ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХVI–cессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты №9
Түп айыл аймагында малды жайлоодо, бадада багуунун тарифтерин, мал багуу эрежелерин жана малды жайлоого көчүрүү мөөнөттөрүн бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.11.-пунктунун негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
- Түп айыл аймагында мал багуу тарифтери төмөнкүдөй бекитилсин:
· Малды багуу акысы:
- 1 бир баш койго - 200 сом;
- уйга, торпокко - 1000 сом;
- Жылкыга - 1000 сом;
- Түп айыл аймагыдагы бардык бадалар үчүн баданын акысы уй башына (букасы менен) - 500 сом.
· Жайыттарына алынган жайыт акы:
- 1 бодого, жылкыга - 100 сом,
- 1 койго – 25 сом,
2. Түп айыл аймагында малды даарылоо эрежелери төмөнкүдөй бекитилсин:
· Ветеринарлардын вакцинация боюнча аткарган иштери боюнча:
- 1 баш бодо малга - 350 сомдон;
- майда жандыкка 2 укол 50 сом кызмат акысын бекитүү жана малдардын вакцинациясын мал даарыгерлик кызматкерлери 1-майга чейин толук бүтүрүү.
3. Түп айыл аймагында мал багуу эрежелери жана ал эрежелерди бузган учурда айып пулдарды салуу төмөнкүдөй бекитилсин:
· Түп айыл аймагынын малдарын мамлекет тарабынан коюлган талапка ылайык уйларды биркалап, жылкыларга чип басып малдарды эмдөө жагын аймактагы ветеринардык дарыгерлерге тапшыруу.
· Алыскы жайлоого кѳчүп жаткан малчыларга жайыт акысын төлөп, айыл ѳкмѳтү менен келишим түзүү жагын милдеттендирүү.
· Айылда саан уйлар жана 1 баш мингич же арабакеч жылкы алып калуугауруксат берүү.
· Базда-кашарларда мал алып калып, багууга уруксаат бербөө.
· Мал багуу эрежелерин бузуп, жайлоого кошпой алып калган малдарды көчөгө
жаюууда (ар бир акты түзүлгөн сайын):
-1 жылкыга жана 1 бодого – 1000 сом;
-1 койго – 200 сомдон;
-үй канаттууларына – 100 сомдон;
-1 эшекке – 2000 сом.
· Айдалган эгин аянттарына, кѳп жылдык чѳптѳргѳ, беделерге зыян келтирилип
арыз түшкөн учурда, мал ээлерине айыл ѳкмѳтүндө комиссия курамын
түзүп, тѳмѳндѳгүдѳй айып пулдарды салуу:
Биринчи жолу зыян келтирген учурда:
- Кой, эчки – 250 сом;
- Уй, жылкы - 600 сом;
- каз ѳрдѳк, индюк – 100 сом.
Экинчи жолу зыян келтирген учурда:
- Кой, эчки - 600 сом;
- Уй, жылкы - 1500 сом;
- Каз, ѳрдѳк, индюк -200 сом.
Учүнчү жолу зыян келтирген учурда:
- Кой, эчки – 1000 сом;
- Уй, жылкы - 2500 сом;
- Каз, ѳрдѳк, индюк – 500сом.
4. Түп айыл аймагында көчүрүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй бекитилсин:
· Малдарды жайлоого көчүрүү бактысы 5-майга чейин деп милдеттендирүү.
· Белгиленген мѳѳнѳттѳ кѳчпѳгѳн малчыларга катуу кѳрүү чараларды менен
5 500 (беш миң беш жүз) сом ѳлчѳмүндө айып пул салуу.
· Күз мезгилинде жайлоодон аба-ырайына жараша 15-сентябрынан кийин кѳчүп
келүүгѳ уруксат берилсин.
· Эрте көчүп келген малчыларга мыйзам чегинде административдик чара кѳрүп жана 50 000 (элүү миӊ) сом акчалай айып пул салуу.
· Жайыттарды башка максаттарда келишим менен ижарага берилген жерлерден жана чөп чабыш аянтарынан – 700 (жети жүз сом) акысын алуу.
5. Түп айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-апрелиндеги “Түп айыл аймагынын
малдарын жайлоого көчүрүүнүн, багуунун, бадада багуунун, жазгы-күзгү жердин айдоо-себүүнүн акыларын жана малдын эгинге, көп жылдык чөптөргө зыян келтирүүсүнүн айып пулдарын бекитүү жѳнүндѳ” №48-токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
6. Токтомдун аткарылышы Түп айыл ѳкмѳтүнүн башчысына, көзөмөлгө алуу
жагы Түп айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
7. Бул токтомду массалык- маалымат каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага А.Б.Абдымамбетов