Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депуттарынын кезексиз IV сессиясы
2024-жылдын 23-июлу № 33
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө турак жай, айыл чарба жерлерине аукцион өткөрүү, жер маселелерин муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча комиссия курамын бекитип берүү жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VII чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясы» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү турак жай, айыл чарба жерлерине аукцион өткөрүү, жер маселелерин муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1) М.Бусуев- айыл өкмөтүнүн жер адиси-комиссиянын төрагасы,
2) А.Абылкасымов –айыл өкмөтүнүн юристи-комиссиянын катчысы,
3) А.Жолуев –айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү,
4) М.Джаныбеков- айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү,
5) М.Апарханов - айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү,
6) Э.Жороев - айылдык кеңештин депутаты- комиссиянын мүчөсү,
7) Ү.Юлдашев – Обком айылынын айыл башчы-комиссиянын мүчөсү,
8) Акылбек уулу Аман –Адыр айылынын айыл башчы-комиссиянын мүчөсү,
9) П.Ормонбекова –Коммунист айылынын айыл башчы-комиссиянын мүчөсү,
10) Т.Тазабеков- Алтын-Булак айылынын айыл башчы-комиссиянын мүчөсү,
11) А.Мамытова –айылдык кеңештин катчысы-комиссиянын мүчөсү.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагын өзүмө калтырам.
Төрайым |
| Г.Жороева |