Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 25-майы № 184
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун
судьясын которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунушу боюнча токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ишин күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Самаков Нурмат Талантбекович ыйгарым укуктарынын калган мөөнөтүнө судьянын ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу үчүн Ош облусунун Ош шаардык сотунан Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна которулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |