Загрузка документа…
|
|
|
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 288 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин ушул Жобонун тиркемесине ылайык белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна - компенсациялык жана дем берүүчү төлөмдөрдү эске албастан, календардык айдын ичинде белгилүү татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкерлерге эмгек акы төлөөнүн белгиленген өлчөмү;
эмгек акы - кызматкердин квалификациясына, аткарылуучу иштин татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы;
компенсациялык төлөмдөр - кызматкерлерге эмгектик же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышкан кошумча чыгымдардын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр;
дем берүүчү төлөмдөр - кызматкерге эмгектин сапаттуу жана өз убагындагы натыйжасына дем берүүгө багытталган төлөмдөр;
типтүү штаттар - мекемелердин штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектүү ченеми;
президенттик компенсациялык төлөм - кызматкерлерге белгиленүүчү, кызматтык маянанын курамына кирбеген жана социалдык колдоо максатында төлөнүүчү ай сайын белгиленген акчалай төлөм.
3. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
4. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн өз убагында жана талаптагыдай белгилөө үчүн жоопкерчилик калкты социалдык камсыздоо системасынын мекемелеринин жетекчилерине жүктөлөт.
2-глава. Компенсациялык төлөмдөр
5. Кыргыз Республикасынын калкты социалдык камсыздоо системасында айрым уюмдардагы, бөлүмдөрдөгү иштин шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматкерлердин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр белгиленет.
6. Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүдөй үстөктөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана барууга кыйын зоналарында иштегендиги үчүн;
- медициналык кызматкерлерге квалификациялык категориясы үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
а) врачтык персонал үчүн:
жогорку квалификациялык категория - 6000 сом;
I квалификациялык категория - 4000 сом;
II квалификациялык категория - 2000 сом;
б) орто медициналык персонал үчүн:
жогорку квалификациялык категория - 5000 сом;
I квалификациялык категория - 3000 сом;
II квалификациялык категория - 1000 сом.
2) натыйжалуулукка дем берүү коэффициенттерин эске алуу менен эмгектин сапаттуу натыйжалары үчүн;
3) айыл жеринде иштегендиги үчүн;
4) өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн;
5) жумуш убактысынын нормалдуу узактыгынан тышкары иштегендиги үчүн (айкалыштыруу же ченемден ашык иштөө);
6) административдик-башкаруу жана негизги персоналдын категориясына кирген кызматкерлерге 15000 сом өлчөмүндө, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын категориясына кирген кызматкерлерге 5000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм (бир штаттык бирдикке), ал өргүү акыларын, ден соолукту чыңдоого жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарында жана алыскы зоналарында жашагандыгы жана иштегени үчүн эмгек акыга кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт, иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн бир ставкадан ашык эмес төлөнөт (иш сапардык, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш жана майрам күндөрү иштеген күндөр алып салынат).
7. Бийик тоолуу жана алыскы барууга кыйын зоналарда иштегендиги үчүн, ошондой эле өзгөчө шарттарда иштегендиги үчүн үстөктөр бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө мыйзамдарга ылайык төлөнөт.
8. Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан тышкаркы иштегендиги (айкалыштырып же ченемден ашык иштегендиги) үчүн үстөктөр Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
3-глава. Дем берүүчү төлөмдөр
9. Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасында эмгек өндүрүмдүүлүгүн, кесиптик жана сапаттык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу максатында кызматкерлердин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
10. Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөктөр кирет:
- окумуштуулук даража;
- "Элдик" жана "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы.
11. "Элдик" жана "Эмгек сиңирген" ардактуу наамы үчүн үстөктөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 "Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине "Эл" жана "Эмгек сиңирген" деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө" токтомуна ылайык төлөнөт.
4-глава. Калкты социалдык камсыздоо системасынын мекемелеринин кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн өзгөчө шарттары
12. Социалдык стационардык мекемелердин, майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун, майыптыгы бар адамдар, майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлордун, үй-бүлөгө жана балдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү борборлордун кызматкерлерине эмгектин өзгөчө шарттары үчүн төмөнкүдөй өлчөмдөрдө үстөктөр каралат:
- улгайган жарандар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборунун кызматкерлерине - 25 пайыз;
- психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелердин, майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүнүн, балдардын социалдык стационардык мекемелеринин (акыл-эси кем жана дене-бою жагынан кемчиликтери бар балдар үчүн), майыптыгы бар адамдар, майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлордун, республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борборунун кызматкерлерине - 50 пайыз.
Кызмат орундарын, кесиптерди айкалыштыруу, тейлөө зонасын кеңейтүү, аткарылуучу иштердин көлөмүн көбөйтүү үчүн ээлеген кызмат орду (кесиби) боюнча базалык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө кошумча акы төлөнөт.
Социалдык стационардык мекемелердин, майыптыгы бар адамдар, майыптыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлордун врачтары - жетекчилерине жана алардын орун басарларына алар штатында турган мекемелерде негизги кызмат орду боюнча жумуш убактысынын чегинде тиешелүү адистиктеги врачтын базалык маянасынын 25 пайызына чейин төлөп берүү менен адистиги боюнча иш жүргүзүүгө уруксат берилет. Врачтар - жетекчилердин жана алардын орун басарларынын адистиги боюнча иши анын мүнөзүнө жана көлөмүнө карабастан тиешелүү медициналык документтерде чагылдырылууга тийиш.
Врачтарга бөлүмдүн башчылыгы үчүн кошумча акы - 10 пайыз белгиленет.
Улук тарбиячы болуп дайындалганга 10 пайыз кошумча акы белгиленет.
Багбандын, кучердин жана тракторчунун кызмат орундары социалдык стационардык мекеменин, реабилитациялык борбордун атайын каражаттарынын эсебинен киргизилет.
Социалдык стационардык мекемелердин, майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүнүн, майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борборлордун медициналык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланышат.
Социалдык стационардык мекемелердин, боpбoрлордун педагогикалык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланат.
13. Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине төмөнкүдөй үстөктөр белгиленет:
1) эмгектин өзгөчө шарттарында иштегендиги үчүн (оор жумуштарда, зыяндуу, коркунучтуу жана эмгектин башка өзгөчө шарттарында иштегендер) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;
2) майыптыгы бар адамдар менен иштегендиги үчүн - 30 пайызга чейин;
3) негизги жумушчуларга (уста-адистерге) - иш жүзүндө аткарылган жумуштардан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө:
- кесиптик чеберчилиги үчүн 10дон 25 пайызга чейин:
3-разряд - 10 пайыз;
4-разряд - 15 пайыз;
5-разряд - 20 пайыз;
6-разряд - 25 пайыз;
4) өзгөчө маанилүү ишти аткаргандыгы үчүн - кызматтык маянанын 50 пайызына чейинки өлчөмдө;
5) административдик-башкаруу персоналына өндүрүштүк планды аткарууда эмгектин татаалдыгы, сапаты жана натыйжалары үчүн кызматкердин жеке салымын эске алуу менен кызматтык маяналардын өлчөмдөрүнө 1,1ден 2,3кө чейинки эмгекке катышуу коэффициенттери (ЭКК) колдонулат;
6) административдик-башкаруу персоналына эмгектик өргүүгө чыгууда эмгек акынын эки айлык фондунан төмөн эмес өлчөмдө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул төлөнөт.
5-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
14. Калкты социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен эмгек акы төлөөнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык каралат.
15. Калкты социалдык камсыз кылуу системасынын ведомстволук бөлүнүштөрүнүн, мекемелеринин жетекчилерине жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын эмгектин жогорку жана сапаттуу натыйжалары, өндүрүштүк планды аткаргандыгы, кесиптик жана чыгармачылык демилге көрсөткөндүгү үчүн кызматкерлерге төлөмдөргө жумшоого укук берилет.
|
| Кыргыз Республикасынын калкын социалдык камсыздоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобого тиркеме |
Калкты социалдык камсыздоо системасынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн, мекемелеринин ТИЗМЕСИ
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык медициналык-социалдык экспертизалоо борбору.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борбору.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефону" борбору" мамлекеттик мекемеси.
4. Улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдар жана чоңдор үчүн жалпы типтеги социалдык стационардык мекемелер, анын ичинде балдар жана чоңдор психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелери, майыптыгы бар балдар үчүн үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрү.
5. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси.
6. Социалдык кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салууну жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын аймактык бөлүмдөрү.