Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы №01-7/03
2026-жылга Сары-Өзөн айыл аймагын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин пландык бюджет, экономикалык, фискалдык саясат боюнча комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга Сары-Өзөн айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын болжолу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтү:
- 2026-жылга Сары-Өзөн айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын;
- 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү боюнча айылдык кеңешке отчет берилсин.
3. Бул токтом тиркемеси менен маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |