ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
XVI-сессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-марты №19
Кум, шагыл карьерин ачууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.1.-пунктунун негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 2026-жылдын 26-февралындагы ХVI –cессиясы токтом кылат:
- Түп айыл аймагындагы №212-контурундагы мамлекеттик жайыт
жерлеринин жер аянтынан 3,0 га жер аянтын кум, шагыл алууга карьер ачууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов