Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 21-майы № 72
Атаандаштык жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары
1. Ушул Мыйзам атаандаштыкты коргоонун жана өнүктүрүүнүн уюштуруу жана укуктук негиздерин аныктайт жана монополиялык иштин жана ак ниет эмес атаандаштыктын алдын алууга, чектөөгө, бөгөт коюуга, ошондой эле Кыргыз Республикасында рыноктордун натыйжалуу иштөөсүн үчүн шарттарды камсыз кылууга багытталган.
2. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдары (мындан ары - монополияга каршы мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк юридикалык жактар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан атаандаштыкты коргоого жана өнүктүрүүгө байланышкан мамилелерге жайылтылат.
2. Монополияга каршы мыйзамдардын чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата колдонулушу мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин уюштуруу-укуктук формасына жана катталган жерине карабастан окшош түрдө жана бирдей ченемде жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Мыйзамдын жоболору Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ата мекендик жана (же) чет өлкөлүк жактардын же болбосо уюмдардын ортосунда жетишилген макулдашууларга, ошондой эле алар жасаган иш-аракеттерге колдонулат, эгерде мындай макулдашуулар же иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын аймагындагы атаандаштыктын абалына таасирин тийгизсе. Мындай бузуулар эл аралык уюмдар менен иштөөнүн алкагында эки тараптуу макулдашууларды түзүү аркылуу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнүн башка ыкмалары менен монополияга каршы орган тарабынан каралат.
4. Ушул Мыйзамдын ченемдери трансчек аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелери менен жөнгө салынган мамилелерге жайылтылбайт, алардын сакталышын контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Евразия экономикалык комиссиясынын компетенциясында турат.
3-берене. Атаандаштык жаатындагы мамлекеттик саясат
1. Атаандаштык чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан иштелип чыгат.
2 Банктык кызмат көрсөтүүлөр жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү башка уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү рыногунда монополияга каршы жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү коммерциялык банктар жана башка юридикалык жактар тарабынан милдеттүү түрдө аткарылуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
3. Министрлер Кабинети атаандаштык чөйрөсүндөгү өзүнүн мамлекеттик саясатынын, анын ичинде ыйгарым укуктуу органдардын иши жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана Интернет тарамында жайгаштыруу аркылуу маалыматтык ачыктыкты камсыз кылат.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) аффилирленген жак - башка жеке же юридикалык жак тарабынан кабыл алынган чечимдерге төмөнкүлөрдөн улам тике же кыйыр түрдө таасир эте алган кандай болбосун жеке же юридикалык жак:
- түзүлгөн келишимден;
- акциялардын ири пакетине (үлүшкө) ээ болуудан;
- юридикалык жактын кызмат адамы болуп саналуусунан;
- жогоруда аталган негиздер боюнча башка жеке же юридикалык жак контролду жүзөгө ашырышы мүмкүн болгон жеке же юридикалык жак;
2) вертикалдуу макулдашуу - бирөө товарды сатып алган же аны потенциалдуу сатып алуучу болгон, ал эми экинчиси товарды берген же аны потенциалдуу сатуучу болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу;
3) өз ара алмаштырылуучу товарлар - алардын функциялык багыты, колдонулушу, сапаттык жана техникалык мүнөздөмөлөрү, баасы жана башка параметрлери боюнча сатып алуучу керектөө (өндүрүү) процессинде бир товарды башкага алмаштыргандай же алмаштыра алгандай салыштырылуучу товарлардын тобу;
4) горизонталдык макулдашуулар - товарларды бир товардык рынокто сатуучу же болбосо товарларды бир товардык рынокто сатып алуучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу;
5) мамлекеттик же муниципалдык преференциялар - Министрлер Кабинети же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге артыкчылыктарды берүү, бул аларга мамлекеттик же муниципалдык мүлктү, жарандык укуктун башка объекттерин берүү же болбосо мүлктүк жеңилдиктерди, мамлекеттик же муниципалдык кепилдиктерди берүү аркылуу иштин бир кыйла пайдалуу шарттарын камсыз кылат;
6) басмырлоочу же өзгөчө шарттар - рынокко жетүүнүн шарттары, товарды өндүрүүнүн, алмашуунун, керектөөнүн, сатып алуунун, сатуунун, башкача берүүнүн шарттары, мында чарба жүргүзүүчү субъект же чарба жүргүзүүчү бир нече субъект чарба жүргүзүүчү башка субъектке (субъекттерге) салыштырмалуу тең абалга коюлбайт;
7) картель - бардык катышуучулар үчүн өндүрүштүн көлөмү, баалары, сатуу рыногундагы үлүшү жана башкалар боюнча милдеттүү шарттар белгиленүүчү, бир тармактагы чарба жүргүзүүчү субъекттердин бирикмеси. Картелдик макулдашууга кирген чарба жүргүзүүчү субъекттер өздөрүнүн юридикалык жана чарбалык өз алдынчалыгын сактап калат;
8) сатып алуучунун компенсациялоочу күчү - сатып алуучунун товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларына жана сатуу шарттарына таасир этүү жөндөмдүүлүгү, тактап айтканда, баасы жана сапаты боюнча бир кыйла пайдалуу товар же кызмат көрсөтүүлөр бар болгондо, сатып алуучуда атаандаштарга өтүү мүмкүнчүлүгүнүн болуусу;
9) атаандаштык - чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокто эркин жарышуусу, анда алардын өз алдынча иш-аракеттери тиешелүү рынокто товарларды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына алардын ар биринин бир тараптуу таасир тийгизүү боюнча мүмкүнчүлүгүн чектейт жана керектөөчү талап кылган товарларды өндүрүүгө дем берет;
10) контрагент - келишимдин катышуучусу, өнөктөш, ал бүтүмдүн башка катышуучусуна каршы турат;
11) экономикалык ишти координациялоо - мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир дагы тобуна кирбеген жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттери макулдашылуучу товардык рынокто (товардык рыноктордо) иш жүргүзбөгөн үчүнчү адам тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттерин макулдашуу. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин вертикалдуу макулдашуулардын алкагында жүргүзүлүүчү иш-аракеттери экономикалык ишти координациялоо болуп саналбайт;
12) монополия - бир адамга, адамдардын тобуна же мамлекетке таандык болгон өндүрүштүн, сатып алуунун, сатуунун, алмашуунун өзгөчө укугу (мүмкүнчүлүгү) менен аныкталган рыноктун абалы;
13) монополиялык иш - чарба жүргүзүүчү субъекттин, адамдардын тобунун өзүнүн үстөмдүк абалын кыянаттык менен пайдалануусу, монополияга каршы мыйзамдарга каршы келген макулдашуулар же макулдашылган иш-аракеттер, чарба жүргүзүүчү субъекттердин (адамдардын тобунун), мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга багытталган аракеттери (аракетсиздиги);
14) монополиялык жогорку баа - эгерде бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын жана пайданын суммасынан, ошондой эле товарды сатып алуучулардын же сатуучулардын курамы, товарды жүгүртүү шарттары, товардык рынокко чыгуу шарттары, мамлекеттик жөнгө салуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо салык салуу, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу боюнча салыштырылуучу товардык рынокто (мындан ары - салыштырылуучу товардык рынок) атаандаштык шартында түзүлгөн баадан ашса, үстөмдүк кылуучу абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы. Табигый монополиялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган мындай товарга тарифтин чегинде табигый монополиянын субъекти тарабынан белгиленген баа монополиялык жогорку баа деп таанылбайт;
15) монополиялык төмөн баа - эгерде бул баа мындай товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгашалардын жана пайданын суммасынан төмөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында же анын чегинен тышкары мындай рынок болгондо салыштырылуучу товардык рыноктогу атаандаштык шарттарында түзүлгөн баадан төмөн болсо, үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы;
16) ак ниеттүү эмес атаандаштык - чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишкердик иште артыкчылыктарды алууга багытталган, ушул Мыйзамдын жоболоруна, иш жүргүзүүнүн салттарына, ак ниеттиктин, аң-сезимдүүлүктүн, адилеттүүлүктүн талаптарына каршы келген жана чарба жүргүзүүчү башка субъекттерге-атаандаштарга чыгым же болбосо алардын ишкердик беделине зыян келтириши мүмкүн болгон же келтирген кандай болбосун иш-аракеттери;
17) атаандаштыкты чектөөнүн белгилери - рынокто адамдардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин санын кыскартуу; рынокто товарды жүгүртүүнүн башка жалпы шарттарынын тиешелүү өзгөрүүлөрүнө байланышпаган товардын баасынын өсүшү же төмөндөшү; адамдардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин рынокто өз алдынча иш-аракеттерден баш тартуусу; чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашуу же алар аткарууга милдеттүү болгон башка адамдын көрсөтмөсү менен же болбосо адамдардын бир тобуна кирбеген чарба жүргүзүүчү субъекттердин өзүнүн иш-аракеттерин макулдашуусунун натыйжасында рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарын аныктоо; ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъект же чарба жүргүзүүчү бир нече субъект үчүн рынокто товар жүгүртүүнүн жалпы шарттарына бир тараптуу тартипте таасир этүүгө мүмкүндүк түзүүчү башка жагдайлар;
18) региондук (локалдык) товар рыногу - тиешелүү аймакта же анын бөлүгүндө товарды сатып алууга сатып алуучунун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталуучу, региондун аймагында же анын бөлүгүндө товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү жана анын чегинен тышкары мындай мүмкүнчүлүктүн жоктугу;
19) республикалык товар рыногу - Кыргыз Республикасынын аймагында товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жүгүртүү чөйрөсү;
20) рынок (товар рыногу) - башка товар менен алмаштырууга мүмкүн болбогон товарды же бирине-бирин алмаштырылуучу товарларды жүгүртүү чөйрөсү, анын чегинде (анын ичинде географиялык) экономикалык, техникалык же башка мүмкүнчүлүктөн же болбосо максатка ылайыктуулуктан улам сатып алуучу товарды сатып ала алат жана анын чегинен тышкары мындай мүмкүнчүлүк же болбосо максатка ылайыктуулук жок;
21) рыноктун күчү - чарба жүргүзүүчү субъекттин жана (же) адамдардын тобунун рынокко таасир этүү максатында атаандаштарынан көз карандысыз иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгү;
22) тарамдык таасир - маалыматтык-телекоммуникациялык тарамдардагы, анын ичинде белгилүү бир товарларды сатуучулардын жана сатып алуучулардын ортосунда бүтүмдөрдү жасоону камсыз кылуучу Интернет тарамындагы электрондук эсептөө машиналары үчүн программанын (программалардын жыйындысынын) керектөө баалуулугу мындай сатуучулардын жана сатып алуучулардын санынын өзгөрүшүнө жараша өзгөргөн товардык рыноктун (товардык рыноктордун) өзгөчөлүгү. Тарамдык таасир түз (товардын керектөө баалуулугунун бир эле ошол топтогу керектөөчүлөрдүн санына көз карандылыгы) жана кыйыр (керектөөчүлөрдүн бир тобу үчүн товардын керектөө баалуулугунун башка топтогу керектөөчүлөрдүн санына көз карандылыгы) болушу мүмкүн;
23) монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутуму (монополияга каршы комплаенс) - эгерде мындай ички акт бул чарба жүргүзүүчү субъектке колдонулса, чарба жүргүзүүчү субъекттин, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же ушул чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирген адамдардын ичинен башка адамдын ички актысында каралган жана монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоого жана анын бузулушунун алдын алууга багытталган укуктук жана уюштуруу чараларынын жыйындысы;
24) монополисттик ишти системалуу жүргүзүү - чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталган монополисттик иштин бир жылдын ичинде экиден ашык жолу жүргүзүлүшү;
25) макулдашуу - документте же бир нече документте камтылган жазуу жүзүндөгү келишим, ошондой эле оозеки формадагы келишим;
26) товар - жарандык укуктардын сатуу, алмашуу же башка жүгүртүүгө киргизүү үчүн багытталган объекти (анын ичинде жумуш, кызмат көрсөтүү финансылык кызмат көрсөтүү);
27) ыйгарым укуктуу орган - өзүнүн жобосуна ылайык монополияга каршы органдын функцияларын жүзөгө ашыруучу жана тиешелүү чөйрөдө атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү үчүн монополияга каршы мыйзамдарда каралган чараларды кабыл алуучу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү;
28) финансылык уюм - финансылык кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
29) финансылык кызмат көрсөтүү - банктык кызмат көрсөтүү, төлөм кызматын көрсөтүү, камсыздандыруу кызматын көрсөтүү, баалуу кагаздар рыногундагы кызмат көрсөтүү, лизинг келишими боюнча кызмат көрсөтүү, ошондой эле финансылык уюм тарабынан көрсөтүлүүчү жана юридикалык жана жеке жактардын акча каражаттарын тартууга жана (же) жайгаштырууга байланыштуу көрсөтүлүүчү кызмат;
30) чарба жүргүзүүчү субъект - юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү жана лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик каттоого жана (же) лицензияланууга тийиш болгон, ага киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашыруучу коммерциялык уюм жана коммерциялык эмес уюм, жана чет өлкөлүк юридикалык жактар, ошондой эле киреше алып келүүчү ишти жүргүзгөн, салык мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер;
31) санарип платформалар - Интернет тарамы аркылуу бирдиктүү онлайн чөйрөдө товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү же маалыматты алмашуу процессинде товардык рыноктун ар кандай катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсү үчүн багытталган маалымат тутумдары. Алардын алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндө турган уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрү сунушталган санарип платформаларды түзүү, иштетүү жана монополияга каршы жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат;
32) экономикалык концентрация - аларды жүзөгө ашыруу атаандаштыктын абалына таасирин тийгизүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттин бүтүмдөрү, башка иш-аракеттери.
5-берене. Монополияга каршы мамлекеттик орган
1. Монополияга каршы мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тиешелүү чөйрөдөгү атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо, монополиялык ишти жана ак ниет эмес атаандаштыкты чектөө, бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырат жана өз милдеттерин аткарууда көз карандысыз болуп саналат.
2. Монополияга каршы мамлекеттик органдын жобосу Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
3. Монополияга каршы мамлекеттик орган республикалык бюджеттен, монополияга каршы ыйгарым укуктуу органдын өнүктүрүү жана материалдык камсыздоо фондунан каржыланат. Каржылоонун тартиби жана өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6-берене. Үстөмдүк абал
1. Үстөмдүк (монопсониялык) абал катары тиешелүү рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин же чарба жүргүзүүчү субъекттердин учурдагы рыноктук күчү таанылат, мында ал атаандаштарынан, кардарларынан жана керектөөчүлөрүнөн өзүн белгилүү деңгээлде көз карандысыз алып жүрүшү мүмкүн.
2. Рынокто төмөнкүдөй чарба жүргүзүүчү субъекттин (финансылык уюмдарды кошпогондо) абалы үстөмдүк абал катары таанылат:
1) тиешелүү рыноктогу үлүшү 35 пайызды түзгөн же андан жогору болгон, эгерде монополияга каршы орган тарабынан ушул Мыйзамды бузуу жөнүндө ишти кароодо же экономикалык концентрацияны мамлекеттик контролдоону жүзөгө ашырууда көрсөтүлгөн чоңдуктан ашып кеткендигине карабастан, чарба жүргүзүүчү субъекттин товардык рыноктогу абалы үстөмдүк абалда болуп саналбагандыгы белгиленбесе;
2) тиешелүү рыноктогу үлүшү 35 пайыздан аз болгон, бирок 15 пайыздан кем болбогон, эгерде мындай чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалы монополияга каршы орган тарабынан ошол рыноктогу анын атаандаштарынын үлүшүнүн өлчөмдөрүнө караганда товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттин үлүшүнүн өзгөрбөгөндүгүнө же бир аз гана өзгөргөндүгүнө жараша белгиленсе жана эгерде тиешелүү рынокто төмөнкүдөй сапаттык белгилердин бири же андан көбү болсо:
а) чарба жүргүзүүчү субъектте товарлардын баасынын деңгээлин бир тараптуу тартипте аныктоо жана тиешелүү товардык рынокто атаандаштарынан көз карандысыз аракеттенүү мүмкүнчүлүгү болсо;
б) берүүлөрдүн чынжырынын бир нече деңгээлинде анын катышуу даражасын кошкондо, тиешелүү рыноктогу башка атаандаштарга салыштырмалуу чарба жүргүзүүчү субъекттин жана анын ресурстарынын олуттуу рыноктук күчү жана өлчөмү;
в) жаңы же учурдагы атаандаштар үчүн тиешелүү товардык рынокко жетүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде кирүү же кеңейтүү үчүн экономикалык, технологиялык жана административдик чектөөлөрдөн улам татаал болсо;
г) сатып алуучунун компенсациялык, үстөмдүк кылуучу чарба жүргүзүүчү субъектти кармоого жөндөмдүү күчү жок болсо же чектелсе;
д) бул чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан сатылган же сатып алынган товар керектөөдө (анын ичинде өндүрүштүк максатта керектөөдө) башка товар менен алмаштырылууга мүмкүн болбосо;
е) товардын баасынын өзгөрүшү бул товарга болгон суроо-талаптын тийиштүү төмөндөөсүнө алып келбесе.
3. Чарба жүргүзүүчү ар бир субъекттин же чарба жүргүзүүчү бир нече субъекттин (финансылык уюмдарды кошпогондо) ага карата жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылуучу абалы үстөмдүк абал деп таанылат:
1) чарба жүргүзүүчү үчтөн ашпаган субъекттин жыйынды үлүшү 50 пайыздан ашса, ошол эле учурда алардын ар биринин үлүшү бул рыноктогу башка субъекттердин үлүшүнөн көп болсо же чарба жүргүзүүчү бештен ашпаган субъекттин жыйынды үлүшү 70 жана андан ашык пайызды түзсө, ошол эле учурда алардын ар биринин үлүшү тиешелүү рыноктогу чарба жүргүзүүчү башка субъекттердин үлүштөрүнөн көп болсо (эгерде көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин жок дегенде биринин үлүшү 10 пайыздан аз болсо ушул жобо колдонулбайт);
2) узак мезгил аралыгында (бир жылдан кем эмес аралыкта же эгерде мындай мөөнөт бир жылдан аз болсо - тиешелүү рыноктун иштөө мөөнөтүндө) чарба жүргүзүүчү субъекттердин үлүштөрүнүн салыштырмалуу өлчөмдөрү өзгөрүлбөсө же анча маанилүү эмес өзгөрүүлөргө дуушар болсо, ошондой эле жаңы атаандаштардын тиешелүү товардык рынокко кирүүсү кыйын болсо;
3) мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер (рыноктун субъекттери) тарабынан сатылуучу же сатып алынуучу товардын керектөөдө, анын ичинде өндүрүштүк максаттарда керектөөдө башка товар менен алмаштырылбастыгы, товардын баасынын өсүшүнүн бул товарга суроо-талаптын төмөндөшүнүн тиешелүү деңгээли менен шартталбагандыгы, тиешелүү товардык рынокто бул товардын баасы, адамдардын белгисиз чөйрөсү тарабынан сатуу же сатып алуу шарттары жөнүндө маалыматтын жеткиликтүүлүгү.
4. Табигый монополия абалында турган товардык рынокто табигый монополиянын субъекти болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттин абалы үстөмдүк абал деп таанылат.
5. Монополияга каршы орган жыйынды (жамааттык) үстөмдүктү аныктоо үчүн төмөнкүдөй сапаттык факторлорду эске алат:
1) өздөрүнүн кардарларына, атаандаштарына, сатып алуучуларына көз карандысыз иш-аракет жүргүзүүгө мүмкүндүк берген, кызыкдар чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы экономикалык байланыштар же факторлор, анын ичинде акцияларга ээ болуу, биргелешкен ишканаларга катышуу же башкаруу кызмат орундарынын айкалышуусу;
2) кызыкдар чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы саясатты кабыл алуусуна өбөлгө түзүүчү кандай болбосун байланыштыруучу факторлор же түзүмдөр;
3) координациялоо шарттарына жетүүгө жана алардын сакталышын контролдоого жөндөмдүү чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы жашыруун координация.
6. Финансылык уюмдардын (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү уюмдарды кошпогондо) абалы үстөмдүк абал болуп таанылат, эгерде:
1) финансылык уюмдун белгилүү бир финансылык рыноктогу үлүшү 35 же андан ашык пайызды түзсө;
2) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон эки финансылык уюмдун жыйынды үлүшү алардын иши адамдардын тобу жана (же) аффилирленген адамдар жана (же) атаандаштыкты чектөө белгилери табылган катары далилденген шартта 50 же андан көп пайызды түзсө;
3) финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн тийиштүү рыногундагы эң көп үлүш таандык болгон үч финансылык уюмдун жыйынды үлүшү алардын иши адамдардын тобу жана (же) аффилирленген адамдар жана (же) атаандаштыкты чектөө белгилери табылган катары далилденген шарттарда 70 же андан көп пайызды түзсө.
7. Сатуучулардын жана сатып алуучулардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүү санарип платформаны пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылган товардык рыноктогу (товардык рыноктордогу) атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүүдө монополияга каршы орган тарамдык таасирдин болушун белгилейт жана санарип платформага ээ болгон жана аны пайдалануу аркылуу белгилүү бир товарларды сатуучу жана сатып алуучу катары чыккан башка адамдардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүүнү камсыз кылган чарба жүргүзүүчү субъекттин тиешелүү товардык рынокто товарды жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир тийгизүү жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди товардык рыноктон четтетүү жана (же) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге, анын ичинде мындай санарип платформа аркылуу түзүлүүчү бүтүмдөрдүн санынын эсебинен товардык рынокко кирүүсүн кыйындатуу мүмкүнчүлүгүн баалайт.
8. Чарба жүргүзүүчү субъекттин үстөмдүк абалын белгилөөдө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте атаандаштык чөйрөсүнүн абалын баалоо жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын товардык рынокторундагы атаандаштыктын абалы жана аларга атаандаштык эрежелеринин бузулушуна бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө жылдык отчет Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берилет жана монополияга каршы органдын Интернет тарамындагы расмий сайтына жайгаштырылат.
9. Чарба жүргүзүүчү субъект ушул Мыйзамдын бузулушуна жол бербөө максатында товардык рыноктогу өзүнүн абалына талдоо (мониторинг) жүргүзүүгө жана анын товардык рыноктогу абалы үстөмдүк абал катары таанылышы мүмкүн эмес деген далилди монополияга каршы органга берүүгө укуктуу.
7-берене. Товардын монополиялык жогорку баасы
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан, анын ичинде төмөнкүдөй жол менен белгиленген баа товардын монополиялык жогорку баасы болуп эсептелет:
1) товардын мурда белгиленген баасын жогорулатуу аркылуу, эгерде мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;
б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүүсүз калса же болбосо товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү олуттуу болуп саналбаса;
в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;
2) товардын мурда белгиленген баасын сактоо же төмөндөтпөө аркылуу, эгерде мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар олуттуу төмөндөсө;
б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасын төмөндөтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн шарттаса;
в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары товардын баасын төмөндөтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылса.
2. Товардын баасы салыштырмалуу товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн бааны ашырбаган учурда, ошондой эле инновациялык иштин, башкача айтканда, өз ара бирин-бири алмаштырбаган жаңы товарды өндүрүүгө алып келүүчү иштин натыйжасы болуп саналган товардын баасы монополиялык жогорку баа деп таанылбайт.
Эгерде салыштырмалуу товардык рынокто, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары атаандаштык шартында түзүлгөн бааны аныктоого мүмкүн болбосо, чарба жүргүзүүчү субъекттин чыгымдарына жана пайдасына талдоо жүргүзүлөт жана товардын негизделген баасы аныкталат.
3. Монополиялык жогорку бааны аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
8-берене. Товардын монополиялык төмөн баасы
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан, анын ичинде төмөнкүдөй жол менен белгиленген баа товардын монополиялык төмөн баасы болуп эсептелет:
1) товардын мурда белгиленген баасын төмөндөтүү аркылуу, эгерде мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө өлчөмдөш келбесе;
б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы өзгөрүүсүз калса же болбосо товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамынын өзгөрүшү олуттуу болуп саналбаса;
в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары өзгөрүүсүз калса же алардын өзгөрүүсү товардын баасынын өзгөрүшүнө шайкеш келбесе;
2) товардын мурда белгиленген баасын сактоо же жогорулатпоо аркылуу, эгерде мында жалпысынан төмөнкүдөй шарттар аткарылса:
а) товарды өндүрүү жана сатуу үчүн зарыл болгон чыгымдар олуттуу көтөрүлсө;
б) товарды сатуучулардын же сатып алуучулардын курамы товардын баасын көбөйтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн шарттаса;
в) товардык рынокто, анын ичинде салык салууну, бажы-тарифтик, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну кошкондо, мамлекеттик жөнгө салуу чаралары менен шартталган товарды жүгүртүү шарттары товардын баасын көбөйтүү жагына өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылса.
2. Төмөнкүдөй учурларда товардын баасы монополиялык төмөн баа деп таанылбайт, эгерде:
1) ал салыштырмалуу товардык рынокто атаандаштык шартында түзүлгөн баадан төмөн болбосо;
2) товарды сатуучу тарабынан аны белгилөө товарды сатуучулар же сатып алуучулар менен тиешелүү товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин бир тобуна кирбеген адамдардын санынын кыскарышына байланыштуу атаандаштыкты чектөөгө алып келбесе же алып келиши мүмкүн болбосо.
3. Монополиялык төмөн бааны аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
9-берене. Монопсониялык абал жана монопсониялык төмөн баа
1. Чарба жүргүзүүчү субъект же адамдардын тобу же чарба жүргүзүүчү бир нече субъект же адамдардын тобу товар сатып алган белгилүү бир товар рыногундагы ушундай чарба жүргүзүүчү субъекттин же адамдардын тобунун же чарба жүргүзүүчү бир нече субъекттин же адамдардын тобунун үстөмдүк абалы монопсониялык абал деп таанылат.
2. Монопсониялык абал ушул Мыйзамдын 6-беренесине ылайык белгиленет.
3. Монопсониялык абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан белгиленген товардын баасы монопсониялык төмөн баа болуп саналат, эгерде:
1) бул баа монопсониялык абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъектке товарларды өндүрүүгө жана (же) сатууга сарптоолорду төмөндөтүү аркылуу кошумча киреше алууга мүмкүндүк берсе;
2) бул баа мындай товарды өндүрүүчү жана сатуучу чарба жүргүзүүчү субъектке зарыл болгон суммадан аны өндүрүү жана сатуу үчүн сарптоолордон жана пайдадан төмөн болсо.
10-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттери
1. Товардык рыноктогу чарба жүргүзүүчү субъекттердин төмөнкүдөй шарттардын жыйындысын канааттандыруучу иш-аракеттери чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган иш-аракеттери болуп саналат:
1) мындай иш-аракеттердин натыйжалары чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар биринин кызыкчылыгына шайкеш келген;
2) алардын биринин мындай иш-аракеттерди жасагандыгы жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу аларга катышкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ар бирине иш-аракеттер мурда белгилүү болгон;
3) рыноктун көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ар биринин иш-аракеттери макулдашылган иш-аракеттерге катышкан башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттеринен улам келип чыккан жана тиешелүү товардык рыноктогу бардык чарба жүргүзүүчү субъекттерге бирдей таасир этүүчү жагдайлардын натыйжасы болуп саналбайт. Мындай жагдайлар катары, атап айтканда, жөнгө салынуучу тарифтердин өзгөрүүсү, товарды өндүрүү үчүн колдонулуучу чийки затка баалардын өзгөрүүсү, дүйнөлүк товар рынокторунда товарга баалардын өзгөрүүсү, бир жылдан кем эмес же, эгерде бул мөөнөт бир жылдан кемди түзсө, тиешелүү товар рыногу иштеген мөөнөт ичинде товарга болгон суроо-талаптын олуттуу өзгөрүүсү болушу мүмкүн.
2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин иш-аракеттери жазуу жүзүндөгү макулдашуунун бар экендигине карабастан макулдашылган деп таанылат.
11-берене. Адамдардын тобу
1. Төмөнкү белгилердин бирине же бир нечесине ылайык келген жеке жактардын жана (же) юридикалык жактардын жыйындысы адамдардын тобу деп таанылат:
1) чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жеке жак же юридикалык жак, эгерде мындай жеке жак же мындай юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъектке катышкандыктан же болбосо башка жактардан алган ыйгарым укуктарга ылайык ошол чарба жүргүзүүчү субъекттин уставдык капиталындагы добуш берүүчү акцияларына (үлүштөргө) туура келген добуштардын жалпы санынын 50 пайыздан ашыгына ээ болсо;
2) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгерде мындай жеке жак же мындай юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъекттин жалгыз аткаруу органынын функцияларын жүзөгө ашырса;
3) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгерде мындай жеке жак же мындай юридикалык жак ушул чарба жүргүзүүчү субъекттин уюштуруу документтеринин же ушул чарба жүргүзүүчү субъект менен түзүлгөн келишимдин негизинде ушул чарба жүргүзүүчү субъектке милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу болсо;
4) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгерде мындай жеке жактын же мындай юридикалык жактын сунушу боюнча ушул чарба жүргүзүүчү субъекттин жалгыз аткаруучу аткаруу органы дайындалса же шайланса;
5) чарба жүргүзүүчү субъект жана жеке жак же юридикалык жак, эгерде мындай жеке жактын же мындай юридикалык жактын сунушу менен коллегиалдуу аткаруучу органдын же ушул чарба жүргүзүүчү субъекттин директорлор кеңешинин (байкоочу кеңешинин) сандык курамынын 50 пайыздан ашыгы шайланса;
6) коллегиалдуу аткаруучу органынын жана (же) директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) сандык курамынын 50 пайыздан ашыгын бир эле ошол жеке жактар түзгөн чарба жүргүзүүчү субъекттер;
7) жеке жак, анын күйөөсү/аялы, ата-энеси (анын ичинде асырап алуучулары), балдары (анын ичинде асырап алынгандар), бир тууган же аталаш/энелеш ага-инилер жана эже-сиңдилер, карындаштар;
8) ар бири ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири боюнча бир эле ошол адам менен бир топко кирген адамдар, ошондой эле мындай адамдардын ар бири менен ушул бөлүктүн 1-7-пункттарында көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири боюнча бир топко кирген башка адамдар;
9) ушул бөлүктүн 1-8-пункттарында көрсөтүлгөн белгилердин кайсы бири боюнча адамдардын тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттер, жеке жактар жана (же) юридикалык жактар, эгерде мындай жактар ушул чарба жүргүзүүчү субъектке биргелешип катышкандыгына байланыштуу же башка жактардан алган ыйгарым укуктарына ылайык ушул чарба жүргүзүүчү субъекттин уставдык капиталындагы добуш берүүчү акцияларына (үлүштөрүнө) туура келген добуштардын жалпы санынын 50 пайыздан ашыгына ээ болсо.
2. Чарба жүргүзүүчү субъекттин товардык рыноктогу аракетине (аракетсиздигине) ушул Мыйзамда белгиленген тыюу салуулар ушул адамдардын тобуна кирген адамдардын тобунун жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракетине (аракетсиздигине) жайылтылат.
12-берене. Монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутуму (монополияга каршы комплаенс)
1. Монополияга каршы мыйзамдарды сактоо жана аны бузуунун алдын алуу максатында чарба жүргүзүүчү субъекттер монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумун уюштурууга же болбосо башка адистештирилген уюмду тартууга укуктуу.
2. Монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумун уюштуруу үчүн чарба жүргүзүүчү субъект ички актыны кабыл алат жана/же анын ичинде ушул чарба жүргүзүүчү субъект менен адамдардын бир тобуна кирген адамдардын ичинен башка адамдын башка ички актыларын колдонот, эгерде мындай ички актылар ушул чарба жүргүзүүчү субъектке жайылтылса. Көрсөтүлгөн ички актылар жыйындысында төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан өзүнүн ишин жүзөгө ашыруу менен байланышкан монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тобокелдиктерине баалоо жүргүзүү тартибине карата талаптар;
2) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан өзүнүн ишин жүзөгө ашырууга байланышкан монополияга каршы мыйзамдарды бузуу тобокелдиктерин төмөндөтүүгө багытталган чаралар;
3) монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумунун иштөөсүн чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан контролдоону жүзөгө ашырууга багытталган чаралар;
4) чарба жүргүзүүчү субъекттин кызматкерлерин ички акты менен тааныштыруу тартиби;
5) монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумунун иштөөсү үчүн жооптуу жак же башка ыйгарым укуктуу уюм жөнүндө маалымат.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ички актыны кабыл алууда чарба жүргүзүүчү субъект ага монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына шайкештикти ички камсыз кылуу тутумун уюштурууга карата кошумча талаптарды киргизүүгө укуктуу.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ички актыны кабыл алуу (колдонуу) жөнүндө маалымат чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан расмий сайтка жайгаштырылат.
5. Чарба жүргүзүүчү субъект ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ички актыны же ички актынын долбоорун алардын монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкештигин аныктоо үчүн монополияга каршы органга жиберүүгө укуктуу.
6. Монополияга каршы орган отуз жумуш күндүн ичинде ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жиберилген ички актыны же ички актынын долбоорун карап чыгат жана алардын монополияга каршы мыйзамдын талаптарына шайкеш же шайкеш эместиги жөнүндө корутунду берет.
7. Үстөмдүк кылуучу чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан монополияга каршы мыйзамдын талаптары бузулган учурда жоопкерчиликтен бошотуу жана жеңилдетүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
13-берене. Үстөмдүк абалдан кыянаттык менен пайдалануу
Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъекттин (адамдардын тобунун) өзүнүн натыйжасы менен атаандаштыкты чектеген жана (же) чарба жүргүзүүчү башка субъекттердин же жеке жактардын кызыкчылыктарын басмырлаган аракеттерине (аракетсиздиктерине), анын ичинде төмөнкүдөй аракеттерге тыюу салынат:
1) чарба жүргүзүүчү башка субъекттердин рынокко жетүүсүнө тоскоолдуктарды жаратуу же баш тартуу;
2) керектөөчүлөргө зыян келтирүү менен атайылап жана (же) негизсиз түрдө өндүрүштү, рынокторду же техникалык өнүгүүнү чектөө же болбосо товарды жүгүртүүдөн алып коюу;
3) контрагентке сооданын башка катышуучулары менен сатуу каналдары жана төлөө ыкмалары боюнча эквиваленттүү бүтүмдөрдүн шарттарынан айырмаланган же келишимдин предметине тийиштүү эмес (финансылык каражаттарды, башка мүлктү, мүлктүк укуктарды, контрагенттин жумушчу күчүн жана башкаларды берүүгө негизсиз талаптар), контрагентти пайдасыз абалга алып келген келишимдин шарттарын таңуулоо;
4) контрагентке (кардарга) үстөмдүк кылуучу субъект менен гана келишим түзүүгө милдеттендирүүчү шарттарды таңуулоо, продуктуларды чогуу байланыштыруу же бириктирүү;
5) контрагент же керектөөчү кызыкдар болбогон же келишимдин предметине тиешеси жок жоболорду же милдеттенмелерди киргизүү шартында келишим түзүү жөнүндө макулдашуу;
6) товарга монополиялык жогору же монополиялык төмөн бааны коюу жана кармап туруу;
7) келишимдин ал жеткис күч жагдайлары менен байланышпаган шарттарын берүүдөн же аткаруудан негизсиз баш тартуу же контрагенттердин экономикалык жактан негизделген маржиналдуулугун азайтуу;
8) тиешелүү товарларды өндүрүү же жеткирүү мүмкүнчүлүгү болгондо, ошондой эле мындай баш тартуу же мындай четтөө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында же сот актыларында түздөн-түз каралбаган учурда айрым сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен бүтүм түзүүдөн экономикалык же технологиялык жактан негизсиз баш тартуу;
9) товардык рынокто жасалма тартыштыкты түзүү;
10) басмырлоочу же өзгөчө шарттарды түзүү;
11) эгерде Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында башкача белгиленбесе, бир эле ошол товарга ар кандай бааларды (тарифтерди) экономикалык, технологиялык жана башка жактан негизсиз белгилөө;
12) финансылык кызмат көрсөтүүгө финансылык уюм тарабынан негизсиз жогору же негизсиз төмөн бааны белгилөө;
13) тармактык таасир, ал мындай чарба жүргүзүүчү субъектке сатуучулар менен сатып алуучулардын ортосунда бүтүмдөрдү түзүү санарип платформанын жардамы менен жүзөгө ашырылуучу товардык рынокто товар жүгүртүүнүн жалпы шарттарына чечүүчү таасир этүүгө жана (же) чарба жүргүзүүчү башка субъекттерди ушул товардык рыноктон четтетүү жана (же) чарба жүргүзүүчү башка субъекттерге бул товардык рынокко кирүүсүн кыйындатууга мүмкүндүк берет.
14-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин атаандаштыкты чектөөчү макулдашуулары, макулдашылган иш-аракеттери
1. Ушул бөлүктүн 1, 2, 3, 8 жана 10-пункттарында каралган, анын ичинде төмөнкүлөргө багытталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин горизонталдык макулдашууларына, макулдашылган иш-аракеттерине жана (же) чарба жүргүзүүчү субъекттердин бирикмелеринин чечимдерине, эгерде мындай келишүүлөр атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же бурмалоого алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, тыюу салынат, картель деп таанылат, жараксыз жана мыйзамсыз болуп саналат:
1) бааларды (тарифтерди), арзандатууларды, үстөктөрдү (кошумча төлөөнү), үстөк кошууну белгилөөгө (кармап турууга) жана бекитүүгө;
2) тооруктар процессин манипуляциялоого, мисалы, рыноктогу бааларды көтөрүүгө, төмөндөтүүгө же бир деңгээлде кармап турууга;
3) рынокту аймактык принцип, сатуунун же сатып алуунун көлөмү, сатылуучу товарлардын ассортименти, көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү же болбосо сатуучулардын же сатып алуучулардын (тапшырыкчылардын) чөйрөсү боюнча бөлүүгө;
4) чарба жүргүзүүчү башка субъекттерди белгилүү бир товарлардын сатуучусу же сатып алуучусу (тапшырыкчы) катары рынокко чыгышын чектөөгө же рыноктон сүрүп чыгарууга;
5) суроо-талаптын көлөмүн жасалма өзгөртүү максатында өндүрүштүн көлөмүн макулдашууга;
6) белгилүү бир сатуучулар же сатып алуучулар (тапшырыкчылар) менен келишим түзүүдөн негизсиз баш тартууга;
7) баа боюнча басмырлоону орнотууга;
8) жүйөлүү себептерсиз товарларды жөнөтүүнү негизсиз кыскартууга же токтотууга;
9) керектөөчүлөрдү пайдасыз абалга келтирген же болбосо товар тандоо жана бул товарларды өндүрүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттерди тандоо эркиндигин чектеген, же келишимдин предметине тиешеси жок жоболорду караган келишимдердин типтүү шарттарын белгилөөгө;
10) өндүрүштү, рынокту, техникалык өнүгүүнү же инвестицияларды чектөөгө же контролдоого.
Эгерде макулдашуунун максаты же натыйжасы атаандаштыкка жол бербөө, чектөө же бурмалоо болуп саналса, ушул бөлүктүн 4, 5, 6, 7 жана 9-пункттарында саналып өткөн чарба жүргүзүүчү субъекттердин бирикмелеринин горизонталдык макулдашууларына, макулдашылган иш-аракеттерине же чечимдерине, ошондой эле башка аракеттерге тыюу салынат.
2. Чарба жүргүзүүчү субъекттерге чарба жүргүзүүчү субъекттердин бирикмелеринин, ассоциацияларынын кандай болбосун формада түзүлгөн вертикалдуу макулдашууларына, макулдашылган иш-аракеттерине же чечимдерине толук же жарым-жартылай тыюу салынат жана жараксыз деп таанылат, эгерде мындай макулдашуулардын максаты атаандаштыкты болтурбоо, чектөө же бурмалоо болсо, төмөнкүлөрдү камтыса:
1) сатып алуучунун өзүнүн сатуу баасын аныктоо мүмкүнчүлүгүн сатуучу кайра сатуунун минималдуу же белгиленген баасын белгилөө аркылуу чектөө;
2) сатып алуучу сата турган аймакты же абсолюттук мааниде сата турган кардарларды чектөө;
3) Интернет тарамы аркылуу маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялардын жардамы менен аткарылуучу жана көрсөтүлүүчү товарларды (жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү) активдүү жана пассивдүү сатып алууну (сатууну) чектөө.
3. Эгерде мындай макулдашуулардын кесепети атаандаштыкты чектөөгө алып келет деп аныкталса, ушул Мыйзамдын 16-беренесине ылайык жол берилет деп таанылган макулдашууларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы вертикалдуу макулдашууларга, анын ичинде төмөнкү макулдашууларга тыюу салынат:
1) рыноктун чарба жүргүзүүчү башка субъекттери менен мааниси бирдей келишимдерге басмырлоочу шарттарды белгилөөчү же колдоочу, анын ичинде товарларды сатып алуунун жана (же) сатуунун макулдашылган шарттарын белгилөө;
2) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бир эле товарга экономикалык, технологиялык жана башка жолдор менен негизделбеген ар түрдүү бааларды (тарифтерди) белгилөөчү;
3) башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге товардык рынокко кирүүгө же товардык рыноктон чыгууга тоскоолдуктарды жаратуучу;
4) кесиптик же башка бирикмелерде мүчөлүк (катышуу) шарттарын белгилөөчү;
5) товарды сатууну негизсиз чектөөчү же токтотуучу.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4, 5, 6, 7 жана 9-пункттарында жана 3-бөлүгүндө каралган жалпы тыюу салуулар алынып салынышы мүмкүн, эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашуулары, макулдашылган иш-аракеттери жана (же) чарба жүргүзүүчү субъекттердин ассоциацияларынын, бирикмелеринин чечимдеринин жыйындысында:
1) товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнү же бөлүштүрүүнү жакшыртууга түрткү берүү же техникалык же экономикалык прогресске көмөк көрсөтүү, анын ичинде экологиялык жактан туруктуу же климаттык бейтарап экономикага олуттуу салым кошуу менен натыйжалуулукту камсыз кылса;
2) керектөөчүлөргө пайданын адилеттүү үлүшүн алууга мүмкүндүк берсе, бирок бул максаттарга жетүү үчүн зарыл болбогон чектөөлөрдү койбосо.
5. Ушул Мыйзамдын 16-беренесинде белгиленген жол берүү критерийлерине ылайык жол берилген деп таанылган макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди кошпогондо, эгерде мындай макулдашуулар, макулдашылган иш-аракеттер атаандаштыктын чектелишине алып келери же алып келиши мүмкүн экендиги белгиленсе, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы башка макулдашууларга, макулдашылган иш-аракеттерге, анын ичинде төмөнкүдөй макулдашууларга тыюу салынат:
1) рыноктун башка чарба жүргүзүүчү субъекттери менен бирдей маанидеги келишимдерге карата басмырлоочу шарттарды белгилөөчү же колдоочу, анын ичинде товарларды сатып алуунун жана (же) сатуунун макулдашылган шарттарын белгилөөчү;
2) чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бир эле ошол товарга ар кандай бааларды (тарифтерди) экономикалык, технологиялык жана башка жактан негизсиз белгилөөчү;
3) чарба жүргүзүүчү башка субъекттерге товардык рынокко кирүүгө же товардык рыноктон чыгууга тоскоолдуктарды жаратуучу;
4) кесиптик жана башка бирикмелерге мүчөлүктүн (катышуунун) шарттарын белгилөөчү;
5) товарларды сатууну негизсиз чектөөчү же токтотуучу.
6. Жеке жана юридикалык жактарга ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө саналып өткөн кесепеттерге алып келүүгө жөндөмдүү, алып келүүчү же алып келген чарба жүргүзүүчү субъекттердин экономикалык ишин координациялоого тыюу салынат.
7. Чарба жүргүзүүчү субъект чарба жүргүзүүчү субъекттердин ассоциацияларынын, бирикмелеринин макулдашуусу, макулдашылган иш-аракеттери жана (же) чечимдери негиздүү экендигинин далилин берүүгө укуктуу жана толук жана объективдүү материалдарды берген учурда мындай ассоциациялар жана бирикмелер Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн.
8. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына ылайык чарба жүргүзүүчү бир субъект тарабынан бир убакта аткарууга жол берилбеген иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашууларды кошпогондо, эгерде мындай чарба жүргүзүүчү субъекттердин бири тарабынан чарба жүргүзүүчү башка субъектке карата контроль белгиленсе же болбосо мындай чарба жүргүзүүчү субъекттер бир жактын контролунда болсо, ушул берененин жоболору адамдардын бир тобуна кирген чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашууларга жайылтылбайт.
9. Ушул беренеде контролдоо деп башка юридикалык жак тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди жеке же юридикалык жактын тике же кыйыр түрдө (юридикалык жак же бир нече юридикалык жак аркылуу) төмөнкү иш-аракеттердин бири же бир нечеси аркылуу аныктоо жөндөмдүүлүгү түшүнүлөт:
1) юридикалык жактын уставдык капиталын түзгөн добуш берүүчү акцияларга (үлүштөргө) туура келген добуштардын жалпы санынын 50 пайыздан ашыгын тескөө;
2) юридикалык жактын аткаруу органынын функцияларын жүзөгө ашыруу.
10. Ушул берененин талаптары интеллектуалдык иштин натыйжасын же товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарандык жүгүртүүнүн катышуучуларын жекелештирүү каражаттарын пайдалануу укугун берүү жана (же) ажыратуу жөнүндө келишимдерге жайылтылбайт.
11. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн тыюу салуулар товардык рыноктогу жалпы үлүшү 20 пайыздан ашпаган чарба жүргүзүүчү субъекттердин макулдашылган аракеттерине жайылтылбайт.
15-берене. Макулдашууларга же макулдашылган иш-аракеттерге катышкандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотуу жана жеңилдетүү
1. Ушул Мыйзамдын 14-беренесинде тыюу салынган макулдашууларга же макулдашылган иш-аракеттерге өзүнүн катышкандыгы жөнүндө монополияга каршы органга өз ыктыяры менен биринчи болуп билдирген чарба жүргүзүүчү субъект бир эле учурда төмөнкү шарттарды сактоо менен республикалык бюджеттин пайдасына айып пулдардан жана жазалардан бошотулат:
1) бузууга өзүнүн катышкан фактысын таануу;
2) жасалган бузуунун ишенимдүү жана жетиштүү далилдерин монополияга каршы органга берүү;
3) териштирүү жүргүзүүнүн бүткүл мезгилинде монополияга каршы орган менен үзгүлтүксүз кызматташуу.
Монополияга каршы мыйзамдардын талаптарын сактоону ички камсыз кылуу тутумунун болуусу жана иштөөсү горизонталдык макулдашууларды, макулдашылган иш-аракеттерди кошпогондо, келечекте жоопкерчиликтен бошотуу же жеңилдетүү үчүн кошумча шарт болуп саналат.
2. Биринчи болуп саналбаган, бирок ошол эле макулдашууларга жана макулдашылган иш-аракеттерге өзүнүн катышкандыгын билдирген жана монополияга каршы органдын иликтөөсүнө олуттуу салым кошкон чарба жүргүзүүчү субъекттер айып пулдун бөлүгүнөн бошотулушу мүмкүн (жоопкерчиликти жеңилдетүү).
3. Чарба жүргүзүүчү субъект 14-берененин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7 жана 9-пункттарында каралган макулдашылган иш-аракеттер ушул Мыйзамдын 16-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жол берилген деп таанылышы мүмкүн экендигине далилди берүүгө укуктуу.
16-берене. Макулдашууларга, макулдашылган иш-аракеттерге жол берилгендик
1. Вертикалдуу макулдашууларга (финансы уюмдарынын ортосундагы вертикалдуу макулдашууларды кошпогондо) жол берилет:
1) эгерде бул макулдашуулар коммерциялык концессиянын келишими болуп саналса;
2) эгерде вертикалдуу макулдашуунун предмети болуп саналган, мындай макулдашуунун катышуучуларынын жыйынды үлүшү 20 пайыздан ашпаса.
2. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4, 6, 7 жана 9-пункттарында көрсөтүлгөн макулдашууларына же макулдашылган иш-аракеттерине жол берилиши мүмкүн, эгерде мындай макулдашуулар же макулдашылган иш-аракеттер менен айрым жактар үчүн тийиштүү товардык рынокто атаандаштыкты жок кылууга мүмкүндүк түзүлбөсө, алардын катышуучуларына же үчүнчү жактарга чектөөлөр коюлбаса жана мындай макулдашуулардын же макулдашылган иш-аракеттердин натыйжасы болуп төмөнкүлөрдүн жыйындысы саналса:
1) өндүрүштү өркүндөтүү, товарларды сатуу же техникалык, экономикалык прогресске өбөлгө түзүү же болбосо дүйнөлүк рынокто товарлардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;
2) сатып алуучулар тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттердин аракетинин (аракетсиздигинин), макулдашуулардын, макулдашылган иш-аракеттердин жана бүтүмдөрдүн натыйжасында алынган артыкчылыкка (пайда) барабар артыкчылык (пайда) алуу.
3. Ушул Мыйзамга ылайык жол берилген деп таанылышы мүмкүн болгон макулдашууга жетүүгө ниети бар чарба жүргүзүүчү субъекттер макулдашуунун долбоорун монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайыктыгын текшерүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызы менен монополияга каршы комплаенс аркылуу монополияга каршы органга кайрылууга укуктуу.
17-берене. Ак ниет эмес атаандаштык
1. Ак ниет эмес атаандаштыкка, анын ичинде төмөнкүлөргө жол берилбейт:
1) товарды же анын бөлүктөрүн көчүрүп алуу аларды техникалык гана колдонуу менен шартталган учурларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү башка субъекттин товарын, ошондой эле анын таңгагынын формасын жана сырткы жасалгасын өз алдынча көчүрүп алууга;
2) башка чарба жүргүзүүчү субъекттин патенттик укугун бузуу жолу менен анын продукциясын түздөн-түз кайталап өндүрүп чыгарууга;
3) бөтөн товардык белгини, тейлөө белгисин, географиялык көрсөтмөлөрдү же товардын чыгарылган жеринин аталышын, фирмалык аталышын мыйзамсыз пайдаланууга, ал чарба жүргүзүүчү башка субъекттин иши менен аралашууга алып келүүгө жөндөмдүү;
4) чарба жүргүзүүчү башка субъекттин ишкердик бедели жана финансылык абалы жөнүндө, аны чыгашага алып келүүчү же ишкердик беделине зыян келтирүүчү жалган жана бурмаланган маалыматтарды таратууга;
5) чарба жүргүзүүчү башка субъекттин продукциясын анын интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана аларга теңештирилген жарандык карым-катнашка катышуучуларды, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жекече түргө өткөрүү каражаттарына укуктарын бузуу жолу менен даярдоого, сатууга жана рынокко башкача киргизүүгө (укукка сыйбаган пайдаланууга);
6) атаандаштын илимий-техникалык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтарды бурмаланган түрдө ачыкка чыгарууга;
7) атаандаштын ишкердик мамилелерин каражаттар менен атайылап бузууга, үзгүлтүккө учуратууга жана токтотууга;
8) атаандаштын кызматкерлерине аларды кызматтык милдеттерин аткарбоого түртүү максатында мыйзамсыз каражаттар менен таасир этүүгө;
9) чарба жүргүзүүчү субъекттин илимий-техникалык, өндүрүштүк же соода иштери жөнүндө маалыматтарын, анын ичинде коммерциялык сырын мыйзамсыз алууга, пайдаланууга жана жарыялоого;
10) атаандаштан негизсиз артыкчылык алуу максатында анын чарбалык чечимдерди кабыл алуусуна жана аткаруусуна мыйзамсыз каражаттар менен таасир этүүгө;
11) атаандаштын ишкердик байланыштарын бузуу же мындай байланыштарды түзүүсүнө тоскоолдук кылуу максатында рыноктун башка субъекттерин негизсиз үндөөгө (кайрылууга);
12) чарба жүргүзүүчү субъекттин товарынын чыккан жери, жасоо ыкмасы, пайдалануу үчүн жарактуулугу, сапаты жана башка касиеттери, ишкердин өздүгү же анын чарбалык ишинин мүнөздөмөсү жөнүндө керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келиши мүмкүн болгон кандай болбосун маалыматтарды таратууга;
13) товарды керектөө жана башка маанилүү касиеттерине карата керектөөчүлөрдү адаштыруу максатында товарды ылайык келбеген айырмалоо белгиси менен жабдууга;
14) товардын өз касиетине же ага коюлуучу талаптарга дал келбестигин жашырууга;
15) тийиштүү рынокто товардын белгилүү бир түрүн атаандаш шарттарга караганда төмөн же атаандаштыкты чектөөгө багытталган өздүк наркынан төмөн бааларда сатууну атайылап жүзөгө ашыруу;
16) чарба жүргүзүүчү субъект өндүрүүчү же сатуучу товарларын чарба жүргүзүүчү башка субъект тарабынан өндүрүлүүчү же сатылуучу товар менен туура эмес салыштырууга.
2. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жарандык жүгүртүүгө катышуучулардын өзгөчө укугун алууга жана пайдаланууга байланышкан ак ниет эмес атаандаштыкка жол берилбейт.
18-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атаандаштыкка жол бербөөгө, чектөөгө же четтетүүгө багытталган актылары жана аракеттери (аракетсиздиги)
1. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүүчү субъекттердин өз алдынчалуулугун чектеген актыларды кабыл алууга жана (же) аракеттерди жасоого, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин иши үчүн басмырлоочу же жагымдуу шарттарды түзгөн актыларды кабыл алууга жана (же) аракеттерди жасоого тыюу салынат, эгерде мындай актылар жана (же) аракеттер атаандаштыкка жол бербөөгө, чектөөгө же болбосо четтетүүгө жана (же) чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана (же) жеке жактардын кызыкчылыктарын кысымга алууга алып келсе же алып келиши мүмкүн болсо, анын ичинде төмөнкүлөргө:
1) иштин кайсы бир чөйрөсүндө жаңы чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө, ошондой эле иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга тыюу салууну белгилөөгө, анын ичинде товарлардын айрым түрлөрүн соодалоого жана (же) сатып алууга же өндүрүүгө тыюу салууну же чектөөнү киргизүүгө;
2) чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштин кайсы бир чөйрөсүндө ишин жүзөгө ашырылышына негизсиз тоскоолдук кылууга;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттерге атаандаштыктын чектелишине алып келүүчү ыйгарым укуктарды берүүгө;
4) продукцияны Кыргыз Республикасынын региондорунун ортосунда ташууга карата негизсиз тыюу салууну же чектөөнү белгилөөгө;
5) азык-түлүк жана энергетикалык көз карандысыздыкты, калк үчүн азык-түлүктүн экономикалык жеткиликтүүлүгүн жана мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу учурларын кошпогондо, рынокто үстөмдүк абалды ээлөөнү шарттаган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө;
6) айрым чарба жүргүзүүчү субъекттерге бир эле ошол рыноктогу башка субъекттерге карата аларды артыкчылыктуу абалга коюучу жеңилдиктерди, анын ичинде артыкчылыктуу тартипте маалымат алууну негизсиз берүүгө;
7) чарба жүргүзүүчү субъекттердин тышкы экономикалык иштерине негизсиз чектөөлөрдү белгилөөгө;
8) чарба жүргүзүүчү субъектке керектөөчүлөрдүн айрым чөйрөсүнө келишимдерди артыкчылыкта түзүү, товарларды биринчи кезекте берүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү берүүгө;
9) эгерде мындай шарттар атаандаштыкты чектесе, айрым чарба жүргүзүүчү субъекттердин иштери үчүн артыкчылыктуу же басмырлоочу шарттарды белгилөөгө;
10) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүдө, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү үчүн зарыл жана милдеттүү болуп саналган кызматтарды көрсөтүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана (же) алууга;
11) ушул Мыйзамдын 19-беренесинде белгиленген талаптарды бузуу менен мамлекеттик же муниципалдык преференцияларды, жардамды же субсидияларды берүүгө.
2. Мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын функцияларын аткарган башка органдардын же уюмдардын ортосундагы, же болбосо алардын жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ортосундагы макулдашууларга, эгерде мындай макулдашуулар атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келсе, тыюу салынат.
3. Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аларды жүзөгө ашыруунун натыйжасы атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келүүчү же алып келүүсү мүмкүн болгон ыйгарым укуктарды берүүгө, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү, өндүрүштү жана (же) товарларды сатууну монополиялаштыруу максатында түзүмдүк бөлүмчөлөрдү жана чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүүгө тыюу салынат.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын чарба жүргүзүүчү субъекттердин функциялары менен айкалыштырууга, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, чарба жүргүзүүчү субъекттерге мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана укуктарын берүүгө тыюу салынат.
5. Мамлекет атаандаштык рыногунда товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуу мамлекеттин (мамлекет/мамлекеттик органдар катышкан юридикалык жактардын) товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө жана (же) сатууга, сатып алууга же аны пайдаланууга өзгөчө укугун бекемдөө аркылуу мамлекеттик экономикалык кызыкчылыктарга, улуттук коопсуздукка жана калктын саламаттыгын сактоого терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон иш чөйрөсүндө атаандаштыкты ченемдик укуктук актылар менен чектөөгө укуктуу.
Товарды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) өндүрүүгө, сатууга жана сатып алууга мамлекеттик монополияны киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук акт, эгерде Кыргыз Республикасынын экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында кабыл алынган ченемдик укуктук актысында башкача каралбаса, ал кабыл алынган күндөн тартып бир жылдан эрте эмес күчүнө кирет.
19-берене. Мамлекеттик же муниципалдык преференциялар, жардам жана/же субсидиялар
1. Министрлер Кабинети, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары экономикалык жана социалдык максаттарда, анын ичинде атаандаштыктын абалына терс кесепеттерди азайтууну камсыз кылуу менен, чарба жүргүзүүчү субъекттерге дискрециялык негизде мамлекеттик жардам көрсөтүүгө укуктуу.
2. Мамлекеттик жардам мамлекеттик орган тарабынан мамлекеттик ресурстардын эсебинен тандалма негизде Кыргыз Республикасындагы тиешелүү рынокто же анын бир бөлүгүндө атаандаштыкка таасир этүү потенциалына ээ болгон кандай болбосун чарба жүргүзүүчү субъектке берилүүчү артыкчылыкты туюндурат. Ал колдоонун кандай болбосун түрүн камтышы мүмкүн, анын ичинде салыктык жеңилдиктер, бажы төлөмдөрүн, карыздарды төлөө боюнча жеңилдиктер, субсидиялар, гранттар, мамлекеттик кепилдиктер, жеңилдетилген кредиттер, өзгөчө укуктар, мамлекеттик, муниципалдык мүлктү жеңилдетилген баада сатуу жана ижарага берүү, жер ресурстарын жана жер казынасын жеңилдетилген шарттарда пайдалануу укуктарын берүү же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык башка преференциялар жана артыкчылыктар түрүндө болушу мүмкүн.
3. Монополияга каршы орган кандай болбосун мамлекеттик жардам көрсөтүлгөнгө чейин кабарланууга тийиш жана эгерде финансылык жардамдын жалпы көлөмү минималдуу босогодон ашып кетсе, тигил же бул тармактагы атаандаштыктын абалына преференция, жардам жана (же) субсидия берүү жөнүндө мындай чечимдин мүмкүн болуучу кесепеттерин баалоого тийиш.
4. Ушул берененин ченемдери төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында объекттерди ээликтен ажыратууга;
2) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн объекттерди ээликтен ажыратууга;
3) инвестициялар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түз сүйлөшүүлөр жолу менен түзүлгөн Министрлер Кабинети менен инвестордун ортосундагы инвестициялык макулдашууну ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчик объекттерин ээликтен ажыратууга;
4) Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген, Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө жобонун алкагында мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу учуруна;
5) мамлекеттик менчикте турган жер участокторун улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында ээликтен ажыратууга.
20-берене. Товарларды сатып алууга монополияга каршы талаптар
1. Сатып алууларды жүргүзүүдө атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө же жоюуга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон иш-аракеттерге тыюу салынат, анын ичинде төмөнкүлөргө:
1) сатып алууларды уюштуруучулар же тапшырыкчылар тарабынан анын катышуучуларынын ишин координациялоого;
2) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, сатып алуунун катышуучусуна же сатып алуунун бир нече катышуусуна сатып алууларга катышуунун артыкчылыктуу шарттарын түзүүгө, анын ичинде маалыматтарга жетүү жолу менен түзүүгө;
3) сатып алуулардын жеңүүчүсүн же жеңүүчүлөрүн аныктоо тартибин бузууга;
4) сатып алууларды уюштуруучулардын же тапшырыкчылардын жана (же) сатып алууларды уюштуруучулардын кызматкерлеринин же тапшырыкчылардын кызматкерлеринин сатып алууларга катышуусуна.
2. Сатып алууларды жүргүзүүдө ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тыюу салуулар менен катар, эгерде сатып алууларды уюштуруучулар же тыпшырыкчылар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары болсо, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырууга сатып алууларды жүргүзүүдө ушул Мыйзамда жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган сатып алууларга катышууга жеткиликтүүлүгүн чектөөгө тыюу салынат.
3. Мамлекеттик же муниципалдык муктаждыктар үчүн товарларды жеткирүүгө, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө тапшырыктарды жайгаштырууга тооруктарды өткөрүүдө ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө белгиленген тыюулар менен катар, аткарылуусу, көрсөтүлүүсү сатып алуулардын предмети болгон, технологиялык жана функциялык жактан товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр менен байланышы жок продукциянын (товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) лотторунун курамына кошуу жолу менен сатып алуулардын катышуучуларынын арасында атаандаштыкты чектөөгө тыюу салынат.
4. Ушул беренеде белгиленген ченемдердин бузуу монополияга каршы орган тарабынан тиешелүү сатып алуулардын жана мындай сатып алуулардын жыйынтыктары боюнча түзүлгөн бүтүмдөрдүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп таанылышы үчүн негиз болуп саналат.
21-берене. Экономикалык концентрацияга мамлекеттик контроль
1. Атаандаштыкты чектөөгө жол бербөө максатында монополияга каршы орган төмөнкү бүтүмдөрдү жана иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга мамлекеттик контроль жүргүзөт:
1) эки же андан көп чарба жүргүзүүчү субъектти бириктирүү, кошуу, өзгөртүп түзүү;
2) ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында эки же бир нече уюм тарабынан чарба жүргүзүүчү субъектти түзүү (биргелешкен ишкана);
3) үлүштөрдү (акцияларды, пайларды) сатып алуу, эгерде натыйжада:
а) чарба жүргүзүүчү субъекттин чечимдерин аныктоо мүмкүнчүлүгү келип чыкса;
б) үлүштөрдүн (акциялардын, пайлардын) 25 пайызынын ашыгы сатып алынса;
в) контроль өткөрүлүп берилсе.
Ушул бөлүктүн 1 жана 3-пункттарында каралган иш-аракеттер, эгерде мындай уюмдардын (алардын адамдарынын топторунун) биригүүсүнүн мурунку жылындагы календардык жыл үчүн товарларды жана кызматтарды сатуудан түшкөн жалпы акчасы (кирешеси) 1 млрд. сомдон ашса, алдын ала кабарлоону талап кылат.
Ушул бөлүктүн 2-пунктунда каралган иш-аракеттер чарба жүргүзүүчү субъект түзүлгөн учурда, эгерде анын уставдык капиталы чарба жүргүзүүчү башка субъекттин негизги өндүрүштүк каражаттары жана (же) материалдык активдери болуп саналган акциялар (үлүштөр) жана (же) мүлк, жана (же) активдер (акча каражаттарынан тышкары) менен төлөнсө, алдын ала кабарлоону талап кылат, эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттин (алардын адамдарынын тобунун) түзүлгөн жылдан мурунку календардык жыл үчүн жалпы түшкөн акчасы 1 млрд. сомдон ашса.
Эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттердин (алардын адамдарынын тобунун) товарларды жана кызматтарды сатуудан түшкөн суммалык пайдасы (кирешеси) 500 млн. сомдон ашса, атаандаш-субъекттердин Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен ишкананы түзүүсү, анын ичинде чет өлкөлүк катышуучулар, жеке жана юридикалык жактар менен, ошону менен бирге атаандаш-субъекттердин ортосунда биргелешкен иш жөнүндө макулдашуу аркылуу түзүүсү.
2. Чарба жүргүзүүчү субъектти контролдоо пайда болот, эгер юридикалык же жеке жак:
1) чыгарылган акционердик капиталдын же бизнестин, же чарба жүргүзүүчү субъекттин активдеринин жарымынан көбүнө ээлик кылса;
2) төмөнкүдөй жол менен чарба жүргүзүүчү субъекттин бүтүндөй же анын бөлүгүнүн экономикалык чечимдерине түздөн-түз же кыйыр түрдө чечкиндүү таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо (венчурдук фонддордун венчурдук башкаруучуларынын милдетин аткаруучу уюмдар тарабынан венчурдук фонддорду түзүүдөн тышкары):
а) чарба жүргүзүүчү субъекттин жалпы жыйналышында көпчүлүк добуш берүү же бул добуштардын көпчүлүгүнүн добуш берүүсүн тике же кыйыр түрдө контролдоо мүмкүнчүлүгүн берүү;
б) ишкананын директорлор кеңешинин көпчүлүгүн дайындоо же дайындоого вето коюу мүмкүнчүлүгү;
в) директорлор кеңешинин же акционерлердин жыйналышынын курамына, добуш берүүсүнө же чечимдерине чечкиндүү таасир этүү мүмкүнчүлүгү;
3) чарба жүргүзүүчү субъекттин коммерциялык саясатына, анын ичинде стратегиялык же коммерциялык максаттарына тикелей же кыйыр түрдө олуттуу таасир этүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо.
3. Ушул Мыйзамдын жоболоруна карама-каршы келген ыкма менен жүзөгө ашырылган же ишке ашырылган кандай болбосун экономикалык концентрация юридикалык жактан арзыбаган болуп саналат, ал эми мындай концентрацияга тиешелүү кандай болбосун макулдашуудан келип чыккан укуктар же милдеттенмелер сот тартибинде аткарылууга тийиш эмес.
4. Монополияга каршы орган экономикалык концентрацияны карайт жана документтердин толук пакетин жана чарба жүргүзүүчү субъекттин билдирүүсүн алган учурдан тартып 1-бөлүктүн 1 жана 3-пункттары боюнча 90 жумуш күндүн ичинде, ал эми 1-бөлүктүн 2-пункту боюнча 14 жумуш күндүн ичинде чечим чыгарат.
Эгерде монополияга каршы орган аларды ушул бөлүктө каралган мөөнөттөрдө жактырбаса, бүтүмдөр жана аракеттер автоматтык түрдө жактырылган деп эсептелет.
5. Монополияга каршы орган документтердин толук пакетин жана билдирүүнү алган учурдан тартып текшерүүнүн башталышы же документтерди жеткире иштеп чыгууга кайтаруу жөнүндө чарба жүргүзүүчү субъектке 10 жумуш күндүн ичинде маалымдайт.
6. Документтерди карап чыгуунун жана жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча монополияга каршы орган Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык чечим чыгарат.
7. Ушул берененин колдонулушу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде түзүлүүчү чарба жүргүзүүчү субъекттерге жайылтылбайт.
22-берене. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлап бөлүү (бөлүп чыгаруу)
1. Үстөмдүк абалды ээлеген чарба жүргүзүүчү субъект монополиялык ишти системалуу түрдө жүзөгө ашырган учурда, монополияга каршы органдын доосу боюнча сот мындай чарба жүргүзүүчү субъектти мажбурлап бөлүү жөнүндө чечимди же болбосо анын курамынан бир же бир нече уюмду бөлүп чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу. Мажбурлап бөлүүнүн натыйжасында түзүлгөн уюмдар адамдардын бир тобуна кире албайт.
2. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө соттун чечими төмөнкүдөй шарттардын бири же бир нечеси болгондо кабыл алынат:
1) рынокто атаандаштыктын өнүгүүсүнө алып келсе;
2) уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрүн обочолонтуу мүмкүнчүлүгү бар болсо;
3) уюмдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн технологиялык жактан шартталган өз ара байланышы жок болсо;
4) өзгөртүп уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн юридикалык жактар үчүн тийиштүү рынокто өз алдынча иштөөгө мүмкүндүк бар болсо.
3. Чарба жүргүзүүчү субъекттерди мажбурлап бөлүү же бөлүп чыгаруу жөнүндө соттун чечими менчик ээси же буга ыйгарым укук берилген жак тарабынан көрсөтүлгөн чечимде каралган талаптарды эске алуу менен жана көрсөтүлгөн чечим менен аныкталган, алты айдан кем боло албаган мөөнөттө аткарылууга тийиш.
23-берене. Монополияга каршы органдын кызматкерлеринин маалымат алуу укуктары
1. Монополияга каршы органдын кызматкерлери монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө арыздарды жана иштерди кароодо, аларга жүктөлгөн ыйгарым укуктарга ылайык экономикалык концентрацияга жана атаандаштыктын абалына талдоо жүргүзүлүшүнө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда алар кызматтык күбөлүктөрүн жана монополияга каршы органдын жетекчисинин (анын орун басарынын) чечимин көрсөтүү менен зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алуу, анын ичинде Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте контролдук иш-чараларды жүргүзүү үчүн мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, уюмдарга жана мекемелерге, алардын уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана алардын бирикмелерине тоскоолдуксуз кирүүгө, ошондой эле электр байланыш операторлорунун маалымат базаларын (маалымат тутумдарын) кошпогондо, автоматташтырылган маалымат базаларынын (маалымат тутумдарынын) маалыматтарына жетүүгө укуктуу.
2. Коммерциялык, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырды түзгөн маалымат монополияга каршы органга коммерциялык сыр жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык берилет.
24-берене. Монополияга каршы органга маалымат берүү боюнча милдеттер
1. Монополияга каршы органга жүктөлгөн тапшырмалардын жана иш-милдеттердин аткарылышы үчүн юстиция органдары, бажы органдары жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишин жөнгө салууну (көзөмөлдөөнү) жана алардын мамилелерин каттоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар, мамлекеттик архивдер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер монополияга каршы органдын суроо-талабы боюнча керектүү документтерди жана анын ичинде коммерциялык жана кызматтык сырды түзгөн маалыматты коммерциялык сыр жөнүндө жана бажылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берет.
2. Ушул Мыйзамда белгиленген тартипте суралган маалыматтарды берүүдөн баш тартуу, белгиленген мөөнөттө бербөө же билип туруп анык эмес маалыматтарды берүү укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
25-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу
1. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, анын ичинде монополияга каршы органдын монополияга каршы мыйзамдарды бузуу менен кабыл алган актыларынан улам же болбосо көрсөтүлгөн органдар тарабынан өз милдеттерин аткарбагандыктан же талаптагыдай эмес аткаргандыктан чарба жүргүзүүчү субъектке же башка жакка чыгым келтирилген болсо, ал чыгымдын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык толтурулууга тийиш.
2. Монополияга каршы мыйзамдар бузулган учурда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алардын кызмат адамдары), чарба жүргүзүүчү субъекттер (алардын жетекчилери) монополияга каршы органдын чечимине ылайык мыйзам бузууну токтотууга, мурдагы абалды калыбына келтирүүгө, келишимди бузууга (түзүүгө) же ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарына каршы келген актыны жокко чыгарууга, монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун натыйжасында алынган кирешени республикалык бюджетке которууга жана башка иш-аракеттерди аткарууга милдеттүү.
3. Эгерде чарба жүргүзүүчү субъекттин монополияга каршы мыйзамдарды бузуу аракетинен (аракетсиздигинен) чарба жүргүзүүчү башка субъектке же болбосо башка жакка чыгым келтирилсе, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык чыгым келтирген чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бул чыгымдардын орду толтурулууга тийиш.
Атайын статусу бар мамлекеттик органдар монополияга каршы органдын суроо-талабы боюнча алардын ишин жөнгө салуучу конституциялык мыйзамдардын талаптарына ылайык документтерди жана маалыматтарды берет.
26-берене. Жоопкерчилик чаралары
1. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулуусуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Жоопкерчиликке тартуу күнөөлүү адамдарды монополияга каршы органдын чечимин аткаруу милдетинен бошотпойт.
2. Монополияга каршы органдын кызмат адамдары ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
3. Ушул Мыйзамдын 13 жана 14-беренелери бузулган, товардык рынокто үстөмдүк абал кыянаттык менен пайдаланылган, чарба жүргүзүүчү субъект (адамдардын тобу) тарабынан атаандаштыкты чектеген макулдашуу (картель), макулдашылган иш-аракеттер түзүлгөн учурда, доонун эскирүү мөөнөтү жосун жасалган акыркы күндөн кийинки күндөн тартып 5 жылды түзөт.
4. Монополияга каршы органдын чечимдеринде көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаган учурда, монополияга каршы орган сотко доо менен кайрылууга укуктуу.
27-берене. Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушу жөнүндө иштерди монополияга каршы орган тарабынан кароо үчүн негиздер
1. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди монополияга каршы орган өз демилгеси боюнча, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын арыздарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдирүүлөрүнүн жана ушул Мыйзамдын бузулушун күбөлөндүргөн өзүнүн тескөөсүндө болгон башка материалдардын негизинде карайт.
2. Арыздар монополияга каршы органга жазуу жүзүндө же электрондук формада монополияга каршы мыйзамдын бузулган фактылары жөнүндө документтерди тиркөө менен берилет. Мындай документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү монополияга каршы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жаатында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролду жүзөгө ашыруу тартиби менен аныкталат.
Документтердин пакети толук эмес көлөмдө берилген учурда монополияга каршы орган документтерди карабастан арыз ээсине кайтарып берүүгө укуктуу.
3. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуулар жөнүндө иштерди кароо жана териштирүү жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
28-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузууга жол берилбестиги жөнүндө эскертме
1. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында монополияга каршы орган мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, чарба жүргүзүүчү субъекттерге монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө жазуу түрүндө эскертме жөнөтөт.
2. Эгерде иш-аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келүүсү мүмкүн болсо, бирок монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо, товардык рынокто чарба жүргүзүүчү субъекттин аракети жөнүндө жана (же) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын пландалып жаткан иш-аракеттери жөнүндө ачык билдирүү эскертме жөнөтүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Эскертме берүү тартиби жана анын формасы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
29-берене. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун белгилерин камтыган аракеттерди (аракетсиздикти) токтотуу жөнүндө эскертүү
1. Атаандаштыкты болтурбоого, чектөөгө, жоюуга жана (же) ишкердик чөйрөсүндөгү башка адамдардын (чарба жүргүзүүчү субъекттердин) кызыкчылыктарын кысымга алып келүүчү же болбосо керектөөчүлөрдүн белгисиз чөйрөсүнүн кызыкчылыктарын кысымга алып келүүчү же алып келүүсү мүмкүн болгон аракеттерге (аракетсиздиктерге) бөгөт коюу максатында, ошондой эле ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 3-5, 7, 8 жана 11-пункттарын, 17 жана 18-беренелерин бузган белгилер аныкталган учурда, монополияга каршы орган мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө катышуучу чарба жүргүзүүчү субъектке, мамлекеттик органга, өз алдынча башкаруу органына жана башка уюмдарга жазуу жүзүндө эскертүү берет.
2. Ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 3-5, 7, 8 жана 11-пункттарын, 17 жана 18-беренелерин бузгандыгы жөнүндө ишти кароо тууралуу чечимди монополияга каршы орган эскертүү бербестен жана аны аткаруу мөөнөтү бүткөнгө чейин кабыл алуусуна жол берилбейт.
3. Монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти кароо мезгилинде эскертүү берүү монополияга каршы орган тарабынан мындай ишти кароодо мындай ишти кароо учурунда белгилүү болбогон, ушул Мыйзамдын 13-беренесинин 3-5, 7, 8 жана 11-пункттарын, 17 жана 18-беренелерин бузуу белгилери аныкталган учурда, жүзөгө ашырылат.
30-берене. Монополияга каршы органдын көрсөтмөлөрүн жана башка чечимдерин аткаруу
Монополияга каршы органдын чечими (көрсөтмөсү) толук көлөмдө жана чечимде (көрсөтмөдө) белгиленген мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аталган чечимди (көрсөтмөнү) мөөнөтүндө же толук көлөмдө аткарбоо монополияга каршы мыйзамдарда каралган кесепеттерге алып келет.
Аталган чечим (көрсөтмө) мөөнөтүндө аткарылбаган же толук эмес көлөмдө аткарылган учурда монополияга каршы орган мажбурлап аткаруу же кирешени алып коюу доосу менен сотко кайрылат.
31-берене. Монополияга каршы органдын чечимдерине даттануу укугу
Мамлекеттик органдар, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана алардын кызмат адамдары монополияга каршы органдын чечимдерине (көрсөтмөлөрүнө, республикалык бюджеттин пайдасына кирешелерди өндүрүү жөнүндө токтомдоруна) административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте же оот тартибинде, ал эми айыптарды колдонуу бөлүгүндө - укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте даттанууга укуктуу.
32-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде түзүлгөн жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага чейин юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган монополияга каршы органдын алдын ала макулдугун албастан жүзөгө ашырган чарба жүргүзүүчү субъекттер белгиленген тартипте түзүлгөн жана катталган деп таанылат.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 22-июлундагы № 116 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1019-ст.);
2) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 47 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 4, 337-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-январындагы № 22 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 1, 22-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 7, 1059-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 118 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-жылдын № 7, 836-ст.);
6) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жарнак жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 153 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7-8, 755-ст.);
7) "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 16-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.);
8) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 22-июлундагы № 96 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 484-ст.);
9) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы № 8 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 25-январы, № 11);
10) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Атаандаштык жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы табигый монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 30-июнундагы № 52 Мыйзамынын 1-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-июлу, № 58);
11) "Юридикалык жактарды каттоо (кайра каттоо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамынын 6-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 3-марты, № 16);
12) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө", "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 7-августундагы № 162 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 13-августу, № 61).
4. Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 23-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |