Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 21-майы № 73
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 7, 371-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
43-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"43-статья. Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жол-жоболоштуруу тартиби
Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун жол-жоболоштуруу 16 жашка чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарына жеке өтүнүчү боюнча жүргүзүлөт.
Ушул статьянын бешинчи бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, 16 жашка чыга элек жаранга жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу ата-энесинин биринин же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчүнүн негизинде жүргүзүлөт. Өтүнүчтө 16 жашка чыга элек жаран жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынан чыгып кетүү укугун чектөөчү жагдайлардын жоктугу тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт.
Жалпы жарандык паспорт 16 жашка чыга элек балага төмөнкүдөй колдонуу мөөнөттөрү менен жол-жоболоштурулат:
- бала төрөлгөн учурдан тартып жана ал бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө;
- бир жаштан тартып ал 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө.
Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына жалпы жарандык паспорт кайрылган жери боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ал эми анын чегинен тышкары жашагандарга Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан берилет.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан 16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспортту берүү ата-энесинин экөөнүн тең макулдугу болгондо жүргүзүлөт. Ата-энесинин биринин өтүнүчү болбогондо жалпы жарандык паспортту жол-жоболоштуруу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын жаранына дипломатиялык же кызматтык паспортту жол-жоболоштуруу белгиленген тартипте тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын консулдук кызматы тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын аймагында же болбосо анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал, же өзгөчө абал, же согуштук абал режими киргизилгенде 16 жашка чыга элек баланын өзгөчө кырдаал, же өзгөчө абал, же согуштук абал режими мезгилинде колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 15-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |