Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 30-апрели № 05/2-17/114
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагымамлекеттик ишканалардын уставдарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомунун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 13-пунктунун 31-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине (мындан ары – Министрлик) караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Суу курулуш” мамлекеттик ишканасынын уставы ушул буйруктун 1-тиркемесине ылайык;
2) Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ирригациялык курулуш” мамлекеттик ишканасынын уставы ушул буйруктун 2-тиркемесине ылайык.
2. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Министрликтин суу саясаты жана ичүүчү суу менен камсыздоо башкармалыгы:
– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Министрликке караштуу Суу ресурстары кызматы ушул буйруктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.
5. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо суу ресурстары маселесин тейлеген Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басарына жүктөлсүн.
Министрдин милдетин убактылуу аткаруучу, министрдин орун басары |
| Илич Марсбек уулу |
|
| Министрликтин 2026-ж “__” ________ № ___________ буйругуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Суу курулуш” мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Суу курулуш” мамлекеттик ишканасы (мындан ары - Ишкана) чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкана уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк актыларына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп ушул Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (мындан ары — мамлекеттик башкаруучу орган) эсептелет.
5. Ишкананын аталышы:
1) Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Суу курулуш” мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие «Суу курулуш» при Службе водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
2) Ишкананын кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Суу курулуш” МИ”;
- расмий тилде: «ГП «Суу курулуш».
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттик менчик болуп саналат.
7. Ишкана толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш жүргүзөт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүмдөрдү жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды алууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык милдеттерди аткарууга, ошондой эле сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
8. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында белгиленген тартипте эсептешүү жана башка эсептерди, анын ичинде валюталык эсептерди ачууга укуктуу.
9. Ишкананын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдердеги өз аталышы бар мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка атрибуттары бар.
10. Ишкана өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
11. Ишкана өзүнүн бардык милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп берет.
12. Ишкананын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү 4А.
2-глава. Ишкананын максаттары, предмети жана функциялары
13. Ишкананын негизги максаты Кыргыз Республикасынын ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүүнү жана модернизациялоону камсыз кылуу, суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо, ошондой эле айыл чарба жерлерин туруктуу суу менен камсыз кылуу максатында суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.
14. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн предмети болуп ирригациялык жана суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо, модернизациялоо, пайдалануу жана техникалык тейлөө чөйрөсүндө иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү жана колдоо боюнча иш-чараларды ишке ашыруу саналат.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) ирригациялык системаларды, каналдарды, коллектордук-дренаждык тармактарды, гидротехникалык курулмаларды жана башка суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо, модернизациялоо жана капиталдык оңдоо;
2) ирригациялык жана суу чарба инфраструктурасынын объекттеринде курулуш, монтаждоо, оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;
3) ирригация жана суу чарба тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
4) суу ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана ирригациялык системалардын техникалык абалын жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
5) суу чарба объекттерин куруу жана реконструкциялоо чөйрөсүндө инженердик жана изилдөө иштерин жүргүзүү;
6) Ишкананын чарбалык жүргүзүү укугуна берилген негизги фонддорун, материалдык-техникалык ресурстарын жана мүлкүн натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
7) гидротехникалык курулмаларды, суу сактагычтарды, насостук станцияларды, бөлүштүрүүчү түйүндөрдү жана башка суу чарба объекттерин курууга жана калыбына келтирүүгө катышуу;
8) ирригациялык инфраструктура объекттеринде авариялык-калыбына келтирүү иштерине катышуу;
9) ирригациялык системаларды куруу жана пайдалануу тармагында заманбап технологияларды, материалдарды жана жабдууларды киргизүү;
10) Ишкананы өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген инвестицияларды, кредиттик жана башка финансылык ресурстарды тартуу;
11) Ишкананын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана анын өндүрүштүк ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
12) суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана Ишкананын ишмердүүлүк максаттарына жетүүгө багытталган башка иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү.
16. Жүктөлгөн милдеттерге ылайык Ишкана төмөнкү функцияларды аткарат:
1) ирригациялык каналдарды, гидротехникалык курулмаларды жана башка суу чарба объекттерин курууну, реконструкциялоону, модернизациялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат;
2) ирригациялык инфраструктураны куруу жана реконструкциялоо менен байланышкан долбоорлоо, инженердик-техникалык жана изилдөө иштерин жүргүзөт;
3) мамлекеттик (муниципалдык) органдар жана мекемелер үчүн суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча башкы подрядчы катары иштерди аткарат;
4) ирригациялык жана гидротехникалык курулмаларда курулуш, монтаждоо, оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин уюштурат;
5) суу чарба тармагындагы мамлекеттик жана эл аралык инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышат;
6) гидротехникалык курулмаларды, каналдарды жана ирригациялык инфраструктуранын башка объекттерин бекемдөө жана коргоо иштерин жүргүзөт;
7) ирригациялык системаларды техникалык тейлөөнү, модернизациялоону жана алардын ишенимдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат;
8) иштерди аткаруу үчүн курулуш материалдарын, техникаларды жана жабдууларды сатып алууну, сактоону, ташууну жана пайдаланууну жүзөгө ашырат;
9) Ишкананын өндүрүштүк базаларын, оңдоо мастерскойлорун жана башка материалдык-техникалык инфраструктурасын пайдаланууну камсыз кылат;
10) ирригациялык системаларды куруу жана пайдалануу тармагында адистерди даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
11) ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана инвесторлор менен өз ара аракеттенет;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ишкананын максаттарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды аткарат.
3-глава. Ишкананын укуктары жана милдеттери
17.Ушул Устав менен аныкталган милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн Ишкана төмөнкү укуктарга ээ:
1) Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, административдик ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардан белгиленген тартипте өз компетенциясына кирген милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана материалдарды суратып алууга жана акысыз алууга;
2) ирригациялык жана суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу үчүн эл аралык уюмдардын каражаттарын, өнүктүрүүчү финансылык институттардын каражаттарын, гранттарды жана техникалык жардамды белгиленген тартипте тартууга;
3) Ишкананын милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
4) ирригациялык жана гидротехникалык курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте чет өлкөлүк жана ички инвестицияларды тартууга;
5) юридикалык жана жеке жактар менен белгиленген тартипте накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө;
6) Кыргыз Республикасынын банктарында жана башка финансылык-кредиттик мекемелеринде финансылык операцияларды жүргүзүүгө;
7) кирешелердин жана чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык Ишкананын кызматкерлерине сыйлыктарды жана стимулдаштыруучу төлөмдөрдү төлөөгө каражаттарды багыттоого;
8) кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алууга, материалдык-техникалык базаны жаңылоого, ирригациялык жана гидротехникалык курулмаларды куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу иштерин жүргүзүү үчүн курулуш, инженердик жана адистештирилген техникаларды, жабдууларды жана материалдарды алууга;
9) өндүрүштүк базаны модернизациялоо, инфраструктураны өнүктүрүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын банктары менен, ошондой эле чет өлкөлүк финансылык уюмдар менен кредиттик келишимдерди түзүүгө;
10) суу чарба тармагындагы инвестициялык, инфраструктуралык, кредиттик жана гранттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн убактылуу түзүмдүк бөлүмдөрдү, долбоордук топторду жана жумушчу топторду түзүүгө;
11) ирригациялык инфраструктура объекттерин куруу, реконструкциялоо жана пайдалануу менен байланышкан иштерди аткаруу үчүн эмгек келишимдеринин же жарандык-укуктук келишимдердин негизинде адистерди тартууга;
12) суу чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жана заманбап технологияларды киргизүү үчүн чет өлкөлүк адистерди жана эксперттерди тартууга;
13) Кыргыз Республикасынын сот органдарында, ошондой эле укук коргоо органдарында өз атынан доогер, жоопкер, үчүнчү жак, арыз берүүчү же жабырлануучу катары чыгууга;
14) суу чарба жана ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча эл аралык долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу максатында чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар менен жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
15) ирригациялык системаларды жана гидротехникалык курулмаларды куруу, пайдалануу жана өнүктүрүү маселелери боюнча семинарларды, конференцияларды, форумдарды жана илимий-практикалык иш-чараларды уюштурууга жана аларга катышууга;
16) ирригациялык системаларды, каналдарды, коллектордук-дренаждык тармактарды, насостук станцияларды жана гидротехникалык курулмаларды куруу, реконструкциялоо, модернизациялоо жана пайдалануу менен байланышкан долбоорлорго катышууга;
17) суу чарба жана ирригациялык инфраструктура объекттерин куруу, реконструкциялоо, техникалык тейлөө жана оңдоо тармагында акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө жана иштерди аткарууга;
18) ирригациялык системаларды куруу жана пайдалануу тармагында консультациялык жана инженердик-техникалык кызматтарды көрсөтүүгө;
19) суу чарба объекттерин куруу, реконструкциялоо жана тейлөө боюнча иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү маселелери боюнча Суу ресурстары кызматынын жана министрликтин аймактык жана карамагындагы түзүмдүк бөлүмдөрү менен жарандык-укуктук келишимдерди түзүүгө.
18. Ушул Уставда белгиленген максаттарга жетүү жана милдеттерди ишке ашыруу үчүн Ишкана төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар жана башка заказчылар менен түзүлгөн келишимдер боюнча милдеттенмелерди так аткарууга;
2) ирригациялык жана суу чарба инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган Ишкананын комплекстүү, перспективалык жана учурдагы өнүгүү пландарын иштеп чыгууга;
3) капиталдык салымдарды, негизги фонддорду, эмгек, материалдык жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга;
4) Ишкананын өндүрүштүк-курулуш комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жана суу чарба объекттеринде курулуш, монтаждоо жана оңдоо иштеринин сапатын жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгууга;
5) ирригациялык жана суу чарба инфраструктура объекттери боюнча инженердик жана башка документтерди иштеп чыгууну уюштурууга жана аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте экспертизадан өткөрүүгө;
6) ирригациялык системаларды жана гидротехникалык курулмаларды куруу жана модернизациялоо учурунда илимдин жетишкендиктерин, заманбап технологияларды, жабдууларды жана материалдарды киргизүүнү камсыз кылууга;
кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык Ишкананын кызматкерлери аткарган иштерди өз каражаттарынын эсебинен каржылоону камсыз кылууга;
8) Ишкананын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, кайра даярдоо жана кесиптик өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
9) кызматкерлер үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылууга жана алардын ден соолугуна келтирилген зыян үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартууга;
10) кызматкерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзгөн социалдык-тиричилик жана башка шарттарды түзүүгө;
11) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга отчетторду өз убагында тапшырууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөгө;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бухгалтердик, статистикалык жана оперативдик эсепти жүргүзүүгө жана отчеттуулуктун ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга;
13) Ишканага чарбалык жүргүзүү укугу менен берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыз кылууга;
14) ирригациялык жана суу чарба инфраструктура объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо иштеринин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыз кылууга;
15) гидротехникалык курулмаларды, каналдарды жана башка суу чарба объекттерин куруу жана реконструкциялоо учурунда курулуш нормаларын жана стандарттарын сактоону камсыз кылууга;
16) курулуш-монтаждоо иштеринин сапатын, алардын долбоордук-сметалык документацияга жана техникалык коопсуздук талаптарына шайкештигин контролдоого;
17) кошумча жана күтүлбөгөн иштерге жана чыгымдарга байланыштуу маселелерди кароого жана сунуштарды киргизүүгө;
18) колдонулган курулуш материалдарынын сапатын текшерүүнү, сапат сертификаттарынын жана лабораториялык сыноолордун болушун камсыз кылууга;
19) курулуш жана реконструкция объекттери боюнча аткаруу техникалык документациясын жүргүзүүнү камсыз кылууга;
20) курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүн мониторинг жүргүзүүгө жана көйгөйлүү маселелерди аныктап, аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө;
21) ирригациялык жана суу чарба инфраструктура объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо боюнча жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого;
22) жарандардын жана уюмдардын кайрылууларына өз компетенциясынын чегинде жооп даярдоого;
23) Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Мыйзамына ылайык объекттердин иштөө режимин жана эксплуатация талаптарын камсыз кылууга.
19. Ишкананын кызматкерлери мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды, анын ичинде Ишканада ишин токтоткондон кийин мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мезгилдин ичинде сактоого, кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардын жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды сактоого милдеттүү.
20. Ыйгарым укуктуу министрликтердин жана ведомстволордун атайын уруксатын (лицензиясын) талап кылган иштин айрым түрлөрүн Ишкана тиешелүү уруксаттарды (лицензияларды) алгандан кийин жүзөгө ашырат.
4-глава. Мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясы
21. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын уставын иштеп чыгуу, Уставга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү же Уставды жаңы редакцияда бекитүү боюнча сунуштарды даярдоо;
2) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө сунуштарды уюштуруучуга киргизүү;
3) Ишкананын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
4) Ишкананын жылдык бюджетинин долбоорун макулдашуу;
5) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугунун тармактык көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу жана бекитүү;
6) Ишкананын өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын ишке ашырылышын талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) Ишкананын жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү;
8) Ишкананын жетекчисин дайындоо үчүн талапкерлерди мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизүү, аларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо үчүн;
9) Ишкананын фонддордун, ассоциациялардын (союздардын) коммерциялык эмес уюмдарынын жана (же) коммерциялык юридикалык жактардын ишине катышуусун (мүчөлүгүн) макулдашуу;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик башкаруу органынын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
22. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкү укуктарга ээ:
1) Ишкананын ишмердүүлүгүнүн тиешелүү тармактары боюнча тармактык саясат маселелерине байланыштуу көрсөтмөлөрдү берүүгө;
2) Ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулукту, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишин жана стратегиялык өнүктүрүү планын талдоо үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга жана алууга;
3) өз компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн Ишкананын аймагына барууга;
4) Ишкананын аткаруучу органынын отчетторун угууга;
5) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга Ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу, ага карата тартиптик жаза колдонуу же аны сыйлоо жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарга да ээ.
23. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Ишкананын башкаруу органдарынын өз убагында түзүлүшүн камсыз кылууга;
2) Ишкананын ишмердүүлүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелөөнү жана илгерилетүүнү камсыз кылууга;
3) Ишкананын жетекчиси жана кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө белгилүү болгон фактылар боюнча укук коргоо органдарына маалымат берүүгө;
4) Ишкананын коммерциялык же мыйзам менен корголгон башка сырларын үчүнчү жактарга жарыялабоого;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты белгиленген тартипте берүүгө.
Мамлекеттик башкаруу органы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди да аткарат.
5-глава. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
24. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананы кайра уюштуруу же жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунуштарды киргизүү;
2) Ишкананын түзүмүн жана штаттык расписаниесин макулдашуу;
3) Ишкананын жылдык бюджетин, финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчетун, ошондой эле республикалык бюджетке которулууга тийиш болгон таза пайданын үлүшүнүн өлчөмүн бекитүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүү жана мониторинг жүргүзүү;
5) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитүү;
6) Ишкананын жетекчисинин жана анын орун басарларынын ишмердүүлүгүн баалоо;
7) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына сый акы төлөөнүн тартибин бекитүү;
8) мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашуу боюнча Ишкананын жетекчисин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизүү;
9) Ишкананын жетекчисинин сунуштамасы боюнча жетекчинин орун басарларын кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу;
10) Ишкананын жетекчисине жана анын орун басарларына карата иш берүүчүнүн укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу;
11) Ишкананын жетекчиси менен түзүлүүчү эмгек келишиминин типтүү формасын бекитүү;
12) Ишкананын жетекчиси жана анын орун басарлары менен эмгек келишимдерин түзүү;
13) Ишканага таандык мүлктүн максаттуу пайдаланылышын жана сакталуусун контролдоо;
14) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына кирген башка маселелерди чечүү.
25. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкү укуктарга ээ:
1) Ишканадан анын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү жөнүндө маалыматты, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулукту, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка материалдарды, маалыматтарды жана түшүндүрмөлөрдү сурап алууга жана алууга;
2) Ишкананын жетекчисинин ишмердүүлүгүн баалоонун жана Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына Ишкананын жетекчисин кызматтан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
3) Ишкананын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун талдоонун негизинде жетекчинин орун басарын кызматтан бошотуу, ага карата сыйлоо же тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечим кабыл алууга;
4) Ишканада тышкы аудит жүргүзүүнү демилгелөөгө;
5) Ишканада ички аудит кызматын түзүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
6) Ишканага таандык мүлктүн максаттуу пайдаланылышын жана сакталуусун контролдоо максатында текшерүүлөрдү жүргүзүү жана Ишкананын аймагына баруу үчүн жооптуу кызматкерлерди ыйгарым укуктуу кылууга.
6-глава. Уюштуруучунун компетенциясы жана аткаруучу орган
26. Ишкананын аткаруучу органы болуп анын жетекчиси — Ишкананын директору эсептелет. Директор мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунуштамасы боюнча, мамлекеттик башкаруу органы сунуш кылган жана Ишкананын директорунун кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
27. Уюштуруучунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын ишмердүүлүгүнүн предметин, максаттарын жана негизги багыттарын аныктоо;
2) бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча методикалык жетекчиликти жүзөгө ашыруу, Ишкананын бухгалтердик эсептин абалын жана финансылык отчеттуулугун координациялоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталуусун контролдоо;
3) Ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү, анын ишмердүүлүгү боюнча отчетторду жана маалыматтарды алуу;
4) Ишкананы түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу;
5) Ишкана тарабынан өндүрүлүүчү товарлардын, аткарылуучу иштердин жана көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмесин аныктоо жана алардын бааларынын (тарифтеринин) прейскурантын бекитүү;
6) Ишкананын финансылык пландарын жана алардын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетторду бекитүү;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
28. Ишкананын директору төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотулушу мүмкүн:
1) Ишкананын жылдык финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча отчет каралган учурда анын ишмердүүлүгүнө канааттандырарлык эмес баа берилгенде;
2) ишмердүүлүктүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрү аткарылбаганда;
3) эмгек келишими боюнча милдеттер аткарылбаганда же талаптагыдай аткарылбаганда;
4) финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн көрсөткүчтөрүнүн начарлашына алып келген квалификациясыз аракеттер жасалганда;
5) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
29. Ишкананын директорунун компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) Ишкананын учурдагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн башкаруу;
2) Ишкананын өнүгүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планын) ишке ашыруу;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жыл үчүн бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүүгө киргизүү;
4) Ишкананын финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү жана өнүктүрүүнүн стратегиялык планынын аткарылышы боюнча кварталдык жана жылдык отчетторду даярдоо жана сунуштоо;
5) тармактык саясат маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органынын чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;
6) кызматкерлерди жалдоо жана бошотуу шарттарын, анын ичинде эмгек акы фондун бекитүү;
7) кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн бекитүү;
8) Ишкананын уюштуруучулук-тескөөчү документтерин кабыл алуу;
9) бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мекемелеринде жана ишканаларында Ишкананын кызыкчылыктарын көрсөтүү;
11) директордун орун басарынын, башкы инженердин, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана адистеринин ыйгарым укуктарын аныктоо;
12) Ишкананын кызматкерлерин жумушка кабыл алуу жана жумуштан бошотуу;
13) кызматкерлерге карата сыйлоо же тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу;
14) Ишкананын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу жана алардын аткарылышын контролдоо;
15) мамлекеттик башкаруу органынын чечимдерин жана тапшырмаларын аткарууну уюштуруу жана камсыз кылуу;
16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык өз ыйгарым укуктарынын чегинде Ишкананын финансылык каражаттарын, мүлкүн жана башка активдерин тескөөгө;
17) ушул Уставга ылайык башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
18) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын уюштуруучулук түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү.
30. Директордун төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик башкаруу органына жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана рекомендациялар менен кайрылууга;
2) максаттарга жана милдеттерге, ушул Уставга жана ишкананы өнүктүрүүнүн стратегиялык планына ылайык жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
3) Ишкананын мүлкүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ушул Уставда каралган тартипте тескөөгө;
4) Ишкананын алдында турган максаттарды жана милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик органдардан, ишканалардан, мекемелерден жана уюмдардан зарыл маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
5) коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун, ошондой эле аларды коргоонун тартибин аныктоого;;
6) Ишкананын кызматкерлерин сыйлоо тартибин аныктоого;;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
31. Директор төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик башкаруучу органдын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча Ишкананын финансылык-чарбалык иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, финансылык (бухгалтердик) отчеттун документтерин, ошондой эле Ишкананын финансылык-чарбалык ишине жана стратегиялык өнүгүү планына талдоо жүргүзүү үчүн зарыл болгон материалдарды, маалыматтарды, рекомендацияларды жана түшүндүрмөлөрдү берүүгө;
2) мамлекеттик башкаруучу органдын кароосуна чечим кабыл алууну талап кылган маселелерди киргизүүгө, ошондой эле аны Ишкананын ишинин ар кандай чөйрөсүнө байланыштуу бардык зарыл маалыматтар жана документтер менен камсыз кылууга;
3) Ишкананын кызматкерлеринин эмгегин коргоону камсыз кылууга;
4) Ишкананын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгынын өзүнө белгилүү болгон фактылары жөнүндө укук коргоо органдарына маалымдоого;
5) коммерциялык же мыйзам менен корголуучу башка сыр болуп саналган Ишкананын иши жөнүндө маалыматты үчүнчү жактарга ачыкка чыгарбоого;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын суроо-талаптары боюнча Ишкананын иши жөнүндө маалыматты белгиленген тартипте берүүгө;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык башка милдеттерди аткарууга.
32. Директордун чечимдери буйрук түрүндө кабыл алынат.
33. Директор жүктөлгөн функционалдык милдеттердин талаптагыдай аткарылышы, финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, ишкананын финансылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин максаттуу пайдаланылышы, өндүрүштө коопсуздук техникасынын талаптарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
34. Ишканада директордун орун басарынын кызмат орду каралган, ал мамлекеттик башкаруучу орган менен макулдашуу боюнча Ишкананын директорунун сунушу боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
35. Директордун орун басары Ишкананын компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга катышат, директор менен директордун орун басарынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык ага жүктөлгөн бекитилген ыйгарым укуктардын алкагында ишкананын ишин жетектейт.
36. Директор жок болгон учурда Ишкананын финансылык документтерине кол коюу укугу директордун тиешелүү буйругунун негизинде директордун орун басарына өткөрүлүп берилет.
37. Директор ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда бош кызмат ордун ээлегенге чейин анын милдеттерин аткаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык директордун орун басарына жүктөлөт.
38. Ишкананын башкы бухгалтери директор тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, ага түздөн-түз баш ийет. Башкы бухгалтер бухгалтердик эсептин тууралыгы жана Ишкананын финансылык каражаттарынын жана мүлкүнүн максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
39. Ишкананын башка уюмдар, жалданма кызматкерлер, жарандар менен болгон мамилеси чарбалык иштин бардык чөйрөлөрүндө келишимдердин негизинде түзүлөт.
7-глава. Ишкананын мүлкү, финансылык-чарбалык ишмердүүлүгү, пландаштыруу жана каржылоо
40. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Ишканага бекитилип берилет.
41. Ишкананын мүлкү негизги жана айланма каражаттардан турат жана Ишканага чарбалык жүргүзүү укугу менен бекитилип берилет.
42. Ишкана өзүнө бекитилип берилген мүлктү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана уюштуруучу тарабынан белгиленген чектерде ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу.
43. Ишкана Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсеп жүргүзөт жана финансылык отчеттуулукту түзөт. Ишкананын финансылык отчеттуулугу квартал сайын жана ар бир финансылык жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлүүгө тийиш.
44. Ишкана отчеттук мезгилден кийинки экинчи айдын 25-күнүнө чейин квартал сайын бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө отчетторду төмөнкү органдарга берет:
1) ички аудиторго (же ички аудит кызматына, эгерде ал түзүлгөн болсо);
2) Ишкананын мамлекеттик башкаруу органына;
3) мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга.
45. Ишкана өзүнүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнүн стратегиялык планына жана анын негизинде иштелип чыккан жылдык бюджетке ылайык жүргүзөт.
Ишкананын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы үч жылдык мөөнөткө иштелип чыгат жана мамлекеттик башкаруу органы тарабынан бекитилет.
46. Ишкананын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) Ишкананын максаттарынын жана ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын формулировкасын;
2) тармактын жана рыноктун сүрөттөлүшүн, Ишкана өндүргөн товарлардын (иштердин, кызматтардын) мүнөздөмөсүн;
3) Ишкана өндүргөн товарлардын (иштердин, кызматтардын) рыногунда мамлекеттин катышуусунун зарылдыгын негиздөө;
4) Ишкананын финансылык жана мүлктүк абалын баалоону;
5) товарларды (иштерди, кызматтарды) өндүрүү планы;
6) уюштуруучулук план;
7) финансылык план;
8) тобокелдиктерди талдоону.
47. Жыл сайын 1-мартка чейин Ишкананын жетекчиси мамлекеттик башкаруу органы менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
48. Ишкана жылдык финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча таза пайданын бекитилген үлүшүн, бирок кеминде 50 пайызын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын эсептик эсебине которот. Андан кийин бул каражаттар отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-апрелине чейин республикалык бюджетке багытталат.
49. Ишкананын директору жыл сайын Суу ресурстары кызматы менен макулдашылган келерки жылга Ишкананын бюджетинин долбоорун жана өткөн жылдагы финансылык-чарбалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө отчетту, анын ичинде Ишкананын бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга киргизет.
50. Ишкана салык салуу жана экономикалык маалыматтарды чогултуу жана иштетүүнүн жалпы мамлекеттик системасын уюштуруу үчүн компетенттүү мамлекеттик органдарга зарыл болгон маалыматтарды берет.
51. Кыргыз Республикасынын маалыматка жетүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте суралган маалыматтарды берүүдөн баш тарткандыгы, толук эмес маалыматтарды бергендиги же маалыматтарды бурмалагандыгы үчүн, ошондой эле отчеттуулукту бурмалагандыгы үчүн Ишкананын директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
8-глава. Ишкананын мүлкү жана финансысы
52. Ишкана чарбалык жүргүзүү укугунда же ыкчам башкаруу укугунда мүлккө ээ болот.
53. Ишкананын мүлкүн негизги фонддор жана айланма каражаттар, ошондой эле башка материалдык баалуулуктар түзөт, алардын наркы Ишкананын өз алдынча балансында чагылдырылат.
54. Ишкананын мүлкүн түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Ишканага чарбалык жүргүзүү укугу менен бекитилип берилген мүлк;
2) Ишканага бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануунун натыйжасында алынган же сатып алынган мүлк, анын ичинде кирешелер, түшүмдөр жана продукциялар;
3) чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжасында алынган кирешелер;
4) гранттар, банктардын жана башка кредиторлордун кредиттери;
5) юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу салымдары;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
55. Ишкананын өзүнүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнөн алынган кирешелердин эсебинен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардын эсебинен жаңыдан түзүлгөн, алынган же сатып алынган мүлк мамлекеттик менчик болуп саналат.
Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уставдык максаттарына жана ишмердүүлүк предметине ылайык мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын жүзөгө ашырат.
56. Ишкананын мүлкүн ажыратуу, ошондой эле аны чарбалык шериктештиктердин жана коомдордун уставдык капиталдарына салым катары киргизүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
57. Ишкана өзүнүн мүлкүн инвентаризациялоого жана анын жыйынтыктарын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүүгө милдеттүү.
9-глава. Ишкананы кайра уюштуруу жана жоюу
58. Ишкананы кайра уюштуруу бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүнүп чыгуу же өзгөртүп түзүү формасында жүргүзүлөт.
Ишкананы бириктирүү, кошуу, бөлүү же бөлүнүп чыгуу формасында кайра уюштуруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын сунушу боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын Атаандаштык жөнүндө мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте Ишкананы кайра уюштуруу жөнүндө чечим монополияга каршы орган менен алдын ала макулдашуу боюнча жүзөгө ашырылат.
59. Ишкана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте мамлекеттик мекеме же чарбалык коом болупкайра түзүлүшү мүмкүн.
Чарбалык коом, Ишкананын кайра натыйжасында түзүлгөн, эмгек мамилелери жаатында, анын ичинде бардык укуктары жана милдеттенмелери боюнча, анын мураскору болуп саналат.коомдун экономикалык жана коомдук мамилелер, анын ичинде, анын мураскору болуп саналат.
60. Ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ачык акционердик коом же жоопкерчилиги чектелген коом болуп өзгөртүп түзүлөт, анын акцияларынын (үлүшүнүн) жүз пайызы мамлекеттин менчигинде болот (акционерлештирүү).
61. Ишкана төмөнкүдөй учурларда жоюлат:
1) мамлекеттик башкаруу органынын же мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
2) соттун чечиминин негизинде.
62. Ишкананы жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Ишкананын, мамлекеттик башкаруу органынын, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана зарыл болгон учурда башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ичинен жоюу комиссиясы түзүлөт.
Жоюу комиссиясын жоюлуучу Ишкананын директору жетектейт.
63. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ал Ишкананын иштерин башкаруу жана анын мүлкүн тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот.
64. Эгерде чарба жүргүзүү укугуна негизделген жоюлуучу Ишкананын мүлкүнүн наркы кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, ал Кыргыз Республикасынын банкроттук жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте гана жоюлушу мүмкүн.
65. Ишкананын ишинин процессинде пайда болгон документтер “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пайдаланылат жана сакталат.
|
| Министрликтин 2026-ж. “__” _______________ №_______ ___ буйругуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ирригациялык курулуш” мамлекеттик ишканасынын
УСТАВЫ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы «Ирригациялык курулуш» мамлекеттик ишканасы (мындан ары -Ишкана) чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкана уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана нормаларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин түзүмдүк актыларына жана ушул Уставга ылайык жүргүзөт.
3. Ишкананын уюштуруу документи болуп ушул Устав эсептелет. Ишкананын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы (мындан ары — мамлекеттик башкаруучу орган) эсептелет.
5. Ишкананынфирмалык аталышы:
1) Ишкананын толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы “Ирригациялык курулуш” мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие «Ирригациялык курулуш» при Службе водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики
2) Ишкананын кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Ирригациялык курулуш” МИ”;
- расмий тилде: «ГП «Ирригациялык курулуш».