||
Чаткал району | |||
1. | Чаткал АШК, № 2, 20.05.2026-ж. (14.05.2026-ж. өз арызы) | Терек-Сай айылдык кеңеши (№ 5 Шекафтар шайлоо округу) | Абдырахманова Карамат Акимжановна |
Ош облусу | |||
Өзгөн району | |||
2. | Өзгөн АШК, № 9, 22.05.2026-ж. (20.05.2026-ж. өз арызы) | Өзгөн шаардык кеңеши | “Ынтымак” саясий партиясынан Хайдарова Наргизахон Осмоналиевна (12) |
3. | “Ынтымак” саясий партиясынан Равшанбек кизи Машхурахон (15) | ||
4. | “Ынтымак” саясий партиясынан Мамирова Зулфизар Дилшодбековна (18) | ||
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 28-майындагы № 64 токтомуна 3-тиркеме |
Аймактык шайлоо комиссияларынын бош калган мандаттарды шайланган
депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдери
№ | АШКнын бош калган мандатты шайланган депутаттардан кийинки талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечиминин № жана датасы | Жергиликтүү кеңештин аталышы | Жергиликтүү кеңештин шайланган депутатынын аты-жөнү | Иштеген жери, ээлеген кызмат орду |
Бишкек шаары | ||||
1. | Бишкек АШК, № 25, 20.05.2026-ж. | Бишкек шаардык кеңеши | “Ынтымак”саясий партиясынан Шананов Алмаз Абылкасымович (10) | КР ЖКнын Төрагасынын кеңешчиси |
Чүй облусу | ||||
Токмок шаары | ||||
2. | Токмок АШК, № 4, 18.05.2026-ж. | Токмок шаардык кеңеши | “Адилет” саясий партиясынан Нурлан уулу Байзак (20) | Убактылуу иштебейт |
Баткен облусу | ||||
Сүлүктү шаары | ||||
3. | Сүлүктү АШК, № 6, 19.05.2026-ж. | Сүлүктү шаардык кеңеши | “Адилет” саясий партиясынан Абдираимов Байышбек (5) | “Сүлүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасынын багбаны |
Жалал-Абад облусу | ||||
Ноокен району | ||||
4. | Ноокен АШК, № 8, 20.05.2026-ж. | Э. Алиев айылдык кеңеши (№ 2 Курулуш шайлоо округу) | Анарбаева Алтынбу Курванбековна | “Керемет” бала бакчасынын тарбиячысы |
5. | Э. Алиев айылдык кеңеши (№ 7 Чоң-Багыш шайлоо округу) | Альярова Гульчехра Абдыганиевна | Жеке ишкер | |
Чаткал району | ||||
6. | Чаткал АШК, № 2 20.05.2026-ж. | Терек-Сай айылдык кеңеши (№ 5 Шекафтар шайлоо округу) | Азимбекова Нодира Абдукаримовна | Убактылуу иштебейт |
Талас облусу | ||||
Талас району | ||||
7. | Талас АШК, № 11 20.05.2026-ж. | Шумкар-Уя айылдык кеңеши (№ 3 Кара-Ой шайлоо округу) | Мадраймова Айгүл Кушчубаевна | Жеке ишкер |
Ош облусу | ||||
Кара-Кулжа району | ||||
8. | Кара-Кулжа АШК, № 9, 21.05.2026-ж. | Ой-Тал айылдык кеңеши (№ 1 Кара-Таш шайлоо округу) | Апазов Айтмамат Садыкович | Убактылуу иштебейт |
9. | Кара-Гуз айылдык кеңеши (№ 3 Кенеш-Пор шайлоо округу) | Чымынов Эрмамат Суранбаевич | Убактылуу иштебейт | |