ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
XVI-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты №16
Түп айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасын
кайрадан катоодон өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.1.-пунктунун негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
- Түп айыл аймагындагы жергиликтүү маанидеги маселелерди
натыйжалуу, ыкчам чечүү максатында элге кызмат көрсөтүү боюнча тазалык, жайыт, ирригация, автокасса кызматтары биригип Түп айыл өкмөтүнүн алдында кайрадан муниципалдык ишкана түзүлүп, каттоодон өтсүн.
- Жаңы түзүлгөн муниципалдык ишкананын уюштуруучусу болуп Түп
айыл аймагынын айыл өкмөтү белгиленсин.
- Токтомду аткаруу жагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага А.Б.Абдымамбетов