Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 24-апрели № 280
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларын өткөрүп берүү жөнүндө
Мамлекеттик акциялар пакетин башкарууну борборлоштуруу, мамлекеттик жөнгө салуу функцияларын бөлүштүрүү жана мамлекеттин акционер катары ыйгарым укуктарын ишке ашыруу, мамлекеттин катышуусу бар акционердик коомдордо корпоративдик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунда акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функциялар Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттин катышуу үлүшү бар айрым чарбалык коомдордо акционер (катышуучу) катары чыгуу боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пунктта "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунда," деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |