Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кабыл алынган датасы
2026-жылдын 3-июну № 514-VIII
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктун, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 20-пунктун жана 122-беренесинин 8-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлүгүнө төмөнкүлөр шайлансын:
Айбалаев Алмаз Маматович;
Жакышов Русланбек Шергазиевич;
Мамырова Бөдөш Аманбаевна;
Темирбаева Миргул Омурзаковна;
Касмамбетов Суйунбек Сапарбекович;
Лурова Лейла Хияновна;
Оторбаев Тимур Абдыкеримович;
Шайназаров Тынчтык Урайимович.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө» 2021-жылдын 30-июнундагы № 4705-VI;
– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2023-жылдын 8-июнундагы № 1249-VII;
– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2024-жылдын 5-сентябрындагы № 2333-VII;
– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 19-февралындагы № 2828-VII;
– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 19-мартындагы № 2924-VII;
– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 3435-VII;
– «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн шайлоо жөнүндө» 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 3436-VII.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |