ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
XVI-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты №14
Түп айыл аймагынын Шаты айылынын жаңы конушундагы
көчөгө ат коюуу жөнүндө
Түп айыл аймагынын Шаты айылынын жаңы конушунун тургундарынын жыйынынын протоколун талкуулап, 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37-Мыйзамынын 19-беренесине таянып,Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
- Түп айыл аймагынын Шаты айылынын жаңы конушунунаты жоккөчөсүнө Улуу Ата Мекендик согуштун ветераны, Социалистик Эмгектин баатыры Чекиров Каниметтин ысымы ыйгарылсын.
- Түп айыл өкмөтүнүн башчысы У.И.Бозгунов аталган көчөнүн юридикалык дарегин белгилеп, токтомдун аткарылышын камсыздасын.
- Бул токтомду массалык-маалымат каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү
жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеңешинин жаштар, спорт, туризм, маданият, билим берүү, социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, дин маселелерибоюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Б.Абдымамбетов