Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 26-майы № 5-д
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин буюм мүлкүнүн, атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилеринин сыпатталыштарын жана форма кийимин кийип жүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругун күчүн жоготтуу деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 38 “Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 78 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 13-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2023-жылдын 30-мартындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун кызматкерлеринин буюм мүлкүнүн, атайын наамдар боюнча айырмалоочу белгилеринин сыпатталыштарын жана форма кийимин кийип жүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Укуктук маалымат башкармалыгы расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Пробациялык жана соттук-эксперттик иш чөйрөсүндөгү саясат башкармалыгы ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына маалымат үчүн жиберсин.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары С. Самидин уулуна жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Маалымат жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борбордук порталында www.egov.kg 2026-жылдын 28-майында жарыяланды.
Министр |
| А. Б. Баетов |