ТҮП РАЙОНУНУН
ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХVII–cессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели №21
М.Эстебесов көчөсүндөгү 9000 кв.м. жер тилкесин
баланска кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 2,5-беренелеринин негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 16-мартындагы ХVII -сессиясы токтом кылат:
1. Түп айылынын М.Эстебесов көчөсүндөгү “Келечек” бала бакчасынын
жанында курулушу бүтпөй, бузулуп кеткен эски олимпиадалык резервдин башталгыч мектебинин 9000 кв.м. жер тилкеси Түп айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
- Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов