Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 1-июну № 78
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 3851-берене менен толукталсын:
«3851-берене. Адал индустрия чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу
1. Айыл чарба жаныбарларын багууда жана союуда, ошондой эле алардан алынган продукцияны жана чийки затты өндүрүүдө, чогултууда, кайра иштетүүдө, даярдоодо, сактоодо, ташууда жана жүгүртүүгө чыгарууда адал продукцияга карата техникалык регламенттерде жана стандарттарда белгиленген талаптарды бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Адал продукцияны өндүрүүдө пайдаланылуучу айыл чарба жаныбарлары жана балыктар үчүн тоютка карата талаптарды бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Адал продукцияга карата техникалык регламенттерде жана стандарттарда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтерсиз адал продукцияны жүгүртүүгө чыгаруу менен байланышкан бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Адал кызмат көрсөтүүлөргө карата техникалык регламенттерде жана стандарттарда белгиленген талаптарга шайкештигин тастыктоочу документтерсиз адал кызмат көрсөтүүлөр менен байланышкан бузуу –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Адал продукциянын жана адал кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин тастыктоо жол-жоболорун жүргүзүү эрежелерин бузуу, адал продукциянын жана адал кызмат көрсөтүүлөрдүн шайкештигин тастыктоочу документтерди милдеттүү жол-жоболорду жүргүзбөстөн берүү –
юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.»;
2) 465-берене «385» деген цифралардан кийин «-беренелеринде, 3851-беренесинин 3-бөлүгүндө» деген сөздөр менен толукталсын;
3) 475-беренеде «385 жана 386-беренелеринде» деген сөздөр «385-беренелеринде, 3851-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндө, 386-беренесинде» деген сездергө алмаштырылсын;
4) 494-берене «317-беренесинин 2-бөлүгүндө,» деген сөздөрдөн кийин «3851-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүндө,» деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 41 (3801) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |