КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 22-апрели № 406-VIII
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А. Маматалиев, Т.Т. Мамытов, А.Т. Түмөнбаев, Д.А. Джумабеков, Н.О. Сыдыгалиев, Т.А. Масабиров тарабынан демилгеленген «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |