Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-апрели № 298
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Банкрот процессинин жол-жоболорунун натыйжалуулугун жогорулатуу, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана кызматкерлерин социалдык коргоону камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 514 «Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаменттин өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фонду жөнүндө жободо:
1) 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Өнүктүрүү фондунун каражаттары республикалык бюджеттен Департаменттин эмгек акы төлөө фондунун өлчөмүндө каржылоонун эсебинен түзүлөт.»;
2) 3-пункттун 1-пунктчасында:
– биринчи абзацтагы «80» деген цифралар «90» деген цифраларга алмаштырылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– консалтингдик, баалоочу, аудитордук, юридикалык жана башка уюмдар көрсөтүүчү кызматтарга, эксперттердин жана адистердин ишине акы төлөөгө;
– компьютердик жабдууларды, программалык камсыздоону, уюштуруу техникасын, байланыш каражаттарын, эмеректерди, комплекттөөчүлөрдү сатып алууга, оңдоого жана техникалык тейлөөгө;
– стандарттарды, методикаларды, колдонмолорду ж.б. түзүү боюнча илимий-изилдөө иштерине акы төлөөгө;
– натыйжалуу ишти камсыз кылуу үчүн Департаменттин материалдык-техникалык жана социалдык базасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого;»;
3) 3-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 1-майындагы № 33 (3793) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |