Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы №01-7/01
Жер тилкесин акысыз ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Жобосуна, ошондой эле Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Сокулук айылында жайгашкан «Газпром Кыргызстан» жоопкерчилиги чектелген коомунун Сокулук айылындагы газды жөнгө салуучу шкаф тибиндеги пункттарына тиешелүү муниципалдык жер участоктору боюнча ижара келишимдери акысыз негизде 5 (беш) жылдык мөөнөткө узартылсын.
2. Ушул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемировго тиешелүү буйрукту чыгаруу тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |