Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 25-майы № 366
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жана зергерчилик тармагында товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы № 350 «Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 297-беренесин ишке ашыруу максатында, «Бажылык жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНСти жана товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоочу субъекттердин тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНСти жана товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдуулардын жана технологиялардын, реактивдердин жана жарым фабрикаттардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНСти жана товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдуулардын жана технологиялардын, реактивдердин жана жарым фабрикаттардын тизмегинде көрсөтүлгөн зергердик өндүрүш үчүн арналган Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жабдуулар жана технологиялар, реактивдер жана жарым фабрикаттар Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНСти жана товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоочу субъекттердин тизмегинде көрсөтүлгөн субъекттер тарабынан импорттолгон шартта КНСти жана товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат;
2) чет өлкөлүк көргөзмөлөргө жана жарманкелерге катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары ташып чыгарылуучу зергердик буюмдары товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат.
3. Субъекттерди Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНСти жана товарларды чыгаруу менен байланышкан бажы органдары тарабынан бажы операцияларын жасагандыгы үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулууга тийиш болгон зергердик өндүрүш үчүн арналган жабдууларды жана технологияларды, реактивдерди жана жарым фабрикаттарды импорттоочу субъекттердин тизмегине киргизүү жана аларды андан чыгаруу ыйгарым укуктуу салык органынын сунушунун негизинде төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:
1) жеке ишкер же юридикалык жак катары арызы жана салыктык каттоосу болгондо;
2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүчү жеке ишкер же юридикалык жак катары атайын эсепке коюлганда;
3) салык төлөөчү тарабынан зергердик буюмдарды өндүрүү жана/же сатуу боюнча ишкердик иши 0,25 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде жүргүзүлгөндө;
4) салык карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат болгондо;
5) баалуу металлдар жана асыл таштар менен иштөө үчүн санитардык ченемдерге ылайык келген өндүрүштүк жайлар болгондо.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |