ТYП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
Түп айылдык кенешинин ХХIX-чакырылышынын
ХVII–cессиясынын
ТОКТОМУ
2026-жылдын 1-апрели №22
Түп райондук суу чарба башкармалыгына
административдик имарат курууга жер тилкесин
бөлүп берүүгө макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” №37 Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде Түп айылдык Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын 2026-жылдын 16-мартындагы ХVII -сессиясы токтом кылат:
1. Түп айылынын Манас №24б дарегиндеги муниципалдык жер
аянтынан Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын Ысык-Көл облусунун Түп району боюнча суу чарба башкармалыгына административдик имарат курууга 3000 кв.м. жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы
У.И.Бозгуновго, көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз
Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Тѳрага А.Б.Абдымамбетов