Редакцияот 03.06.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП РАЙОНУНУН

ТYП  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

 

Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын 

ХVI–cессиясынын

 

ТОКТОМУ

2026-жылдын  3-марты №8                                                                                       

 

Түп айыл аймагында катуу тиричилик калдыктарын

чыгаруу боюнча тарифтерди бекитүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.11.-пунктунун негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын  2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:

1.    Түп айыл өкмөтүнө караштуу “Түп муниципалдык коммуналдык

тиричилик чарбасы” мекемесинин катуу тиричилик калдыктарын (таштандыларды) чыгаруу боюнча тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:

·          Жеке жактарга:

-  бир кожолука 1 айга – 100 сом (оттун күлүн чыгаруу жумуштары ичинде);

-  багаар-көрөөрү жок жалгыз бой карыларга акысыз;

-  келишимдин негизинде 1 контейнерге – 300 сом.

·         Мекеме, уюмдарга:

-        Ар бир кызматкерге 1 жылга – 250 сом;

-        Түп райондук жалпы дарыгердик  практикалык борбору  мекемесине ар бир контейнерге - 600 сом.

·         Коммерциялык жактарга:

-        чоң соода түйүндөрү жана ашканаларга 1 контейнер алуу үчүн

1 тапшырыкка – 600 сом;

-        кичине жашылча-жемиш саткан соода жайлар жана нан бышыруучу жайлар үчүн бир айга - 500 сом;

-        кичине соода кылуучу түйүндөргө, чач тарач, павильондорго ар бир    

    жумушчу адамга 1 айга – 200 сом.

2.    Түп айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21-январындагы “Түп айыл

аймагында катуу таштанды калдыктарын чыгаруу боюнча тарифтерге өзгөртүү киргизүү жөнүндө” №17-токтому жокко чыгарылсын.

3.    Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                      А.Б.Абдымамбетов