Редакцияот 17.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Базар-Коргон шаардык кеңешинин II-чакырылышынын

 ХV-сессиясынын

 

  2025-жылынын  17-декабры  № 4

 

Базар-Коргон шаарынын мэриясына караштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасына Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фонду аркылуу ижарага (лизингке) таштандыларды ташуу үчүн “ISUZU FVR 34 K” үлгүсүндөгү 3 даана таштанды ташуучу автоунааларын жана “ISUZU FVR 34 K” үлгүсүндөгү 1 даана автосамосвал автоунаасын 5 жылдык мөөнөткө 4 пайыздык чени (үстөк) менен сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-45-беренелерин аткарууга алып, 12.12.2025-жылкы чыгыш №10-4/3888 саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевдин катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин II -чакырылышынын XV -сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.        Базар-Коргон шаарына:

- «ISUZU FVR 34 K» үлгүсүндөгү 3 (үч) даана таштанды ташуучу автоууналарын (лизинг предмети);

- «ISUZU FVR 34 K» үлгүсүндөгү 1 (бир) даана автосамосвал автоуунасын (лизинг предмети),

финансылык ижара (лизинг) аркылуу алуу үчүн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунан 5 жылдык мөөнөткө, негизги суммасын төлөөдө 6 айлык жеңилдетүү мөөнөтү менен жылдык 4 пайыздык чени (үстөк) менен 333 300 АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттарды алууга финансылык ижара (лизинг) аркылуу, анын ичинен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондунан каржылоонун көлөмү 233 310 АКШ долларын түзөт, жана лизингдин 30 пайызын алдын ала төлөө үчүн (баштапкы салым) 99 990 АКШ доллар жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фондуна лизингди уюштуруу боюнча комиссия толомyн толоо учун 1 166,6 АКШ доллар (лизингдин суммасынан 0,5%), финансылык ижарага (лизингке) алына турган автобустардын бажылык тариздөөсyнө, камсыздоосуна жана мамлекеттик каттоосуна байланышкан төлөмдөрдү, жалпы 6 930,5 АКШ долларды төлөөгө макулдук берилсин (тиркеме №1 ).

 

2. Базар-Коргон шаарынын мэриясына Базар-Коргон шаарынын жергиликтүү бюджетин түзүүдө, ар жылы аталган лизингдин төлөмдөрүн төлөөгө зарыл болгон акча каражатын жана алынган атайын техникаларды жыл сайын камсыздоого керектелүүчү чыгымдарды кароо жагы милдеттендирилсин.

 

3. Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган атайын техниканын өндүрүүчүсү – Самарканд автоунаа заводу «СамАвто» ЖЧКсы, ошондой эле техникалардын макулдашылган маркасы/модели, комплекттүүлүгү, сапаты, жеткирүү мөөнөтү жана баасы 333 300 (үч жүз отуз үч миң үч жүз) АКШ доллары өлчөмүндө тандоосу бекитилсин.

4. Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү Фонду менен келишимдик мамилелерде Базар-Коргон шаарынын мэриясы лизинг алуучу, ал эми анын төмөнкү түзүмдүк бөлүмү (муниципалдык ишкана) эксплуатациялоочу катары таанылышы абзел: Базар-Коргон шаарынын мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасы.

5. Финансылык ижарага (лизингке) алына турган атайын теникалардын техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрү № 2-тиркемеде көрсөтүлөт. Финансылык ижара (лизинг) келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин лизингдин предметтери Базар-Коргон шаарынын мэриясынын менчигине өтүшү зарыл.

6. Аталган техникалар жарандык-укуктук мамилелердин алкагында Базар-Коргон шаарынын калкына акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр үчүн пайдаланылып, кызматтардын наркы киреше компонентин камтышы керек.

7. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаарынын мэри Н.К.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет,экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Базаркуловага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

 

                                      

К.К.Анарбеков

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                      

    Тиркеме №2

Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2025-жылдын 17-декабрындагы № 4 токтому менен бекитилген.

 

 

Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан ӨКӨФ аркылуу атайын техникаларды сатып алуу долбоорун каржылоо

СТРУКТУРАСЫ

 

№

Алынуучу техника

Саны

Баасы

Жалпы

баасы

USD

ӨКӨФ

салымы

Өздүк салым

1

Таштандыларды ташуучу автоуунасы “ISUZU FVR 34 K”

3

87 600

262 800

183 960

78 840

2

Автосамосвал автоуунасы “ISUZU FVR 34 K”

1

70 500

70 500

49 350

21 150

3

“УНАА” ММ каттоого кеткен чыгымдарын төлөө үчүн (ар бир транспорт 24 000 сом)

 4

1 097,8 

1 097,8

0

1 097,8

4

Бажы төлөмдөрү (атайын техниканын жалпы алынган наркынан 0,25%)

 

 

833,3

0

833,3

5

Лизингди берүүнү уюштуруу боюнча комиссия төлөмү (лизингдин суммасынан 0,5%)

 

 

1 166,6

0

1 166,6

 

Жалпы:

 

 

336 397,6

233 310

103 087,6

 

Каржылоо үлүшү

 

 

100%

69,4%

30,6%

 

Мындан сырткары техникаларды сатып алгандан кийинки төлөмдөр болот:

 

5

Техникаларды жыл сайын камсыздандыруудан өткөрүү (жалпы сатып алынган наркына карата 1,5 %)

4

1,5%

4 999,5

USD

0

4 999,5

USD

6

Лизингке сатып алынган техникалардын жылдык 4% пайыз төлөмү (бир жылдык)

 

 

 

 

52 000

USD

7

Жабдуулардын жылдык техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдары (техникалык наркынан 2,5%) (333 300 долл * 2,5% =8 333 доллар болжолдуу)

 

 

 

 

8 333

USD

 

№5, №6, №7 пунктар боюнча жалпы:

 

 

 

 

65 332,5

USD

 

Жалпы №1–7 пунктардын суммасы:

 

 

 

 

168 420,1

USD

 

 

 

 

 

 

 

 

Базар-Коргон шаардык

кеңешинин жооптуу катчысы:              З.Субанова