Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 11-декабрь № 01-7/100
Айылдык кеңештин 2025-жылдын 21-апрелиндеги №01-7/37 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-апрелиндеги №01-7/37 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- 1-чи пунктуна төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
“Сокулук айылынын Краснодарская көчөсү №62 дарегинде жайгашкан З.Рамановага таандык жеке менчик жер тилкесинде жашоочуларды иче турган таза суу менен камсыз кылуучу суу мунарасы жайгашкандыктан, Сары-Өзөн айыл өкмөтүнө караштуу “Таза-Айыл” муниципалдык ишканасы жер ээси З.Раманова менен суу мунарасынан мамлекетке таандык мектепке чейинки билим берүү (бала-бакча), мектеп жана калкты таза суу менен камсыз кылуу максатында убактылуу пайдалануу келишими түзүлсүн;
- 2-пунктта жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багыты төмөндөгүдөй мазмунда өзгөртүлсүн:
“Мал базар алдындагы жер тилкеден” “Айыл чарбалык өндүрүш имараттар, жайлар жана курулмалар (жер жемиш сактоочу кампа) жер тилкесине” өзгөртүүгө макулдук берилсин”.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышовага жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |