Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 367
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 661 «Электр станциялар» жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомдорун финансылык жактан чыңдоо жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун финансылык туруктуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 31-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 661 «Электр станциялар» жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомдорун финансылык жактан чыңдоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 4-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– бюджеттик кредиттер боюнча карызды ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарынан тышкары өздүк каражаттардын эсебинен 2023-жылы 1 800 000 000 (бир миллиард сегиз жүз миллион) сомдон кем эмес өлчөмдө, 2024–2025-жылдары 2 000 000 000 (эки миллиард) сомдон кем эмес өлчөмдө жыл сайын жоюуну жүргүзүү;».
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027–2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү эске алсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |