Редакцияот 30.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 30-майы № 322

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна

өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

 

Мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуу процессин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 300 «Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу «Кыргызтранснефтегаз» мамлекеттик ишканасынын уставында:

– 20-пункттун сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«– Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;».

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 12-майындагы № 322 № 34 (3794) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев