Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 21-майы № 71
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 765-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилүүчү ар айлык жөлөкпул (мындан ары - "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу).";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулунун, бир жолку "Бала Береке" төлөмүнүн жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулунун өлчөмү, дайындоо жана төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
в) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы 104-берене менен толукталсын:
"104-берене. "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоо
1. "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылган жана бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу ар бир балага дайындалат.
2. Жарандар (үй-бүлөлөр) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун кошпогондо, мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алгандыгына карабастан "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун алууга укуктуу.
3. "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун дайындоо үчүн кайрылуу мөөнөтү бала төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейинки убакыттан ашпоого тийиш.";
3) 11-беренеде:
а) 1-бөлүктүн экинчи абзацында "жана бир жолку "Бала Береке" төлөмүн" деген сөздөр ", бир жолку "Бала Береке" төлөмүн жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) "үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпул, "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулу, бир жолку "Бала Береке" төлөмү жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат.";
4) 14-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9) мамлекеттик жөлөкпулдардын суммасы которулган күндөн тартып жөлөкпулду ("балага сүйүнчү", "үй-бүлөгө көмөк", "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк", "Бала Береке", "Бала ырысы") 6 айдын ичинде (ар айлык социалдык жөлөкпулду - 12 айдын ичинде) талап кылбаганда;";
б) 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун жана "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулун алуучу жарандардын (үй-бүлөлөрдүн) балдары 3 жашка чыкканда.".
2-берене.
1. "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалат деп белгиленсин.
2. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 26-майындагы № 38 (3798) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
| ||
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |