Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы №01-7/04
Р-16 каналына санитардык норма киргизүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Алыскы Арал айылынын Р-16 каналына санитардык норма төмөндөгүдөй бекитилсин:
o Каналдын түбү боюнча туурасы 1,0–1,5 м болгон учурда санитардык коргоочу тилкенин туурасы 4–6 м түзсүн;
o Каналдын түбү боюнча туурасы 1,6–2,0 м болгон учурда санитардык коргоочу тилкенин туурасы 7–10 м түзсүн.
2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоодон өткөрсүн жана ченемдик укуктук актыларды Мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сары-Өзөн айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.Р.Кадыркулов |