Загрузка документа…
КИЧИ-КЕМИН АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-апрели № 14
Жер участогун категориялар аралык которууга (трансформациялоого)
«Грин Энерджи» ЖЧКсынын кайрылуусун (чыг. №03/02-26, 18.02.2026-ж.),»Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын (чыг:№01-2/274,26.02.2026-ж) маалыматы жана «Кыргызгипрозем» мамлекеттик ишканасынын №01-6/2778 (23.10.2025-ж.) корутундусун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12, 20 жана 45-беренелеринин, «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1, 6 жана 9-беренелеринин, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын негизинде, Кичи-Кемин айылдык кеңеши (чыг. №03/02-26, 18.02.2026-ж.) кайрылууну карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичи-Кемин айыл аймагынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 7,0 га жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын жана башка багыттагы жерлер» категориясына «Грин Энерджи Кемин» ЖЧКсына кичи ГЭС куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. «Кыргызгипрозем» МИнин экспликациясына ылайык которула турган жерлердин курамы төмөнкүдөй аныкталсын:
- Жайыттар (№1977,1978,1979,1986,1986,1988,2073,2074 — 5,27 га;
- Курулуштардын астындагы жерлер (№1985-контур) — 0,08 га;
- Дарыялардын жана суулардын астындагы жерлер (№1785-контур) — 0,16 га;
- Семенов каналы-1,11га;
- Бадалдар баскан жерлер (№2053-контур) — 0,36 га.
- Огород астындагы жерлер (№1980-контур)-0,02
- Жалпы аянты – 7,0 га .
3. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Тиешелүүу руксат берүүчү документтерди даярдоо жана макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Кемин филиалы жана Кемин архитектура жана шаар курулушу бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кичи-Кемин айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн
Төрага |
| С.М.Зарипов |